КАТААЛ ЖАНА ҮРӨЙ УЧУРГАН ЭРЕЖЕЛЕРДИН МЕКЕНИ - ТҮНДҮК КОРЕЯ

Табышмактуу, сырдуу, дүйнөнү таң калтырган катаал мыйзамдары менен белгилүү Корея Элдик Демократиялык Республикасына саякатты сүйгөн туристтер да кыйынчылык менен барышат. Кол башчысы диктатор, социализм режими сакталып калган, өзүнүн өзөктүк куралы менен дөө-шаа мамлекеттерди сестентип турган Түндүк Корея тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүшөбүз.

Борбор шаары
– Пхеньян

Аянты – 120 миң 540 чарчы чакырым

Калкынын саны – 25 899 347 (2021-жыл)

Өлкө лидери, жогорку кол башчы – Ким Чен Ын

Валютасы – Түндүк Корея вону (100 вон = 9,42 сом)

Мамлекеттик тили – Корей тили

Мамлекеттик башкаруу формасы – Бир партиялуу парламенттик республика

ТАРЫХЫ

Корея Элдик Демократиялык Республикасы – Корей жарым аралынын түндүк тарабында жайгашкан. Түштүк тарабынан Түштүк Корея менен, түндүгүнөн Кытай, түндүк-чыгышынан Орусия, батышынан Сары деңиз, чыгышынан Япон деңизи менен чектешет. Калкынын 99 пайызы корейлер. Ошондой эле калктын басымдуу бөлүгүн атеисттер түзөт.

Корей мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы биздин заманга чейинки IV-III кылымга туура келет. Экинчи дүйнөлүк согушка чейин Корея мамлекети Япон империясынын карамагында болуп келген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССРдин көзөмөлүндө болгон түндүк тарабы Түндүк Корея, АКШнын көзөмөлүнө кирген түштүк тарабы Түштүк Корея болуп экиге бөлүнүп кеткен.

Өлкө 1948-жылы Ким Ир Сен тарабынан негизделген, ал бийликте 1994-жылга чейин турган. Ал каза болгондон кийин бийлик анын уулу Ким Чен Ирге өткөн. 2011-жылы Ким Чен Ир каза болгондон кийин анын ордун уулу Ким Чен Ын ээлеген.

Түндүк Кореядан көмүр, коргошун, вольфрам, цинк, магний, темир, алтын, жез сыяктуу кен байлыктар казылып алынат. Жаратылышы бай, эмен, жаңгак, сибирь арчасы сыяктуу өсүмдүктөр өсөт. Жырткыч жаныбарлардан жолборс, леопард, аюу, сүлөөсүн жана карышкырлар жакшы корголуп сакталган. Аталган өлкөдө 15-апрель – Күн күнү катары белгилүү, жарандар бул күнү Түндүк Кореянын негиздөөчүсү Ким Ир Сендин туулган күнүн белгилеп, анын сүрөттөрүнө сыйынышат.

ТҮШТҮК КОРЕЯ МЕНЕН МАМИЛЕСИН ЖАКШЫРТУУГА АРАКЕТ КЫЛДЫ

Экинчи дүйнөлүк согушта Япония советтик аскерлерге жеңилип, Корей жарым аралын АКШ менен Советтер Союзу экиге бөлүп алышкан. Түндүк Корея Совет өлкөсүнүн, Түштүк Корея АКШнын карамагына өткөн. Түндүк Корея 1950-жылы көбүрөөк аймакка ээ болуу максатында Түштүк Кореяга аскерлери менен бастырып кирген. “Корей согушу” аталып калган бул тирешүүдөн соң бир эл биротоло экиге бөлүнүп, толугу менен мамилесин үзүшкөн. 2018-жылы Түндүк Кореянын жол башчысы Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин көп жылдык тыныгуудан кийин жолугуп, эки өлкөнүн мамилесин жандантууга аракет кылышкан. Бирок 2020-жылы Түндүк Корея жол башчысы мындан ары эч качан түштүк кореялыктар менен сүйлөшүүгө барбаарын айтып, кошунасын өзөктүк куралы менен коркуткан. Диктатор Ким Чен Ын телеберүүдөн Түштүк Корея бийлигин ачык сындап, аларды Түндүк Кореядан качып барган активисттерди кабыл алганы үчүн айыптаган. Диктаторду качкын активисттердин Түштүк Кореяда аны жамандап кагазга жазып, шарга байлап учурган жоругу кыжырданткан.

ТУРИСТТЕР ЭРКИН ЖҮРӨ АЛБАЙТ

Чет элдик туристтер өлкө аймагында өз алдынча каалагандай жүрө алышпайт. Туристти бийлик тарабынан бекитилген атайын гид коштоп жүрөт. Гид уруксат берген жерлерди гана сүрөткө тартууга болот. Эске салсак, 2016-жылы 23 жаштагы америкалык студент Түндүк Кореяга туристтик команда менен барып, мейманканадагы плакатты жулуп алгандыгы үчүн 15 жылга эркинен ажыратылган. Бирок АКШ бийлигинин кийлигишүүсү менен ал бошотулуп, өз мекенине кайтып келгенден көп өтпөй каза болгон. Мунун себебин туугандары ал түрмөдө жатканда оор шарттан улам ооруп калганы менен түшүндүрүшкөн.

ТҮНДҮК КОРЕЯ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Өлкөдө улуу жол башчы Ким Чен Ындын аты-жөнүн ким туура жазса, ошол сабаттуу деп эсептелинет.
  • Каалаган динди тутунуу кооптуу, айрыкча христиан динин кармангандарды "батыштын идеясын үгүттөйт" деп жаман көрүшөт.
  • Аптасына 6 күн иштешет. Ал эми жекшемби күнү корейлер ыктыярчы болуп, мекен үчүн кызмат кылышат.
  • Ар бир үй-бүлө сыналгысын тиешелүү органдар тарабынан каттатышы керек. Анда 4 эле канал көрсөтүлөт (өз өлкөсүнүн тарыхын жайылтуу, спорттук иш-чаралар, чукул кабарлар, билим берүү тармагындагы кабарлар),
  • Каалаган маалыматты интернеттен окуп алууга мүмкүн эмес. "Кванмён" деген жергиликтүү интернет тармагы бар, ага алдын ала текшерүүдөн жана иргөөдөн өткөн маалыматтар чыгат.
  • Расмий маалыматтарга таянсак, Түндүк Кореяда көзгө чөп салуулар жана никесиз төрөлгөн балдар катталган эмес. Сүйүүгө болгон мамиленин да эрежелери иштелип чыккан. Мамлекет жараны биринчи мекенин жана улуу жол башчы Ким Чен Ынды сүйүп, анан жарын, балдарын сүйүүсү керек.
  • Оор кылмыш кылган жарандар үчүн өлүм жазасы киргизилген. Өлкө аймагында жаза өтөө мекемелери расмий “кайра тарбиялоо борбору” деп аталат. Ал жактагы жашоо шартты батыш басылмалары сталиндик жана гитлердик кыйноо лагерлерине салыштырышат.
  • Жылына 20 миңдей түндүк кореялык жаран өлкөсүнөн чыгып кетүүгө аракет жасайт. Өлкөнү таштап кетүүнү каалагандардын көпчүлүгү аялдар, алар көбүнчө сойкулукка барууга мажбурланганын айтышат.
  • Түндүк Корея аскер кубаты боюнча дүйнөдө 4-орунда турат. Өлкөдөгү ар бир төртүнчү жаран аскер кызматкери.
  • Электр энергиясын үнөмдөө үчүн түнкүсүн жарык өчүрүлөт, өлкө лидерлеринин эстеликтери турган жердеги жарык гана өчүрүлбөйт.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-11-22 11:21:51
Шүгүр кылалы.Ар бир адам өзүнө жоопкерчиликти алып бузуку саясатчынын курмандыгы болбошу керек.
+6
kkkk3259780
2021-11-23 08:22:51
СССРди энсегендер ошол жака боса болот.
+3
asankulov12
2021-11-23 12:42:27
Орустар бар жерде онугуу болбойт
+7
Erlan_95
2021-11-23 16:46:02
asankulov12, Мен да ошентип ойлоп калдым))
+3
Asmat84
2021-11-24 12:14:53
Кудай болуп алган го.
Орустар бар жерде эч качан өнүгүү болгон эмес булар каалашпайт өнүгүшүн. 2- дүйнөлүк согуштан кийин немистерди да экиге бөлүп алышкан эмеспи ошондо орустар бөлүп алган жагы өнүкпөй кийин бөлгөн дубалын бузуп Германияга кошулуп кеткен. Корейлер деле түштүгү түндүгү болуп кошулуп калышса жакшы болмок дүйнөдөгү эң чоң держава болмок. Ошондуктан биз да түндүк түштүк дебей биз кыргызбыз деп жүрөгүбүз соксун
+4
XATSAN125
2021-11-25 02:57:23
Ит экенго а
+4
№ 989, 18-24-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан