Бул жолу жылкыга тиешелүү сөздөрдү тизмектеп, алардын маанисин түшүндүрөбүз.
Ай туяк – жылкы. Мисалы: Ай туякка бээ чалды, Ай мүйүзгө уй чалды («Манас»).
Аргымак – күлүктүгү, чыдамдуулугу, сымбаттуулугу менен айырмаланган таза кандуу асыл тукум жылкы. Мисалы: Аргымактын жакшысы чапса күлүк, сатса пул (макал).
Асый – кыргыздардагы кара малдын (жылкы, уй, төө) жашын эсептөөнүн атайын ыгы. Төрт жаш куракка чейин ар бир жаштын өз аталышы бар: кулун, тай, кунан, бышты, беш жаш курагында, асый же бир асый деп аталат. Андан ары ар бир жылда бирден сан кошулуп, бир асый, эки асый, үч асый деп айтыла берет. Мисалы: Эки-үч асый уйлардан («Манас»). Асый чыкма Буурулду, Жетелеп алган чагы экен («Манас»).
Бышты – төрт жашар жылкы. Мисалы: Жаңы бышты, жазга асый. Жандан күлүк Койкүрөң («Курманбек»).
Дулдул – чарчап-чаалыкпаган күлүк, талбаган тулпар. Мисалы: Ташка салсаң тайгылбайт, Туягы калың дулдулдун (Токтогул). Өтмө мааниде: Кайраттуу, чарчабас, чаалыкпас. Мисалы: Адамдын дулдулу.
Жаталак – бир жатып, бир туруп ооналактаган жылкы оорусу. Мисалы: Адамга чычалак жарашпайт, атка жаталак жарашпайт (макал). Өтмө мааниси: Чыдамсыз, жеңил, көтөрүмү жок. Мисалы: Чабал жигит белгиси, Чарчап кеткен эмедей. Бак консо болот жаталак (Осмонкул).
Жез канат – чыгаан күлүк, ашкан күлүк, шыйрагы узун, сындуу күлүк. Мисалы: Кара байыр казан ат, Калбыр өпкө жез канат, Ат күлүгүн алалы
(«Манас»).
Жорго – эки оң жак, эки сол жак буттарын тең шилтеп, чайпала, теңселе жүргөн, ылдам басык, көбүнчө жылкынын чуркоо ыгы, жүрүшү, ошондой эле жоргологон жүрүшү бар жылкыны да ушинтип аташат. Мисалы: Карагер же желгени, же жоргосу билинбейт (Бейшеналиев). Жылас болгон жылкыдан, Желбеген жорго мингизди («Эр Төштүк»). Өтмө мааниси: Ырчы, акын, шайыр, сөзмөр же өтө элпек мамиле жасаган жаш адамдарга карата эпитет катарында колдонулат. Мисалы: Жакыр да болсом мен өзүм, Жаандан чыккан жоргомун (Токтогул).
Кемээч – азоо малды (көбүнчө жылкыны) үйрөтүү, жетелөө үчүн алдыңкы же үстүнкү эрдин болгооч салып байлаган кайыш же жип.
(Сөздүктөрдөн алынды)