Сакал-мурут өстүрүүнү – погонотрофия, аны изилдөөчү адамды – погонологист десе, сакал өстүрүүдөн коркууну – погонофобия деп аташат.
Эң узун сакал Вашингтондун тарых музейинде сакталган. Анын узундугу 5,3 метр, ал норвегиялык Ханс Лангсетке таандык. Бул рекорд 1927-жылы катталган.
Социологиялык сурамжылоо боюнча, сакал-муруттуу адамды көпчүлүк даражалуу, олуттуу адам деп элестетишет. Бирок “Форбстун” тизмесине катталган эң бай адамдардын 90 пайызы сакал-мурутсуз.Асел Ишенбай кызы