Талант Карагулов, “Сармердендин” эрке баласы: “ЖАШООДО ДА ЭРКЕМИН, УЛУУ-КИЧҮҮ ДЕП ЫЛГАБАЙ ЭРКЕЛЕЙМ”

Оозунда сөзү бар, тилинде мөөрү бар “Сармерден” көрсөтүүсүнүн эрке баласы Талант Карагулов менен маек курдук. Чечендиги, шайыр жеңелер, кошумча өнөрлөрү, жеке жашоосу тууралуу ушул маектен окуй аласыз.

– Саламатсызбы, Талант мырза? Учурда эмне менен алектенип жүрөсүз?

– Саламатчылык. Жакынкы убактарда Жаңы жылдык көрсөтүүлөр башталат. Ошого акырындан камылга башталды.

– Сизди “Сармердендин” алып баруучусу, тамада катары тааныйбыз. Дагы кандай өнөрлөрүңүз бар?

– “Жигитке 70 өнөр аздык кылат” дегендей айтып жатасыз да, ээ? Комузда, аккордеондо, чопо чоордо ойнойм. Андан тышкары жыгач устачылыкка кызыгам. Чоң аталарым колунан көөрү төгүлгөн чебер уста болушкан. Аталардан уютку калса керек, жыгачтан буюм жасоого далалат кылып жүрөм. Комуз, ээр, бешик чапканга аябай ынтызармын. Башкача комуз ойлоп таап чапсам деген оюм бар. Буга чейин кичинекей комуз, ыңгырчак чаап көрдүм, окшошту. Ыңгырчак деген өгүзгө, уйга, топозго токулчу ээр.

– Сонун, азаматсыз. “Сармерден” сизге эмне алып келди?

– “Сармерден” өнөрдү туу туткан кыргыз элине чоң ачылыштарды алып келди. Көптөгөн өнөрлүүлөрдүн өнүп-өсүшүнө өбөлгө болду. Көптөгөн элдик таланттар бул долбоор аркылуу өнөр жолуна кадам коюшту. Жеке өзүм үчүн айтсам, өзүңөр байкагандай, мага Талант деп эмес, эрке бала деп кайрылышат. Эрке бала деген жаңы ысым алып келди. Аздыр-көптүр атак-даңк, көптөгөн досторду, ырыс-кешик алып келди. Өнөрүмдүн өнүгүшүнө түрткү болду.

– Чечендигиңиз тууралуу сурагым келди. Дээриңизде барбы же бул да көп аракетти талап кылдыбы?

– Аракет да кылдым. Бирок тааныш-туугандар “Талант баланча жашында эле ушундай сүйлөчү” деп калышат. Азыр кээде эстеп калам, мектепте окуп жүргөндө эле ушундай сүйлөчүмүн. Студент кезде Лакапчы деген каймана атым бар болчу. Бул көрөңгө чоң аталардан калган. Улуу адамдар макалдатып сүйлөп сөздүн устасы болот эмеспи. Аталардын сөзүн угуп жүрүп ушундай болдум окшойт. Куйма кулакмынбы деп коём, кичинемде улуулардын сөздөрүн жаттап калчумун. Уккан жомогумду дал өзүндөй кылып, кээде өзүмдүн ой-чабытымды кошуп дагы да көркөмдөп айтып бергенге аракет кылчумун.

– Берүүлөргө кандай даярданасыз?

– Жумуш көп да, басып-туруп жүрүп эле даярданам. Өзүнчө көңүл буруп, астейдил мамиле жасап даярданганга деле убакыт бөлөм. Бирок өзүнчө бөлмөгө камалып, тынчтык издеп, жагдай издеп даярдануу жок. Кошул-ташыл эле болот, ошол мага жагат. Кээде жолдо баратып даярданам, шарт ошондой болуп калат.

– Жасаган ишиңиз купулуңузга толбой калган учур болду беле?

– 5 жыл мурун атам өтүп кетти. Андан бир жума өтүп-өтпөй эфир болуп калды. Эфир күн мурун даярдалат да, баш тарта албайсың. Жоготуу деген кыйын нерсе. Атанын орду укмуш да. Ошондо кайгы тартып жатып мукактанып, бөксө жерим толбой кыйналып телеберүүнү алып баргам. Кайгыны билгизбей алып барганга аракет кылгам. Бирок жан дүйнөм буркан-шаркан болуп, ал кыйынчылык өзүмө сезилген. Башка мезгилде “Сармерден” күрпүлдөп аккан дайрадай. Күпүлдөп Манас айтылып, шартылдап комуз чертилип жатса, булбулдар сайрап жатышса канагат аласың, керемет дүйнө табасың.

– Гүлзат Батырканова, Гүлбү Ороскул кызы, Анара Шайымкулова, 3 шайыр жеңе менен иштештиңиз. Ар биринин өзгөчөлүктөрү бар да, айта кетсеңиз...

– Үчөөнүн орду үч башка, биринен бири ашат. Баары мага бирдей, анткени баары өнөрдү кастарлайт, баары “Сармердендин” туусун желбиреткиси келет, макал-лакап айтып, ырын ырдап, сезимди элжиреткиси келет. 3 шайыр жеңенин тең “Сармерденге” кошкон салымдары, өнөргө кошкон эмгектери бар. Келбес сапарга кеткен адамдардын ордун эч ким толуктай албайт. Аларды эстегенде жүрөк ыйлайт. Жаркылдап-жайнап кашыңда отурса, эрке бала деп эркелетип турса жаман беле?

– Жеке жашооңузга кезек берсек...

– 3 баланын атасымын, 2 кыз, 1 уулум бар. Улуу кызым 8-класста, кийинки кызым 6-класста, уулум 3-класста окуп жатат. Үйдө тамашакөй, шайыр-шатманмын. Эрке бала деген ат мага туура коюлган. Улуу, кичүүнү ылгабай эркелейм. Апама кандай эркелесем, досторума да, балдарыма да ошондой эркелейм.

– 19 жашыңызда баш кошуп, эрте ата болдуңуз. Эрте үйлөнүү тууралуу кандай ой айта аласыз?

– Эрте үйлөнгөнүмө кубанам. Анткени балдарым бой тиреп жеңилди жерден, оорду колдон алып калышты. Жамандыктан башкасынын баары эрте болгону жакшы делет да. Турмушту эрте баштаганымды өзүмдүн эрдигим деп билем. Азыркы жашоом, үй-бүлөм, балдарым үчүн Кудайга, андан кийин өзүмө ыраазы болуп кетем.

– Балдарыңыз чыгармачылыкка жакынбы?

– Улуу кызым Акылай кичине кезинен эле журналист болом дейт. Ыр жазат. Алтынай кызым Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте билим алат, скрипкада, фортепианодо ойнойт, комуз чертет, ырдайт, бийлейт. Өнөр адамы болот, буюрса. Айкөл уулум Манас айтат. Манас жөнүндө сөз болуп жатса ичкен ашын, ойноп жаткан оюнун токтотуп коюп келип аралашып, кайсы окуя жөнүндө болуп жатса ошол тууралуу тереңдетип сурайт. Баладай болуп жаттап алган Манасты ошол кыраат, ошол обон менен эле айтпай, обонун өзгөртүп айтат. Манасчы болот деп ойлойм, ошентип тилек кылам. Ыр жазат, ырдайт. Балдарым таланттуу.

– Бир саамга сыйкырчы болуп калсаңыз, эмнени өзгөртмөк элеңиз?

– Эгерде сыйкырчы болуп калсам, эң биринчи адамдарга өмүр тартууламакмын. Адам үчүн байлык, баа жеткис бийиктик эмне? Өмүр, ден соолук. Бир эле саатка же көз ирмемге мүмкүнчүлүк берилсе дүйнөгө тынчтыкты орнотуп, адамдарды ооругус, муңайгыс кылып сыйкырлайт элем. Азыр ооругандар көбөйүп жатат. Кандай адам болбосун ден соолук тилейм – бул биринчи байлык. Убакытты токтотуп, өмүрдү узарта турган мүмкүнчүлүк болсо колдон чыгарбайт элем.

– Өнөрүңүз дагы да өркүндөй берсин. Маегиңизге рахмат.

Перизат Музуратбекова

 Кыстарылган видео 
Талант Карагулов: "Сармерденде көксөөгө толбой калган бир учур болгон"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 990, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан