АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Ой, жо-ок, болбойт да. Биз ушунча аракет кылып, досубузду үйлөнтөлү десек, Айдай, бул эмне дегениң?
– Сени шаарга жалгыз жиберсек, точно, башкалар илип кетишет. Айылыбыздын айдай сулуу кызы өзүбүзгө эле калганы жакшы. Давай, көп сөздү токтоткула. Жеңелерге айталы. Кызды алып кирип берсек, калганын ошолор бүтүрүшөт.
Керим деген бир ала көөдөн бала бар эле. Ошол мени так көтөрүп алмакчы болуп жүткүнүп калды. Азыр тыбырчыласам да, бакырып-өкүрүп ыйласам да, тиштеп-тепсем да буларга баары бир алым жетпейт.
– Керим, мени көтөрүп убара болбой эле кой, айланайын. Өзүмдүн бутум бар, колум бар. Өзүм баса алам. Өзүм эле кирем.
Менден муну күтүшпөгөн экен, балдар аңкайып эле туруп калышты. Тиштене баарынын алдына түштүм да, түптүз басып Айдардын үйүнө кирип бардым. Жоолугун камдаган энеси бир бурчта, мени отургузууга кам көргөн жеңелери бир бурчта турушуптур.
– Апалар, жеңелер, ачыгын эле айтып коёюн, жоолук салып, кийинтем деп убара тартпагыла. Кийбейм. Отурбайм дагы. Мынабу жигиттер менен тартышып отургум келбей, ызы-чуу, чатак да салгым келбей үйүңөргө өзүм кирдим. Атам келгиче бириң да жаныма жолобогула!
Ушуну айтып, бурчтагы стулга отуруп алдым. Тигилер чогулуп жоолук салалбай же чыгып кете албай селдейип турушат. Айдардын ичи бышып кетти.
– Апа, эмнени күтүп турасыз?
– Балам, кыз менен макулдашып алып келдиңер беле?
– Ээй, Айниса эже, качан эле кыздар өзүмдүн көңүлүм менен келдим демек эле? Сиз да кызыксыз.
– Билбейм, азыр, атаңар менен акылдашалычы.
Колундагы жоолугун бооруна кыскан боюнча жүгүрүп чыгып кетти. Артынан кыжына Айдар, анан достору жөнөштү. Шуулдаган бир-эки жеңеси жаныма келди эле жүз багып сүйлөшкүм келбеди. Алар да деми сууй томсоруп отуруп калышты. Мындай аңдышуу канчага созулганын билбейм. Же мени үйгө алып барып ташташпайт, же атамдарды чакырышпайт. Өздөрүнчө эле будуң-чаң. А менин курсагым ачты. Күлкүлүү, ээ? Ушунчалык курсагым ачып, шилекейим куюлуп отурдум. Аягында чыдабай кеттим. Жанымда кароолчу болуп эки бала отурган. Ошолордун бирин Айдардын атасын чакырып кел деп кубаладым. Аялдар майда сөздү сүйлөй берип тажатышат. Эркек деген бир сөз болот. Анын үстүнө Айдардын атасы абдан кадыр-барктуу, салабаттуу киши. Менин сөзүмө кулак төшөйт. Чечимди да ушул киши чыгарат. Ошондуктан ушул кишиге сөздүн ачыгын айтып, кетким келди. Ал кишини күтүп отургам, анан ким кирип келди дебейсиздерби? Жо-ок, Арстан эмес. Ал Москвада жүрсө, кайдан? Ажар менен Айдардын апасы киришти. Экөө жылмайыша жетелешип алышканын көрүп эле көңүлүм жамандыкты сезди.
– Биздин кызды түндө эле алып келген экенсиңер, ушунча убактан бери кабарын билдирбей катуу бушайман кылдыңар. Эми баарыңар чыгып тургула, мен кызым менен сүйлөшүп алайын.
Ажар бөлмөдөгүлөрдү тышка чыгарып, эшикти жаап, ичинен илип да койду. Анын көз карашы негедир башкача туюлуп, ичим муздап кетти.
– Отур, элеңдебей, жай отуруп сүйлөшөбүз!
Мына сага! Өмүрү тик карап катуу сүйлөбөгөн бул аял да мага кыйын боло баштадыбы? Суроолуу тигиле отур деген жерине отуруп калдым.
– Эшигиңерге келгениме алты жылдан ашты. Ушул жылдар ичинде сага бир ирет жаман кеп айтып же акыйып караган эмесмин. Коркконунан ушинтет десең, жаңылышасың. Сенден корко турган жайым жок...
Арстаным артымдан келгенден бери экөөңдүн мамилеңерге сырттан көз салып, такыр аралашпай келдим. Бирок... Сен Арстанымдын теңи эмессиң. Сен үчүн карайлап ушул айылда, карьерадан баш тартып калып калышын каалабайм. Андай кылышына жол да бербейм!
– Муну менен эмне айтмакчысыз? Айдарга аял болуп кала бер деген турасызбы?
– Сөзүмдү бөлбө, мен айтып бүтө элекмин. Окууну бүтөрүң менен Арстан сени Москвага алып кетем деп камданып жүрөт. Ал жакка барбайсың. Же Айдар менен каласың, же дагы бирөө бар, сен аны жакшы тааныйсың, ошого турмушка чыгып, анан окуу-мокууну ойлонуштурасың. Айтканыма көнбөсөң...
– Ии, көнбөсөм эмне кыласыз?
– Атаң экөөң кандай күнгө туш болоруңарды элестете да албайсың. Биринчиден, атаң Арстанга турмушка чыгышыңа макул болбойт. Сен жалгыз кызы болгонуң менен, Арстанды да уулум деп билет.
Буга да токтобосоң, атаңды таштап басып кетем. Жөн кетет экен деп ойлобо, эл алдында абийириңди төгүп, анан кетем. Билесиң, шаарда үйүм бар, талаада калбайм. Атаң болсо баягы таз кейпине түшүп, кайра ичип кетет. Ошону кааласаң, анда өзүң бил.
– Болду, токтот!
Кандайча колум көтөрүлүп кеткенин байкабай калдым. Ажарды жаакка шак чаап жиберип, бозоруп туруп калдым. Жаагынын түгү чыга кадимкидей кызарып кетти.
– Билгем. Ичиңде котур ташың катылуу экенин сезип жүргөм. Бир күнү болбосо бир күнү чыныгы жүзүң ачыларын сезгем.
– Сезип жүргөн болсоң андан да жакшы. Танда, атаң же...
Ушул маалда көз алдыма атамдын сөгүнө жерде оонап жатканы тартыла калды. Бир жолу ичип жүрүп түн бир оокумда келген атам үйгө кире албай дарбазага кире бериште оонап жыгылып калган. Чоң үйдө жалгыз коркуп, дирилдеп ыйлап отуруп, атамдын добушун уга калып эшикке жүгүрүп чыккам. Тырмактай кыздын алы чоң кишиге кантип жетмек эле? Аны колунан тартып тургузам деп тырмышам. Же ордунан козгой алсамчы. Солкулдап ыйлап алгам. Ошондо экөөбүз бир саатча алышканбыз. Билбейм, кошунабыз Гүлүм эже чыгып калбаса ошентип таң атырар белек? Ал бизди көрүп, күйөөсүн ойготуп, ошол киши атамды урушуп жатып үйгө киргизген. Эшикте тура берип тишим-тишиме тийбей калчылдап үшүп калган экенмин, Гүлүм эже коюнуна тартса апамды эстеп сагынып, өпкө-өпкөмө батпай солкулдап ыйлагам. Атам да апамды эстеп каңырыгы түтөп, мас неме үйдү башына көтөрө ыйлаган. Ал күндөрдү кантип унутайын? Атам бечаранын башына дагы ошондой күндөр түшөбү? Ажардын айтканынан кайтпасы көрүнүп турат. Анда Арстандан баш тартамбы? Кудай, ай, мынча эмне кыйнадың? Жок, Айдай, азыр өзүңдү аяп, көзүңдү жашылдантып ыйлап отура турган заман эмес. Азыр туура чечим кылбасаң, бир өмүр өкүнө турган болосуң!
– Канчалык каршы болбогула, баары бир Арстандан баш тартпайм. Эмне үчүн уулуңузду эмес, мени кысмакка алып жатасыз? Ушундай оюңуз бар экен, балаңызга айтпайт белеңиз?

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Akjol
2010-11-26 22:23:20
Азаматсын Айдай эркек кыз экен,эми эптеп чыгып кетсе болду.Айдар лох экен.
0
meerime
2010-11-27 02:43:12
Aidarga okshogon baldardyn aiynan kancha degen kyzdardyn tagdyry bir omur talkalanyp jatat..
0
inna
2010-11-27 07:36:18
Koburook jazsanar. PLZ Je kaisil kitepten alingan owonu aytip koigulachi...............
0
MEN AND SEN
2010-11-27 14:31:41
Менин бир досумду да Айдарга окшогон бироосу качырып кетип, досум менен жашай албай ажырашып кетишкен. Досумдун убалына калды. Балдар, кыздардын конулун бир муздатып алсанар эч качан жылыбайт! Так что абайлагыла!
0
Paulina
2010-11-28 01:27:59
Супер Инфо гезити , мен кантип " Айдай" сериалын интернеттеги китебин сатып алсам болот?
0
Erkem
2010-11-29 17:32:28
Ажар баари бир огойлугун кылат экен да.
0
aybeka
2010-11-30 18:37:18
узун эле кылып жазсанар
0
№ 421, 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан