“Ак шоола”, “Адилет” сериалдары, “Бунт”, “Кыялкэштер” жана башка тасмаларда роль жараткан актриса Жаңылай Исакова көп кырдуу талант. Ал актриса, режиссёр, сценарист, хореограф. Таланттуу кызыбыздын өмүр баянына, чыгармачылык жолуна саякатка чыгалы.
– Жаңылай, салам. Алгач өзүңүз тууралуу маалымат алсак...
– Салам. Мен Ош шаарында чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Мектепти Ошто окуп, кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин драма режиссёру бөлүмүн аяктагам. Биздин курстан жалгыз мен режиссёрлукта окудум. Ошондуктан актёрлор менен окуп калдым. Актёрлор менен да, режиссура боюнча өзүнчө да сабак алдым. Кыздардан драма режиссёру тармагына көптөн бери эч ким тапшырып окуй элек экен. Ошол эле учурда хореография бөлүмүн сырттан окудум. Азыр Кыргыз драма театрынын астындагы театралдык окуу жайда бийден сабак берем. Кыргыз драма театрында актрисамын, режиссёр катары койгон спектаклим, тарткан тасмам бар.
– Жакшы. Чыгармачылыкка болгон кызыгуу сизде качан башталган?
– Атам Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алымкул Исаков. Апам драматург Гүласел Алиева. Бала чагым атам иштеген Ош драма театрында өттү. Кичинемден эле театрга болгон сүйүүм башкача болду. Үйүбүз театрга жакын, мен үйдөн качып театрга кетип калчумун. Кайсы спектакль болбосун ар бир каармандын сөзүн жатка билчүмүн. Мени тамашалап суфлёр деп коюшчу. Алгачкы жолу сахнага чыкканымда 7 жашта болчумун. Султан Раевдин “Исхак Раззаков” драмасында шар кармаган кыздын ролун аткаргам. Кийин ошол эле драмада Исхак Раззаковдун бала чагын ойноп калдым. Бишкекке чейин келип фестивалдарга катышканбыз, ошол кезде эле атам менен кошо гастролдорго чыкчумун. Кинодо алгачкы жолу "Өзбек фильм" менен биргеликте тартылган “Жертва” деген тасмада баш каармандын кичинекей кезин ойногом.
– Атаңыз ошондо эле сиздин актриса болгуңуз келгенин колдодубу?
– Атам мени театрга аралаштыргысы келчү эмес. Ар кандай сөздөр айтылат, ошону билбесин дедиби, оор кесип болгондуктан каалаган жокпу, айтор, “менин кызым өзү эле актриса болбойм дейт, ээ?” деп акырын айтчу. Мен дагы так кесе “актриса болом” деген жокмун. Учуру келет, өзү түшүнөт деп жүрдүм. Учуру келди, башка тармакка кетпесимди өзү деле билди, анан колдоп калды.
– Бир маегиңизде “атам үчүн режиссёрлук кесипти тандагам” деген экенсиз...
– Ооба, анда амбиция күчтүү экен. Мен атамды мыкты актёр деп билем. Анын театрга болгон сүйүүсүн, темпераментин көрүп атам ойночу спектаклдер эмнеге коюлбай жатат деген кабатырлануу болчу. Бир учурда эл театрга барбай калды. Мага бул аянычтуу болду, көп таланттар каалаган ролун ойной албай калышты, көрүүчүлөргө жакшы чыгармалар жетпей калды. Ошондо “чоңойгондо режиссёр болом, өзүм спектакль коюп, атама жакшы ролдорду берем” деп ойлоп, өзүмө катуу ишенип алыптырмын. Ал кыялымды ишке ашыра элекмин, дараметим жете элек. Буюрса, ишке ашырам.
– “Ак шоола”, “Бунт”, “Кыялкэштер”. Ушул тасмаларга кантип тартылып калгансыз?
– Окууну бүтүп диплом алганга чейин “Кууш жолдо” деген сериалга тартылгам. Бул сериалда атам башкы ролдо. Мен кызынын ролун ойногом. Анда 4-класс болчумун. 3-курста “Чак түштө түшкөн чагылган” деген сериалга тартылдым. Окууну бүткөн жылы “Бунт” тартылып калды. “Экинчи режиссёр болуп бер, аны менен катар баш каармандардын бирин аткарып бер” деп чакырышкан. “Кыялкэштерге” дагы экинчи режиссёр катары чакырылгам. Зумрат деген каарманга башка актрисаларды көрүшкөн экен. Бирок ар кандай себептер менен алар болбой калып, мага сунуштап калышты. Азыр байкасам, көбүнчө экинчи режиссёр катары чакырышат экен. “Ак шоолага” дагы алгач 2 актрисаны тартып ойнотуп көрүп, андан кийин гана “биз каалагандай чыкпай жатат” деп мени чакырышкан.
“Ак шоолада” биринчи жолу терс каарманды ойнодум. Кичинемде эркек балдарды ойносом, чоңойгондо жалаң жаркылдаган, шайыр мүнөз, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн каармандарды ойноптурмун. Башында корктум, терс каарманды ойноо татаалыраак, тишим өтөбү деп чочуладым. Анын үстүнө эл кандай роль ойносоң ошондой кабыл алып калат. Бул сериал чыккандан кийин каргап, сөгүп жазгандар болду. “Сендейлерди ит аткандай атып кетиш керек” деген комментарий эсимде калган (күлүп).
– Коммерциялык тасмаларды көп сындашат эмеспи, өзгөчө улуу муун. Бул тасмалар тууралуу оюңуз кандай?
– Оюм түз. Канча сын айтылбасын эл талап кылганды бериш керек. Коммерциялык фильмдердин да айтайын деген ою бар. Алардын да коомдун бөлүгү болгонго акысы бар. Кесиптештер канчалык деңгээлде ишке ашырып жатышат, бул башка маселе. Баарыбыз элге эмне берип жатсак да, анын таасири болорун түшүнүшүбүз керек. Аша чапкан учурлар болот. Бирок ал жоопкерчиликти ошол чыгармачыл адам өзү сезип оңдобосо, сындаган менен пайда жок. Азыр демократия, адам каалаганын кыла берет. Сындап отура бергенден натыйжа жок. Токтоп калгандан көрө жумуштун болуп турганы жакшы. Кыргыз киносунда, театрда баары токтоп калган учур болгон. Мен, тескерисинче, улуу муунга суроолорум бар, мисалы, эмнегедир алар шакирт тарбиялабагандай сезилет. Бир учурда режиссёрлор жок болуп калган. Азыр өз киндигин өзү кесип, аракет кылып иштеп жүргөндөр көп. Иштеп жаткандарды колдош керек. Качандыр бир убакта өзү эле сандан сапатка өтөт.
– Кандай ролду кыялданасыз?
– Чыңгыз Айтматовдун каармандарынын бирин ойноону, тарыхый тасмада, Канн фестивалына катыша алган фильмде роль жаратсам дейм. Психологияны 180 градуска буруп салган роль болсо ойномокмун. Бир роль үчүн айлап-жылдап чыгармачылыкка көмүлө иштеп даярдангым келет. Дегеле кандай роль болбосун көрүүчүнүн арзуусун тапкан образдарды жаратууну кыялданам.
– Жаш, сулуу актрисанын жеке жашоосунда ким бар? Жигиттерге талаптарыңыз кандай?
– Жигитим жок. Түгөйүм болчу адам кайсы чөйрөдөн болгону маанилүү эмес. Негизгиси дүйнөгө болгон көз карашыбыз бир болсо болду. Ак көңүл, берешен, эркектик сапаттары бар, жоопкерчиликтүү болсо.
– Табылат деп ишенели. Маегиңизге рахмат.
Перизат Музуратбекова