МАЙЫП ЭНЕ ӨЗ КЫЗЫ ТАРАБЫНАН ТОКМОКТОЛДУБУ?

Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрь күнү редакциябызга Гүлганыш Асанбекова аттуу жаран кайрылып, "71 жаштагы бир тууган эжем Айганыш Жапарова өз кызы тарабынан сабалды" деп билдирди. Айганыш Жапарова учурда сиңдиси Гүлганыштын үйүндө экен. Көзү көгөргөн, колдорунда көк ала тактары бар апа кызынын мамилеси, өзүнүн тагдыры тууралуу төмөнкүчө баяндап берди.

«ТӨШӨКТӨРҮМДҮ САСЫТЫП СИЕСИҢ, ТАЖАТТЫҢ, КАЧАН ӨЛӨСҮҢ» ДЕП САБАП КИРДИ»

– Үйдө мени караган багуучум, 47 жаштагы кызым жана анын 9 жаштагы уулу болуп төртөөбүз жашайбыз. 2019-жылы инсульт дартына кабылгам. Ошондон улам сол тарабым иштебейт, баспайм. Биринчи топтогу майыпмын. 2021-жылдын апрелине чейин Кеминдин Орловкасында жашачумун, анан Бишкекке кызымдын колуна келгем.

Үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрь күнү үйдө жарык өчүп калды. Мени караган кыз экөөбүз ачкабыз, жейли десек бир сындырым нан жок. Бишкекте жашаган сиңдиме телефон чалып “бир термос чай менен нан таштап кетчи” дедим. Ал келип эт, салат, нан, кыям, таттууларды таштап кетти. Бир сааттан кийин эле кызым жумуштан келип калды, баласынын жанагы майда-чүйдөлөрдү жеп жатканын көрүп жини келип “муну ким алып келди?” деп сурады. “Сиңдим алып келди” десем эле өкүрүп-бакырып баласын урушуп "жебегин муну, мен өзүм сага башка алып берем" деп баштады. Мага болсо “сага мындан кийин тамак кылып бербейм, өзүңдүн тамагыңды өзүң жасап жегин” деп кыйкырды. Диванда жатсам “тур, төшөктү иреттейм” деп жулкулдатып, чапкылап кирди. Чапкылагандан эки далым ооруп чыкты. “Эмне урасың?” дедим. “Сен төшөккө сиесиң, үйдү сасыттың, ырыс-кешигимдин баарын жеп бүттүң, тажадым, качан өлөсүң?!” деп дагы ургулады. Бир маалда жакамдан кармап туруп полго ыргытты. Сол тарабым иштебейт да, тура албай мени караган кызды чакырдым. Ага “тургузба, бул өлбөйт, кет, жогол!” деп кыйкырып, аны кууп жиберди. Неберемди чакырсам аны да жолоткон жок. “Уруп отуруп колдорум көгөрүп кетти, бул эмне кылганың?” десем жини менен колумду апчып кирди, колум тытылып канап кетти. “Азыр сени терезеден ыргытып жиберем” деди, мен чындап эле ыргытып жиберет окшойт деп корктум. Жаткан жеримден сол жамбашымды тепкилеп кирди, катуу ооруганынан бакырдым. “10 бир тууганың бар, эмнеге сени алып кетишпейт, кет, жогол!” деп уу сөздөрдү айта берди.

Бир маалда неберем “үйгө 2 милиция келди” деп калды. Ошондо төбө чачымдан тартты эле, туруп кеттим. “Милицияны сен чакырдыңбы?” деп мага кыйкырды, коркконумдан “жок” дедим. Анда да жөн калган жок, дивандагы жаздыкты алып мени тумчуктуруп баштады, кайра коркуп кетти окшойт, жаздыкты ордуна коюп койду. “Сен бир туугандарыңа ачкадан өлгөнү жаткансып чаласың!” деп да айтып, ургулады. Милиция кызматкерлери 10 мүнөт эрте келгенде сабап жатканынын үстүнөн чыкмак. Милиция кызматкерлери кызымды алып кетишти, бирок кайра бошотуп жиберишиптир. Мени сиңдим алып кетти үйүнө. Ошондон бери ушул жакта жашап жатам.

«КЫЗЫМ МАГА ТИРҮҮЛӨЙ ТОЗОКТУ КӨРСӨТТҮ»

– Биз чалым экөөбүз Кемин районунун Орловка айылынан болобуз. Өмүр бою иштеп тапканыбызга ушул кызыбызга шаардан 2-3 жерден үй алып бердик, Орловкада чоң тамыбыз бар. 8 бала төрөдүм, баары кичинесинде чарчап, ушул кызым эле аман калган. Андан тышкары ымыркайынан багып алган дагы бир кызым бар, ал учурда Сахалинде. Аны аяйм, анткени 23 жашында күйөөсү каза болуп, бир уул, бир кызы менен жесир калды. Андан кийин турмушка чыгып, дагы бир бала төрөгөн. Учурда ошол күйөө балам менен Сахалинде турушат. Ал кызым мени баккан кыздын акысын, майыптардын арабасын, бардык керектөөлөрүмдү алып берип камсыздап турат. Бул өзүм төрөгөн кызымды өзүм айтканын айткандай, дегенин дегендей кылып жүрүп көптүрүп алдым окшойт. Буга чейин мени бир нече жолу сабаган. Ооруп Воронцовкага дарыланууга барсам, ошол жактан палатадан, Орловкадагы үйдөн... Айтор, ушул кызым мага тирүүлөй тозокту көрсөттү, кайсы күнөөм үчүн (ыйлап)? “Үйдү мага бер” дегенинен үйдүн документтерин карматкам. Кагаздарды алып келип “кол коюп бер” десе эле кол коё бериптирмин. Мени соттон “жөндөмсүз” (кылган ишине юридикалык жол менен жооптуу болууга жөндөмсүз) деп чечим чыгартып алыптыр.

Мунукуна апрелде келгенимден тартып көрбөгөн кордукту көрдүм. Кызым аскер кызматкери, бажыда иштейм дейт, быйыл пенсияга чыгам деп жүргөн. Жумушунан жетекчилери уяткарып койсо жакшы болот эле. Милицияга арыз жаздым, аны кайтарып албайм, өз жазасын алсын. Жөн отурсам деле “чакыр кызыңды, сени баксын, менин моюнума минип алдың!” деп оозунан ак ит кирип, кара ит чыга берет. Акыркы күндөрү такыр тынчтык бербей калды.
9 миң сом пенсиям бар, аны кызым өзү алат. 2 жолу турмушка чыгып, экөө менен тең ажырашып кеткен.

«БИЗДИ ҮЙҮНӨ ЖОЛОТПОЙТ, КЕЛГЕН КИШИНИН БААРЫН УУРУ ТУТАТ»

Гүлганыш Асанбекова, жабырлануучунун сиңдиси:

– Учурда ишеним каттын негизинде эжемдин атынан арыз жазып, экспертизадан өткөрүп, ажаан кызын кылмыш жоопкерчилигине тарттыруу үчүн чуркап жүрөм. Кызы мыйзамсыз эле эжемди “жөндөмсүз” деп соттон чечим чыгартып алган. Биз менен, бир туугандары менен такыр катыштырбайт.

15-ноябрь күнү менден кичүү сиңдим эжеме тамак жеткиргени барып, көк ала болгонун көрүптүр. Жолдошумду ээрчитип, милиция менен бардым. Барсам эшиги ичинен бек, эптеп ачтырып кирдик. Кирсек, заматта өзгөрдү, чуркап барып энесинин тизесине жыгылып “мени кызым багып жатат деп айтчы” деп жалдырап кирсе болобу?! “Мени бетимден өп” дейт. Айтор, милиция кызматкерлеринин көзүнчө актриса болду. Мага “бир туугандарың мени сотко берип жамандаганды гана билишет, апамдын дүнүйөсүн талашканы келдиңерби?” деди. Мен эжемден эч нерсе сураган эмесмин, мага анын ден соолугу керек. Эжемди Воронцовкадагы ооруканадан сабаптыр, айылдагы үйүндө бетине ысык чай чачып жибериптир... “Эмнеге апаңды урасың?” десем, “сен көрдүңбү урганымды, далилдеп бер” дейт.

Экспертизанын жыйынтыгы чыкса тиешелүү органдардан туура чечим чыгарышын талап кылам.

«ЭНЕСИНИН ДЕНЕСИНЕ ЗАЛАЛ КЕЛТИРГЕН»

Окуя боюнча Октябрь РИИБине кайрылганыбызда, басма сөз кызматы төмөнкүлөрдү билдирди:

– 2021-жылдын 15-ноябрында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине А.Г. деген жаран жээни Ж.Ага карата чара көрүүнү суранып арыз менен кайрылган. Ж.А. 10-кичи райондогу батирлердин биринде, саат 17:30дар чамасында энесинин денесине залал келтирген. Аталган факт боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 75-берене менен (үй-бүлөдөгү зомбулук) сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда соттук өндүрүш иши уланып жатат, соттук-медициналык экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгынын негизинде Ж.Анын жоругуна юридикалык баа берилет.

Рыспек Өмүрбеков, жабырлануучунун адвокаты: «ЖӨНДӨМСҮЗ ДЕП ЧЫГАРГАН СОТТУН ЧЕЧИМИ БОЮНЧА ДАТТАНАБЫЗ»

– Мен Айганыш Жапарованын жактоочусу болом. Өзү менен сүйлөшкөндө акыл-эси ордунда, баарын түшүндүрүп айтып берип жатты. Учурда сабаган кызы чыгартып алган “жөндөмсүз” деген соттун чечимин жокко чыгартуу максатында даттаналы деп керектүү документтерди даярдап койдук. Эгер чечим жокко чыкса, кызын жоопко тартууга толук мүмкүн болот.

Экинчи тараптын пикирин угуу үчүн жабырлануучунун кызы Ж.Ага байланышканыбызда, ал окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Редакциянын максаты – тигил же бул тараптын таламын жактоо эмес, элге так маалымат жеткирүү. Экинчи тараптын да пикирин угууга даярбыз. Окуяга укук коргоо органдары чекит коймокчу.

Лунара Бекиева

 Кыстарылган видео 
“Тирүүлөй эле тозокту көрдүм” дейт өз кызымдан таяк жедим деген майып эне
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
BEKU.NUKU
2021-11-29 15:36:58
колун сынгыр
+1
Kari
2021-11-29 17:09:42
Оз энесин урган акмак ко.Энелерди
+1
xnurgul_gul
2021-11-29 18:50:16
Кудай сактай кор ушундайдан. Булар озунчо киргиздер окшойт да. Кыргызча тарбия коргон балдар мындай кылбачу эле.
+2
alym21
2021-11-29 18:57:59
Шал тийгир.
+1
AidaKurman
2021-11-30 00:44:46
Кудайым балдарыбызга ыйман берсин. Азыр балдарым кичинекей, ар бир суйлогон жаны созу,жаны чыккан кылыгы учун суйунуп кызык болбосо да башкаларга аны айтып берип,эмне сураса алып берип кареги менен тен айланып, ооруса уктабай карап чонойтуп атабыз. Бул эне да ошентип баккандыр эле убагында. Озунун да уулу чонойуп атыптыр,кудайдан улуу суйлобойун бирок кайтар дунуйо. Бактылуу карылыкты баарыбызга насип кылган болсун Аллахым.
+2
Zarema11
2021-12-03 13:43:41
Тообо кылдым. Кайтаар дүйнө , келме кезек деген бар.
+1
№ 990, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан