Төкмө акын, ырчы Элмирбек Иманалиев жана акын Зайырбек Ажыматовдун эстелиги жасалды. Болгондо да бул айкелдердин тургузулушу АКШда эмгектенип жүргөн мекендешибиз аркылуу ишке ашууда. Иштин көбү бүтүп, азы калыптыр. Мыкты саамалык менен бөлүшүүнү туура көрдүк. Эстелик кандай жасалды, образы кантип иштелип чыкты, архитектуралык жасалгасы кандай болот деген суроолорго чогуу жооп алалы.
Кылыч Кыргыз, АКШда жашаган мекендеш: “ЭЛМИРБЕК МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ КЫЯЛЫМ ЭЛЕ”
– Атым Кылыч, АКШда жүргөнүмө 9 жыл болду. Оор жүк ташуучу унаа айдап иштейм. Эстелик боюнча айтып кетсем, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматовдун өздөрү менен жүзмө-жүз тааныш эмес элем. Бирок Элмирбекти АКШга чакырып, келсе ушундай бир сүйлөшкүм келчү. Өнөрлүү адамдар көп, аны өнөрүнөн мурда акылман деп билем. “АКШга келип кеткен акчасын деле өзүм төлөп берсем, келип эле берсе, океандын жээгинде отуруп сырдашсак” деп кыялданчумун. “Күздө айтыш болот, калыстык кылам, байке” деди эле бир жолу чакырганымда. Өзү арабыздан кетип калды. Мен бул эстеликти эмнеге жасаткым келди? Элмирбектин өтүп кеткени мага аябай катуу тийди. Ал каза болгондон кийин эстелик коймок турмак, элдин эстегенге чамасы келбей калды, дагы да пандемия менен күрөшүп жатышты. Ошондо өзүм жасатайын деп чечтим. Адегенде Элмирбектин эле эстелигин жасатмак болчумун. Кийин Зайырбек экөөнүн ортосундагы достукту иликтей баштадым. Видеолорун, интервьюларын карап иликтеп отуруп, экөөнү бөлүүгө болбойт экен деп чечтим. Көздөрү өтүп кеткен менен, эл ушулардын демин сезсе экен дедим. Эстеликтер адатта элдин көңүлү бурулбай бир бурчта эле калат. Булар башкача болушу керек дедим. Скульптор издей баштадым. Ошол убакта Тамила Маматова деген кызыбыз Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасап, интернет айдыңында таанымал болуп баштады. Сүйлөшсөм ал дагы кызыкдар болду. Баасын сүйлөшүп, сумманын 90 пайызын берип, ал 2020-жылдын июль айында ишке киришкен. Ал арада жакындары менен байланышып уруксат сурадым. Алар каршы болушкан жок, бирок ушул идея ишке ашышына ишенбей турушкандай сезилди.
Тилекке каршы, Тамила канча аракет кылса да эстелик жакшы чыкпай туруп алды. “Жакындарынын сынынан өтсүн” деген талабым бар эле. Жакындарына жаккан жок, образын, келбетин бере албай кыйнала берди. Айла жок экөөбүз иштешүүнү токтоттук. Тамилага “берген акчам сенин жакшылыгыңа жарасын, доолабайм. Эки залкардын атын акча үчүн булгабайм” дедим.
Кийин сураштырып Азамат Абдракманов деген жигитти таптым. Ал жигит “эки залкардын айкелин жасасам” деп кыялданып жүргөн экен. Жасады, эмгеги мага, эки залкардын жакындарына да жакты. 2021-жылдын апрель айында архитектор Нурсейит Мамбетказиевди таап сүйлөштүк. Оюмда боз үй болсо, экөө ошонун төр жагында отурса, айланма отургучтар коюлса деп элестетип жаткам. Бирок архитектор өзүнүн вариантын айтты. Архитектуралык жасалганы комуздун үлгүсүндө жасай турган болду. Экөөнүн тең долбоору даяр болгондо көркөм кеңештен өттүк. Ал жерден да жактырышты. Бизге ошол кездеги маданият министри Кайрат Иманалиев жардам берип, анын жардамы менен президент Садыр Жапаровго көрсөтүлдү. Ал жактан да колдоо таптык. Айкелдин азыр чоподон жасалган варианты бүттү, техникалык жумуштары калды.
Эки залкарга элинен эстелик болсун дедим. Менин же башка бирөөнүн атынан эмес, элдин атынан болсо дегем. Ал үчүн акчаны элден чогултуу керек. Кимдин колунан канча келсе, ошончону чөнтөгүбүздөн чыгарып берсек жакшы болмок. Бай же коррупционер бирөөгө барып алардын акчасы менен айкелди тургузуу Элмирбек менен Зайырбекке карата туура мамиле болбой калат деп ойлогом. Идеямды министрге айтсам “80 пайызын мамлекеттин атынан кылалы” деди. Арзан долбоор эмес, 15-20 миллион сомдун айланасында каражат кетет. Долбоорду негиздеген адам катары мен канча акча короттум, ал жагын айтпай эле коёюн. Мен айткан иштин баары бекер жасалган жок. “Кеткен акчаңды айта турган болсоң, анда эмне бул ишке киришесиң?” деп айткандар болот да. Ошол үчүн ал жагы айтылбай эле калсын.
Эстелик кайда коюлат деген маселе бар, долбоор “Ынтымак-1” деген жаңы ачылган паркка ылайыкталып жасалды. Эки адам чыныгы дос болсо ушу эстеликтин жанына келип шерттешип, антташып жүрө турган руханий баалуу жер болсо дейм. Скульптор дагы, архитектор дагы менин идеямды сонун кылып ишке ашырып беришти. Ишибиз ийгиликтүү аяктайт деп ойлойм.
Азамат Абдракманов, скульптор: “ЭЛГЕ ЭЛМИРБЕКТИН ЖЫЛМАЮУСУН ТАРТУУ КЫЛГЫМ КЕЛДИ”
– Иш негизи Кылыч Кыргыз деген Чикагодо эмгектенип жаткан агабыздын демилгеси менен башталды. Мен Элмирбек, Зайырбек агалардын айкелин жасасам деп ойлоп эле койгом. Ойдун күчүн караңыз, аз убакытта эле телефон аркылуу Кылыч агабыз менен байланышып калдык. Мага идеясы жакты. Эмгекти жаратуу үчүн толук 4 ай кетти. Азыркы учурда айкел чоподон жасалып толук бүттү. Образын табуу үчүн үч эскиз жасадым. Арасынан ушул жактырылып, ишке кириштик. Идеямдын мазмуну эки залкардын ортосундагы мамилени көз аркылуу берүү эле. Кучакташып турса деле болмок. Бирок бул жерде көздөрү менен сүйлөшүп жатышат. Айкел даяр болгондо экөөнүн тең жубайларын чакырып көрсөттүм. Алар да өз ойлорун айтышты. "Жылмайганы мындай болсун” дешти. Алар айткан нерселерди акылыма түйүп, кайра иштеп жаттым. Акыркы вариантына ыраазы болушту. Элмирбектин жубайы “ушинтип жылмайып турчу эле” деди. Зайырбек да жылмайып тиктеп турат. Элге эки залкардын жылмаюусун тартуулагым келди.
Нурсейит Мамбетказиев, архитектор: “СЕЙИЛ БАКТЫ РУХАНИЙ БОРБОРГО АЙЛАНТКЫБЫЗ КЕЛЕТ”
– Долбоорду кыргыздын кыраан жигити Кылыч сунуш кылып калды. Айкелдин архитектурасын иштеп чыктым, ал “Ынтымак” сейил багында турса деген сунуш бар. Сейил бактын генпланын бузбай тыкандык менен бөлүнө турган жерди колдонолу деп аракет кылып жатабыз. Комуздун формасындагы архитектуралык курулушту “Комуз ордо” деп атадык. Анда 145 адам отура турган амфитеатр болот. Бул жерде айтыш, поэзия кечелери өтсө болот. Жанында балдар ойной турган алты бакан селкинчек болот. Ал эми комуздун ортосунда Элмирбек менен Зайырбектин эстелиги турат. Комуздун ички дубалдарында алардын чыгармалары, ырлары турушу мүмкүн. Комуздун моюнун биз жаштардын аллеясы деп койдук. Айкелдин бийиктиги 180 сантиметр болот. Эки акындын эстелиги менен сейил бакты маданий, руханий борборго айланткыбыз келет, муну максат койдук.
Нуржамал Жийдебаева