БИР БҮРКҮМ. АБА ЫРАЙЫ КЕСКИН ӨЗГӨРӨТ...

  • Ош шаарына перинаталдык борбор курулары айтылды.
  • “Сапат” билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандыны камакта кармоо мөөнөтү узартылды.
  • Журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө айыпталып 17 жылга эркинен ажыратылган жаран соттон мунапыс сураганы айтылды.
  • Нурдин Осмонов “Түндүк электр” ишканасынын директору болуп дайындалды.
  • ИИМ жарандарды курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшырууга чакырды.
  • Өлкөдө 26-ноябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрөрү күтүлүүдө.
  • Өткөн аптада Бишкек-Ош жолунун Кара-Суу районуна караштуу тилкесиндеги болгон жол кырсыгынан каза тапкандардын саны 10го жетти.
  • Бишкекте жакыр жашаган 150 үй-бүлөнүн ар бирине 10 мүшөктөн көмүр таратылды.
  • “Кумтөрдүн” алтын чайкоочу фабрикасында модернизациялоо иштери башталганы айтылды.
  • Учурда Бишкек шаарында күн сайын 130дай троллейбус каттамга чыгат.
  • 22-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 297 миллион метр куб суу бар.
  • Кыргызстанда кышкы туристтик сезон 27-ноябрда ачылганы жатат.
  • 25-ноябрда Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы Moderna вакцинасынын 115 миң дозасы алып келинет.
  • Парламенттик шайлоо процессине республикалык бюджеттен 623,3 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.
  • Электр энергиясын дүңүнөн сатып алып, кайра сатуучулар электр энергиясын чегинен ашык колдонуп жатканы аныкталды деп расмий маалымдалды.
  • 2018-жылдын 1-январынан бери Кыргызстанда 546 975 жаран "балага сүйүнчү" жөлөк пулун алышты.
  • 1-декабрдан 3-декабрга чейин "Кызыл-Кыя" өткөрүү пункту оңдоо иштерине байланыштуу автоунаалардын кыймылы үчүн жабылат.
  • Коррупциялык иштер тууралуу тийиштүү органдарга маалымат берген жаранга сый акы берилет, анын тартиби Министрлер кабинети тарабынан бекитилди.
  • Парламенттик шайлоого карата БШК 730 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
  • 24-ноябрга карата өлкөдө коронавирус менен 1036 жаран ооруп жатат, анын ичинен 192 жаран оор абалда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 990, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан