Башы өткөн санда)
“Жо-ок... Ойнобойм” деди ичинен. Ичинде өзү менен өзү күрөшүп жатты.
– А балким, жеңип алсамчы?! Капшагайды жеңип албадымбы! Үй алдым, аял алдым... А мүмкүн, мунусaунда да утуп алаттырмын... Оой, Каныбек... Жашооңду башынан барактап көрсөң, баары сонун болуп келе жатканда эле бир нерсе чыгат эмеспи! Тарс этип тайгаланасың, сонун нерсеңдин баары ойрон болот. Мындай нерседен далай өтпөдүк беле! Ошон үчүн калп эле тейтектей бербей, жөн отур!
– Э брат... Эмне болду ойго батып?- таксист үн катты.
– Мм... Ушинтип ойго бата берем. Оюн кайсы күнү болот?
– Ар дем алышта. Түнкү 12ден кийин башталат.
– Бир барып көрсөтүп келбейсизби? Биринчисинде ойнобойм, карап келейин кандай ойношот экен.
– Жарайт. Атың ким эле, телефонуңду жазып алайын?
– Каныбек...
ххх
Жуманын аягына 2 эле күн калган. Дем алыш көп күттүрбөй келип калды. Тамагын шаша-буша ичип, коштошпой чыгып бараткан Каныбекке Нурия суроо салды:
– Сен кайда?
– Мм... Бирөөлөргө жолугат элем.
– Эч жакка барбай эле койчу. Кел, андан көрө кучакташып алып кино көрөбүз.
– Мен бат эле...
– Кетсең таарынам.
– Мен, албетте, калып калам. Бирок азыр жашоомдо бурулуш жасай турган жолугушууга бара жаткан болсомчу? Мындай шанс дагы бир жолу кайталанбай турган болсочу?! Жо-ок, кала бер. Ошол бурулуш жасай турган жолугушууга барбай эле кой, мени менен кино көрүп отурсаң өкүнбөйсүң десең мен калам.
Нурия тайсалдай түштү. Чындап эле мунун жашоосунда бир келген сонун мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жаткан болсочу?!
– Андай болсо мен сага ийгилик гана каалайм! Жолугушууң жакшы өтсүн!- Нурия жылмайды.
– Рахмат, жаным,- Каныбек анын жүзүнөн сүйдү. Ичинен өзүнчө кымыңдап койду. Бул кызды манипуляциялоо ушунчалык жеңил.
Бирок ошондо Нурия менен эле телевизор тиктеп отуруп калса эмне?! Эч балээ жок болчу. Оозуна сала бергендей жашоосуна чукул бурулуш жасаган ишке кептелерин билген эмес.
ххх
Бийик шыптуу, далдайган эле ангар экен. Кыязы бул жер темир буюмдарды жасоочу цех окшойт. Арыда жаңыдан жасалган дарбазалар турат. Бирок баары жыйналып, ортого 6 кишиге ылайыкталып орун даярдалыптыр. 6 эле киши ойнойт, калганы жөн гана көрүүчү. Чынында, көрүүчүлөр абдан көп экен.
– Ушунчанын баары ойнойбу?- деген Каныбек кишинин көптүгүн көрүп.
– Жо-ок, булар жөн гана көрүүчүлөр. Бул жакта көп акча менен ойношот. Ортого миллион сом ташталган убактар болгон. Мына булардын баары ошол акчаны карап, шилекейлерин жутуп суктануу үчүн гана келишет. Бирок акчаны тетиги алтоонун бирөө гана алып кетет. Кадимки жашоодогудай эле...
– 6 оюнчу деген кимдер?
– Сен ойнойсуңбу?
– Жок. Мен көрөйүн да биринчи.
– Сен ойнобосоң анда... Анда азыр чыкканда көрөсүң. Сени ойнойт деп койдум эле да. Мейли, бир байкасаң байкап ал. Мен Маракентке айтып коёюн...- Майрамбек кайдадыр басып кетти.
Аз өтпөй оюн башталды. Каныбекке чоочун эле адамдар отурат. Алардын бири менен Майрамбек учурашып, ага бир нерсе деп шыбырады. Отурган адам Каныбек тарапты бир карап башын ийкеп койду. “Маракент ушул тура” деди Каныбек ичинен. Арык, чап жаак, көздөрү жүлжүйгөн адам экен. Кебетесине караганда куу немедей. Адамды сынап карап, сөздүн аягына чыкпай, суроого суроо менен жооп берип адамдарды кыжалат кылып жибергендер болот го. Ошолордой көрүнгөн Каныбекке...
Ойногондо да бетинен бир эмоция байкалбайт экен. Картасын тиктейт, тамекисин түтөтөт, уйкусурап жаткан немедей эле отурат. Утса да, уттурса да ошол калыбында... Бирок, калп айткан менен болобу, анын артыкчылыгы ошондо экен. Өзү бир дагы эмоция чыгарбаганы менен, башкаларды эмоцияларынан эле окуп, көп учурда утуп коюп жатты. Алдына акча додо болуп үйүлүп калды. Бир убакта баягы алтоонун арасынан бирөө акчасы калбай калганына байланыштуу чыгып кетти. Баягы тыптынч турган көп көрүүчү ушу жерден бир “дуу” этип кетишти. Утулган оюнчуну ушинтип дуулдап узаткан салт экен көрсө.
– Кимде желание бар?- үнү каргылданган Маракент жүлжүйүп көрүүчүлөрдү бир карады.
Көрүүчүлөр дендароо боло түшүшкөн. Маракент эзели минтчү эмес. Оюн ошондой – бир топ отурат, ал топ оюнду акырына чыгарат.
– Мен... Болобу ойносом?- көпчүлүктүн ичинен Каныбек чыга келди. Ал Маракенттин сөзү ага айтылганын түшүндү. Билинбеген менен бул да сый. Эбак кумары кайнап турган Каныбек алтынчы болуп оюнга кирип кетти.
Ошол убакыт кандай өткөнүн байкабай калган Каныбек бир караса эле Маракент оюндан чыгып бара жатыптыр. Маңдайында чачы кырылган, ак сакалдуу адам отуруптур. Каныбектин бир байкаганы – ал аксакалдын чыпалагынын тырмагы өтө узун экен. Каныбек аны көрүп жылмайып койгон. "Эмнеге мындай өстүрөт?"
Ал аксакалдын тырмагы тууралуу ойлорго алаксып жатканда көпчүлүк үчүн Маракенттин оюндан ыргыганы өзүнчө күтүүсүз бурулуш болуптур. “Жаңы бала катуу ойнойт окшойт. Маракентти жылдырып койду го” деген күбүр-шыбыр кептер кетти.
Көпчүлүктүн айтканындай эле Каныбек ал күнү утушту өзү көтөрүп кетти. “Жаңы бала кыйын экен” дегендерди Каныбек өз кулагы менен укту. Оюндун кумары, анан акырында көпчүлүктүн мактоосу аны таптакыр эле эс-мас кылып салды. Үйүнө жеткирип келген Майрамбекке 10 миң сом карматып, шаша-буша кирери менен ашканадагы стол үстүнө чөнтөктөрүндөгү акчаларды коюп баштады. Канча утканын санаш керек...
Таптаза 290 миң... Майрамбекке 10 миң берген. Демек, 300 миң утуптур. “Мына сага” деди ал акчадан көздөрү чачырап.
Бирок бул биринчи эле утуш болчу. Мындай утуштан ал дагы 3 тү алып келгенге жетишти. Фортуна чындап эле ага жылмайып жаткан. Тилекке каршы, эч нерсе түбөлүктүү эмес.
Акыркы оюн баарын ойрон кылды. Адегенде эле 400 миңге чукул уттуруп жиберди. “Мен азыр акча алып келем, дагы ойнойм” деди аны дуулдап тосуп алган көрүүчүлөргө.
– Алып келгенге болбойт. Уттурдуңбу? Акчаң калган жокпу? Болду. Башка күнү ойнойсуң,- Маракент ошол калыбында сүйлөдү.
– Жок, эми ойной берейин. Бат эле алып келем акча...
– Үйдөн акча алып келем дегенин уктуң беле башкалардан? Акчаң түгөндүбү, бүттү!
– Эми оюнду улай берели да...
Маракент аны куулана бир топко карап турду да, “өкүнүп калбайсыңбы?” деп сурады.
– Жок.
– Анда барып келе кал!
Каныбек шашкан бойдон кеткен. Көрсө, ошондо жай турмушун талкалаганга шашып баратыптыр...
(Уландысы кийинки санда)