Түрк кино жылдызы ПЫНАР ДЕҢИЗ

Макалабыз түрк кино сүйүүчүлөрүнө арналат. Түркиянын таланттуу актрисаларынын бири Пынар Деңиз бүгүнкү күндө көпчүлүктүн көз алдында. Анткени ал башкы каармандын образын жараткан “Өкүм” сериалынын популярдуулугу күндөн күнгө артып барат. Алдыда актрисанын балалыгы, чыгармачылыкка аралашуусу, жашоосундагы урунттуу учурлар тууралуу маалыматтарды сунуштайбыз.

Пынар тууралуу кыскача...

  • Туулган жери: Түркия, Адана шаары
  • Туулган жылы: 1993-жыл, 4-ноябрь
  • Жылдыз белгиси: чаян
  • Бою: 168 сантиметр
  • Кесиби: актриса
  • Үй-бүлөдө 5 бир тууган: агасы, эжеси жана иниси, сиңдиси бар.
  • Билими: Стамбул университетинин коомчулук менен байланыш жана жарнама бөлүмүн аяктаган.
  • Тартылган белгилүү тасмалары: “Сен менин мекенимсиң”, “Сүйүү 101”, “Сүйүү 102”, “Бир тууганым-2”, “Кызыл бөлмө”, “Өкүм” (“Сот процесси” деген аталышы да бар) жана башка.
  • Учурда өзүнөн 10 жаш улуу актёр Йигит Кыразжи менен кыз-жигит мамиледе. Экөө ушул эле жылы Netflix’тин “Баш аламан сүйүү” тасмасын тартуу учурунда табышкан.
  • Испандардын фламенко бийин чимириле бийлейт.
  • Ырчы Мурат Далкылычтын “Яни” ырынын клибине тартылган.
  • Бош убактысында жалгыз сейилдегенди, музей, көргөзмөлөрдү кыдырганды жактырат. “Мага өзүмө гана тиешелүү, эч ким кирбей турган, кичинекей болсо да аянтчам болгону маанилүү. Жалгыз калып медитация кылып, ойлорумду иреттеп алам” дейт актриса.

БАЛАЛЫГЫ

– Мен көчө чаңытып ойногон балдардын акыркы муунунун өкүлүмүн десем болот. Азыркылардын балалыгы гаджеттер менен гана чектелип калбадыбы. Биз караңгы кирип, ата-энебиз кулактан чоюп үйгө алып киргиче топ, скакалка, чехарда, жашынмак, айтор, оюбузга эмне келсе ошону ойночубуз. Чарчаганда жерге отуруп алып билген ырларыбызды ырдаар элек. Ал убакты азыр эстесем да кубаныч, бактылуулук сезимине курчалам.


ҮЙ-БҮЛӨСҮ

– Айланамдагы жандуу-жансыз нерсенин баарын сүйүп, баалоону үй-бүлөм үйрөттү. Апам... Дүйнөдөгү эң боорукер, ишенчээк, ак көңүл адам менин апам болсо керек. Анын биринчи планга өзүн койгонун такыр көрө элекмин. Дайыма бирөөгө камкордук кылып эле жүрөт. Атам да ошондой адам. Атам шишкебекканада кебаб жасап, сатар эле. Дайыма ыш, эт жыттанып турчу. Жөнөкөй, орто жашаган адамдар үчүн 5 баланы эч нерседен кем кылбай багып, татыктуу тарбия берүү оор эле болсо керек. Бирок бизге андай оорчулукту сездирбей чоңойтушту. Бир туугандарымдын арасынан эжем менен аябай жакынмын. Азыркыга чейин мага сунушталган сценарийлерди чогуу окуп, талкуулап, анан чечим чыгарабыз. Кинодо кетирген каталарымды көзгө сайып көрсөткөн номер биринчи сынчым да эжем.

КИНОГО КЕЛГЕНИ

– Актриса болуу максатым деле жок болчу. Психолог же адвокат болом дечүмүн. Дайыма жардамдын кайсы түрүнө болсо да муктаж адамдарга колдоо көрсөткүм келер эле. Бир күнү Голливуд актёру Леонардо Ди Каприонун “Кандуу алмаз” киносун көрүп калдым. Киного шумдук таасирленбесем да, актёрдун талантын бааладым. Бирөөгө жардам бериш үчүн же бай, же атактуу болуш керек экенин түшүндүм. Бай болууга караганда актриса болуу кол жетерлик нерсе болчу да. Ошон үчүн актёрдук чеберчилик курсуна жазылгам. Анда деле кантип кино дүйнөсүнө аралашууну билбейт элем. Туугандарыбыздын аялы мени менеджерлик агенттикке жаздырып коюптур. Ал жерден сүрөтүмдү продюсер Гани Мюжде көрүп калып, “Баарын кайра башта” тасмасынын кастингине чакырган. Ал жакка барганым да кызык. Толтура адамдар комиссия отурган бөлмөгө кирип-чыгып жатышты. Мурда-кийин кастингге барбагандан кийин эмне кылышты билбейм да. Бир маалда бир кыз келип колума 2-3 бет барак карматып кетти. Сценарийден үзүндү окшойт деп койдум. Кезегим келгенде бөлмөгө кирдим, “баштай бериңиз” дешти. Ичимден “эмнени?” деп коём. Мага суроо беришсе жооп берем деп ойлогом да. Айла жок баягы кыз берген барактарды четинен шытыратып окуп кирдим. Аягына чыккыча бир топ эле убакыт өттү, эч ким мени токтоткон жок. Көрсө, барактагыны окубай, актёрдук чеберчилигиңди көрсөтүп ойноп беришиң керек экен да. Ошентип уят болгом. Бирок кастингден өтүп кеттим да, Пынар Деңиз деген актрисаны жараттым.

ПЫНАРДЫН АТЫН ЧЫГАРГАН ЭМГЕКТЕР

Актрисалык карьерасында бурулуш жасап, Пынардын “визиттик карточкасына” айланган, анын атын көпчүлүккө тааныткан “Сен менин мекенимсиң” сериалы болду. 2016-жылы экранга чыккан, башкы ролдорду атактуу актёрлор Халит Эргенч менен Бергүзар Корель аткарган сериал Кыргыз өлкөсүндө да популярдуу болгон. Пынар Деңиз болсо Халит менен Бергүзардын тасмадагы кызынын ролун ойногон. “Бул сериалга тартылуу менен мен адам катары да, актриса катары да чоңойдум. Сериал да, аны жараткан адамдар да менин жашоомдо өзгөчө орун ээлеген адамдар болуп калды”,- дейт Пынар.

Дүйнөнү “ыйлаткан” сериалдардын бири “Түбөлүк сүйүүнүн” жылдызы Бурак Өзчивит менен тартылган “Бир тууганым-2” тасмасы да Пынардын мактана турган эмгектеринин бири.

Эми учурда популярдуу болуп жаткан “Өкүм” сериалына келсек. Анда башкы каармандар ошол эле “Түбөлүк сүйүүдө” Эмир Козжуоглунун образы өзүнө куп жарашкан актёр Каан Урганжиоглу жана Пынар Деңиз. Бири прокурор, экинчиси адвокат. Аталган сериалды жазардан мурун сценарист Сема Эргенекон 2 жыл бою сот залына барып, андагы соттук процесстердин жүрүшүнө көз салып турган. Андан сырткары адвокат, прокурор, тергөөчү, психологдор менен иштешкен. Жыйынтыгында биз көрүп жаткан долбоор жаралды. Баса, Каан менен Деңиз тандеми буга чейин эле ишке ашкан. 2020-жылы Netflix платформасына “Сүйүү 101” сериалы чыккан. Жаштардын жашоосун чагылдырган сериалда Каан менен Пынар бири-бирин жактырып калган мугалимдердин ролунда болчу. Тагдыр, тагыраагы, тасма талаасы аларды кайра бириктирип, “Өкүм” сериалында да арзышкандарга айланышты. “Экөөбүз бири-бирибизди бардык жактан толуктап турган өнөктөшпүз” дешет алар.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 990, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан