– Апа, кол телефонуңду берип турчу.
– Эмне кыласың?
– Ой, берип турчу, жеп албайм, бирөөгө чалып эле берем!
Бул кызым экөөбүздүн таң атпай чай ичип отургандагы диалогубуз. Акыркы күндөрү эне-бала катары такыр жай сүйлөшүп отура албай калдык. Кылган жумушу кечке телефондон бирөөлөрдү коркутуп-үркүтүп башка бирөөлөргө акча өндүрүп бермей. Жакында тааныштардан уктум, кызым карыздар адамдардын карызын өндүрүп берген кызматы үчүн акы алып иштейт экен. Жашы 21де. Калп айтып, жатаканада чогуу жашаган курбуларынын буюмдарын уурдап кетип калат экен. Алар мага чалып “кызыңыз буюмдарды төлөп бербесе милицияга арыз жазабыз, социалдык тармактарга сүрөтү менен чыгарабыз” деп коркуткандан тажабады.
Кызым, Назгүл, мен сени канатыма калкалап, көлөкөдө бактым эле. Кантип азыркы куу, шумпай, ууру кызга айланганыңды түшүнбөй отурам. “Эмнеден жаздым, кайсы жерден ката кетирдим?” деген суроого жооп таба албай башым маң.
Назгүл менин тун кызым, андан кичүү 2 иниси бар. Кичинесинен эч нерседен кем кылбай, кием дегенин кийдирип, ичем дегенин ичирип чоңойттум. Баары ал 14кө чыкканда башталды. Башка айылдан жаңы окуучу кыз келген, Назима деген. Ал кыз теңтуштарына көп жаңы “өнөрлөрдү” үйрөтүптүр. Назимага курбу болгондон баштап кызымдын “дискотекага барып келейин, тиги курбумдун туулган күнүнө барып келейин” деген сурануулары көбөйдү. Кошуна жашаган абысыным келип “жеңе, кызыңызды абдан эркин чоңойтуп жатасыз, катуураак кармаңыз, кечээ Назимага кошулуп алып параллель класста окуган кызды сабап салышыптыр” деп келди. Ооба, ал кызды Назгүл менен кошо 4-5 кыз токмоктоп анын энеси үйгө чейин догурунуп келди. Эне экенмин, чыдадым, уктум, анын сөздөрүнө жер катуулугунан гана туруштук берип турдум. Кызымды чакырып алып:
– Назгүл, бул эмне кылганың? Элдин бетин кантип карайм?
– Апа, мен эмес, кыздар болуп сабаганбыз,- деп кутулдуң.
Кыз балага өтө көп эркиндик деле жарашпайт окшойт. Кызымды сабап, үйгө кулпулап кеткен күндөрүм да болду. Анда да терезени талкалап ачып, качып кетип калган. Айтор, эркек баланын өткөөл курагы кандай өтсө, кыз баланыкы андан кем эмес өтөт экен. Мейли, өткөөл куракта каалаганын кылып алсын деп тим койдум. Учурда жашы 21де, токтолгон жок, “курбусуна насыя алып берип, төлөбөй жүрөт” деп банк кызматкерлери үйгө чейин келишти. Жатаканада жашагандыктан үйгө эс алуу күндөрү эле келет. Кызымдын келечеги кандай болот? Минтип жүрсө темир торго түшүп тагдыры талкаланабы деп корком. Өзүм билген тарбиянын баарын колдондум, болгон жок. Жакшы айттым, жаман айттым, алдап кымбат кол телефон алып бердим, урдум-сабадым... Өөх, чарчадым! Бала тарбиялоо кандай кыйын экенин жон терим менен сезип отурам. Мындай тентек, энесинин сөзүн укпаган, көчө кызына айланып калган бойдок кызга кандай чара көрүш керек?..
Айжан