Аскар Карыбаев, Чолпон Алсейитова: “КОШ ЖЫЛДЫЗ ДЕГЕН ТҮШҮНҮКТҮ БИЗ КИРГИЗГЕНБИЗ”

Кумар жык толгон, күлүп ойногон,

Мезгил эми келбейт кайрылып.

Тагдыр кошподу, кайыр кош болгун,

Биздин жолдор эки айрылыш...

Ушул ырды уктуңуз беле? Канча жыл болсо да элдин эсинде сакталган ырды ырдашкан кош жылдыздар бар. Алар – 30 жылдан бери чогуу жашап келе жатышкан композитор Аскар Карыбаев жана ырчы Чолпон Алсейитова.

– Кош келдиңиздер, Аскар ага, Чолпон эже, концертиңиздерди жакшы өткөрүп алдыңыздарбы?

Аскар Карыбаев: – Саламатсыздар, концертибиз жакшы өттү. Менин ырларымды ырдап жүрүшкөн ырчылар Алина Жетигенова, Айчүрөк Иманалиева, көптөр катышты. Сахнага рояль коюп, баары жандуу үн менен ырдашты. "Мындай концерт көптөн бери боло элек болчу" дегендер болду, өзүбүз үчүн да жагымдуу болду.

Чолпон Алсейитова: – Концерт “Биздин жолдор” деп аталды. Канча жыл өтсө да ушул ырыбызды сурагандар көп. Эл бизди сагынып калыптыр.

– 10 жылдай концерт бербептирсиздер, ырчы үчүн бул көп убакыт эмеспи?

А.К.: – “Дасторкон”, “Биздин жолдор” деген ырларыбыз популярдуу болуп турган учур 1990-жылдар эле. Сен туура айтасың, 10 жыл ырчы үчүн көп убакыт. Балалуу болдук, тиричилик кылып концерт бергенге чамабыз болгон жок.

Ч.А.: – 10 жыл бою сахнага чыкпай койгон жокпуз, жакшы ырлар болуп жатты, концерттерден калбадык. Бирок ушул концерттен кийин элге биз дагы эле керек экенбиз, эл бизди сагынып калыптыр деген ойго келдик. Музыканын жашы жок, тили жок экен.

– Кош жылдыздар бизде көп эмеспи, экөөңүздөрдүн тең чыгармачыл чөйрөдө болгонуңар жашоодо пайдасын тийгиздиби же зыянынбы?

Ч.А.: – Бири обончу, бири ырчы болуу бактысы көп жуптарга бериле бербейт. Бизге пайдасы эле тийди. Аскар өзүнүн ырларын такыр ырдачу эмес, ырчыларга эле жазып берчү. Дуэт деген түшүнүктү биздин элге Аскар экөөбүз алып келгенбиз. “Биздин жолдордун” обонун чыгарганда Аскарга “өзүң ырдап көрчү” дедим. Музыкасын жазган орус жигит “сонун болду” дегенине шерденип кетип ырдап салды. Кийин ал ыр популярдуу болуп кетти.

А.К.: – Эстрадада “кош жылдыз” деген түшүнүк Чолпон экөөбүздөн кийин чыккан. Клипти да биринчилерден болуп биз тартканбыз. Бир эле камера менен тарттык. Ийгиликтүү болуп, “Арноо концертинен” ошол клипти бере берчү. Тилекке каршы, кийин таппай калдык. Бул ырыбызды күйөө балам Бек Исраилов менен кызым Айжаркын жаздырып ырдап чыгышты. Мага аябай жакты, биздин муундагылар “ата-энеңер ырдаганга жетпейт экен” деп комментарий жазып жатышат. “Көңүл бурбагыла, силердин муун муну башкача кабыл алып угуп жатышат” деп коём.

– Аскар ага, эмнеге ырларыңызды ырдагыңыз келчү эмес?

А.К.: – Биздин учурга туш келсе азыркы ырчылардын 90 пайызы электен өтмөк эмес. Ал кезде үнү жеткен ырдачу, обон чыгара тургандар чыгарчу. Мен диапазону бийик обондорду чыгарам, бирок үнүм андай эмес. Аны билип туруп ырдаган туура эмес болуп калат. Чолпондукундай үнүм болсо ырдай бермекмин.

– Чолпон эже, Аскар ага чыгарган обондору менен сизди арбап алса керек?

Ч.А.: – 1989-жылы “Таазим” деген эстрадалык топ ачылган, ошол топтун мүчөсү болдум. Көркөм жетекчибиз Марат Алыбаев болчу. Музыкалык жетекчи катары Аскар келди. Оор басырыктуу, бизден улуу жигит экен. Ырчынын тагдырын ыр жасайт да, обондору сонун экен. Роялга отуруп эле бизди ырдатып көрдү. Алина Жетигенова экөөбүз эле болчубуз кыздардан, бизге ырларын ырдатып көрүп ылайыктап берди. Репертуарыбыз байып эле жыргап калдык. Алина “Эңсөөнү” мен ырдайм” десе мен талашам. Бул экөөбүзгө бөлүштүрүп берди. “Дасторконду” Алина экөөбүз дуэт болуп ырдап чыктык, дүр деп эле популярдуу болуп кетти. Аскардын обондорун сүйөм, сөздөрүнө келгенде эле кыйналчумун. Эгемберди Эрматов аганын ырларына обон жазчу эле, ал киши адабий сөздөр менен жазчу. “Жийде бурак кездериң” деген сымал сөздөрдөн жаңылып каламбы деп корко берчүмүн. Эки жылдан кийин мамилебиз жакындап кетти.

– Аскар ага, сиз эстеп берсеңиз?

А.К.: – Биз кандай жакындашып кеткенибизди деле билбей калдык. Ырлар аркылуу эле сүйүүбүз башталып кетти.

Ч.А.: – Репетицияга үйүнө чакырчу, үйү да алыс эле. 29-автобус гана барчу. Кийин мактай баштады (күлүп). Ошентип жакшы көрүшүп кеттик.

– Бири-бириңиздердин кайсы сапатыңыздарды баалайсыздар? Жашоону алып кеткенге кайсы сапаттар жардам берди?

Ч.А.: “Эмнеге улуу адамга турмушка чыктың?” дегендер болду. Тең болсок жашап кетет белек, билбейм. 30 жылдан бери жашап келе жатабыз. Менде “Аскар агай” деген сый-урмат жашады. Бул дагы аша чаап кетпей, аяп, жардам берип жүрдү.

А.К.: – Жиним тез келет, тез тарап кетет. Бул мага чыдап жүрөт (күлүп).

– Чолпон эже, Алсейитова деген фамилия таанымал. Эже-сиңдилериңиз кыргыз элине белгилүү, күйөөлөрү да атактуу. Мисалы, Жаныш Кулмамбетов, Мар Байжиев, Аскар Карыбаев сыяктуу... Кантип мындай союздар курулуп калат?

Ч.А.: – Канча интервью берем, ушул суроону эч ким бере элек эле (күлүп). 7 кыз, 1 эркек бир тууганбыз. Улуу эжебиз Шайгүл Алсейитова. Биринчи жолдошу Жаныш Кулмамбетовдун таалимин биз көбүрөөк алдык. Өзүңөр билгендей, ал адабий сынчы. Ал киши биздин кандай кесипке шыктуу экенибизди билчү жана багыт берчү. Мени “сен эстрада ырчысы болосуң, филармонияга бар” деп койгон. Кичүү сиңдимди өзү Ысык-Көлдөн алып келип сынакка катыштырган. 100 кыздын ичинен суурулуп чыгып балерина болду. Жездем ошондо сүйүнүп келген. Баарыбызга чыгармачылыкта жол көрсөткөн, багыт берген жездем болду. Мектепти бүтүрүп келип эже-жездемдин колунда тарбия алдык.

А.К.: – Кайнатам кыздарын “артист кылбайм” дептир. Бир жолу артисттер үйүнө конокко барып арак ичишип, анан бирөө жаңылып бут кийимин кийип кетиптир. Ошондон улам кыздарымды артист кылбайм десе, булардын баары окуйм деп кетип эле артист болуп кетип жатпайбы (күлүп). Жети кыздын бирөө эле медик, калганы баары артист болуп калышты. Балдыздарымдын күйөөлөрү да ырчылар болду.

– Сиздердин күйөө балаңыздар да ырчы Бек Исраилов болду. Кандай кабыл алдыңыздар?

А.К.: – Ал окуя да кызык. Бек менен Айжаркын сүйлөшүп жүрүшкөн го. Мен уктап жаткам. Кызым кирип “сиз менен Бек таанышам деп жатат” дейт. “Мен уктап жатсам кантип таанышат экен?” дедим. “Болбой жатат” дейт. Бир кезде Бек жаткан бөлмөмө кирип келди. Кирип эле керебетимдин четине отуруп калды. Мен сыртынан таанычу элем. Жаңы эле Юрмалага сынакка барып келген, ал тууралуу сүйлөшүп калдык. Анан “мен Айжаркынды сүйүп калдым” деп эле түз айтты. Эмне демек элем (күлүп)?

Ч.А.: – Бек ошол күнү аябай даярданып келиптир. “Уктап жатат” десе болбой кирип айтканы ошондон экен. Азыр өз балабыздай жакшы көргөн күйөө балабыз.

– Чыгармачыл үй-бүлөнүн жазылбаган мыйзамдары барбы?

Ч.А.: – Өмүрү баланы чаап, жаман сүйлөп көргөн эмесмин. Өтө жумшакмын. Аскар "14-февраль жакындаганда жүрөгүм зыркырайт" дечү. Анткени ошол күнү улуу эки кызым майрамдап кеч келишчү. Бир күнү атасы “дарбазаны илип сал, киргизбе” деди. Кар балбалактап жаап жаткан. Аскар уктап калганда ачып кыздарды киргиздим. Тоңуп калышыптыр, эртеси атасы урушту. Бирок күйөө балдарыбыз кайнатасына ыраазы болушат. Атасынан ыйбаа кылган кыздар күйөөсүнөн да ыйбаа кылышат да.

А.К.: – Мен тарбияга катуу элемин, урушуп коём.

– Угушума караганда, улуу кызыңыздар жакшы ырдайт экен, эмнеге ырчы болгон жок?

А.К.: – Кызым Айжамалдын үнү укмуш. Чолпондукунан да бийик, тембри кооз үнү бар. Андан улуу уулум чоң музыкант, Казакстанда иштейт. Үй-бүлөлүү, үч баласы бар. Ал чыгармачылык жолго кеткенде “баарыбыз эле артист болуп кетмек белек” деп кызым ырчы болом десе макул болбой койгом. Азыр ойлосом, аябай туура эмес кылыптырмын. Эми деле шүгүр, кесиби бар, жолдошу, эки баласы бар. Ошентсе да ырдагысы келгенин көрөм да, каап деп өкүнүп калам.

– Маегиңиздерге рахмат.

Нуржамал Жийдебаева

 Кыстарылган видео 
Чолпон Алсеитова: "Кош жылдыз" деген түшүнүктү биз киргизгенбиз
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 990, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан