ЭМНЕ ҮЧҮН БАЛА ТҮНҮ ЧЫРГООЛОНОТ?

1-3 жаштагы балдарда түндө туруп алып чыргоолонуп “капризин” көрсөтүү адаты кездешет. Тили чыккандары айтып ар нерсеге жумшаса, тили чыга электери колу менен жаңсап “муздаткычты ач”, “сыналгыны иштет”, “суу бер” деп кыйнайт. Бул курактагы балдардын мындай чыргоолугу эмнеден улам болушу мүмкүн? Бул жаатта психолог-адистердин түшүндүрмөсүн сунуштайбыз.

БАЛА ОЮНДАГЫСЫН АТКАРТУУ ҮЧҮН ЧЫРГООЛОНОТ

Психологдор адатта балдар көбүнчө оюндагысын ата-энесине аткартуу үчүн чыргоолонот дешет. 3 жашка чейинкилер ыйлап, чатак чыгарып, полго жата калып, жер тепкилеп, кыйкырып ыйлап, оюнчуктарын, кийимдерин чачып ыргытып өзүнө көңүл бурдургусу келет. Баланын мындай жоругу эмоциясын башкара албаганынан улам болот. Мисалы, 4 жаштан жогору балдар оюн сөз аркылуу түшүндүрүп, эмнени каалап жатканын айта алышат. Ал эми 1-3 жаштагы балдардын сүйлөө речи толук калыптана элек болгон үчүн оюндагысын, ичиндеги каалоосун толук, так, даана түшүндүрө албаганынан улам чыргоолукка барат дешет. Баланын чыргоолугунун себеби – анын кызыкчылыктары чоңдор койгон талапка төп келбей калганда пайда болот. Бул чыргоолуктун эң эле жөнөкөй себеби. Ал эми түнү туруп алып кыйкырып ыйлабай деле “сыналгыны иштет”, “терезени ач”, “оюнчуктарды чачам”, “суу ичем” деп белги берип, айтканын кылсаң бир аз ойноп, суу ууртап коюп эле кайра башка нерсени көрсөтүп, ошону аткармайынча уктабай жүрө берген учурлар да болот. Бала өзү эмнени каалап жатканын түшүнбөйт. Психологдор бул жагдайда бала ата-энесинин өзгөчө мээримине, камкордугуна мажбур болуп жатканын айткысы келип жатканы менен түшүндүрөт. Адатта ата-энесинин жумушу көп болуп, балага жеткиликтүү көңүл бурулбай калганда ал ар кандай түшүнүксүз жоруктарды кыла баштайт дешет.

БАЛА КАНДАЙ УЧУРДА ЧЫРГООЛОНОТ:

  • Бир нерсе оюндагысындай болбой калса;
  • Өтө берилип ойноп жаткан жеринен алаксытканда;
  • Ашыкча чарчаганда;
  • Ата-энесинин көңүл буруусу, мээрими жетишпегенде;
  • Кабатырланганын, көңүлү чөгүп турганын сөз аркылуу жеткире албай калганда.

КАНТИП ЧЫРГООЛУКТУН АЛДЫН АЛАБЫЗ?

Эгер бала такай ызы-чуу кылып ыйлай турган болсо, анын жүрүм-турумун, бир күндүк режимин байкоо зарыл. Ата-эне баланын чыргоолугу менен кантип күрөшүш керектигин эмес, кантип алдын алса болорун билиши керек. Төмөнкү ыкмалар менен аракет кылып көрсөңүз болот:

  • Бала толук кандуу эс алышы керек, айрыкча түшкү уйкусун көзөмөлдөө зарыл, ашыкча чарчатпаңыз;
  • Бардык табигый муктаждыктары аткарылышы керек (тамактануусу, суу ичүүсү, уйкусу);
  • Ойногонго кенен убакыт бериңиз;
  • Өзүн чоң адамдай сезүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз. Мисалы, өзү кийинсин, өзү төгүп-чачып тамак жесин, конструктордон үй жасасын, тепкичтен өзү түшсүн, а сиз байкап, бир нерсе болсо кармап, сүйөп калууга даяр туруңуз;
  • Чоң адамдардай сүйлөшүңүз, ысыкты “па-па”, момпосуйду “ка-ка”, горшокко отурганды “кых кылабыз” деп үйрөтсөңүз тили ошентип чыгат. Ар бир буюмду өз аталышынан айтсаңыз бала да өзүндөй айтканга үйрөнөт.

АШЫКЧА ЧЫРГООЛУК НЕВРОЛОГИЯЛЫК ООРУГА АЛЫП КЕЛЕТ

Эгер бала күн сайын жатарда ыйлаганды адатка айлантып, ызы-чуу сала берсе, такай кайталануучу мындай көрүнүш агрессивдүүлүккө алып барат, неврологиялык ооруну козгойт. Мындай учурда сөзсүз түрдө неврологго кайрылышыңыз керек болот. Бала тынымсыз ыйлай берсе эсин жоготот, алсырайт, кусат.

Чолпон Сманова, психолог: “ЭНЕНИН ПСИХО-ЭМОЦИОНАЛДЫК АБАЛЫ ТУРУКСУЗ БОЛСО ДА БАЛА ЧЫРГОО БОЛОТ”

– Баланын түн уйкусу бузулуп чыргоо болсо, биринчи ооруган жокпу, ысытмасы жокпу, ичи ооруган жокпу, текшериш керек. Эч жери оорубай эле чыргоолоно берсе, анда себепти энесинин психо-эмоционалдык абалынан издеш керек. Анткени бала энесинин абалын жакшы сезет жана анын эмоционалдык абалы балага түздөн-түз таасир этет. Балага уктаар алдында ачык эмоция тартуулаган, коркунучтуу мультфильмдерди көрсөтпөш керек. Себеби баланын нерв системи, психикасы толук калыптанган эмес, андыктан ал мультфильмдеги сюжеттин баары баланын түшүнө кириши ыктымал. Бизде айрым ата-энелер таң эртеден түн жарымга чейин баласын чоң ата, чоң энесине, жакындарына таштап коюп иштешет. Бала ата-энесин күтөт, кечинде жумуштан келгенде сөзсүз аны менен ойноп сейилдеш керек, балага бул нерсе абдан керек. Ата-энесинин ушундай көңүл буруусунан кол жууп калган балдар да ыйлаак, чыргоо болуп калышат.


Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 989, 18-24-ноябрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан