ГАБИОНДОН ТУРГУЗУЛУУЧУ ТАШ КОРГОН

Бул ирет аз каражат кетирип, абдан бышык жана курууга оңой болгон коргон тууралуу сөз козгойбуз. Мындай коргон менен үйдүн тегерек-четин гана эмес, үлүш жериңизде же дачаңызда сай же өзөн болсо анын эңкейишин, жээктерин тоссоңуз болот. Андан тышкары жайлоодо мал үчүн ачык короо куруп алууга да мүмкүн.

Габион – бул ичине таш толтурулуучу цинктелген темир тор. Габион коргон оригиналдуу, экологиялык жактан таза. Мындай торду даяр темир тордон тышкары габион зымдардан жасап алса болот. Габиондун түрлөрү бар:

- армирленген (склети, каркасы бар) панелдүү габион;

- чыйратылып, толготулуп буралган 2 кабат зымдан жасалган тор;

- коробка түрүндөгү габион тор;

- матрац-габион;

- цилиндр түрүндөгү габион.

Булардын ичинен коргон курууда эң көп колдонулганы каркастуу темир тор менен коробка түрүндөгүсү. Каркастуу темир тордон коргон тургузууда коргондун туурасын каалагандай өлчөмдө кыла аласыз. Алгач жерге темир мамылар, анан эки жагына торлор орнотулат. Торлор мамыга керектүү жерлеринен бекитилип, карматылат. 2 тордун ортосуна таштар ташталат. Ал эми коробка түрүндөгүлөрү заводдон чыгарылат, бирок чыйратылган 2 кабат зымдан кыркып, ширетип колдон жасап алгандар жана саткандар да бар. Коробка түрүндөгүлөрү 6 кырдуу келип, ачылма капкагы болот. Узундугу көбүнчө 2, бийиктиги 50-100 сантиметр, жазылыгы 0,5-1 метр болот. Бирок узундугу 6 метрге чейинкилери да жолугат. Ичине таш толтурган соң капкагы жабылат. Негизгиси, ташты толтурууда аларды нык, тегиз кылып салуу зарыл. Мындай түрдөгү габион менен коргон куруу эң ыңгайлуу, анткени жерди тегиздеп алып, габион коробканы коюп, ичине таш толтурган соң капкагын жаап, анан катарынан үстүнө дагы башка коробканы коюп ичин толтуруп кете бересиң. Коробкаларды бири-бирине жоон зымдар менен бекитип карматуу керек.

Айрымдар габион коргон үчүн пайдубал куюшат.

Ташты үнөмдөш үчүн кээ бирлер коробканын ортосуна сынган кыш менен бетондорду коюп, четтерине таштарды ташташат. Таштын ордуна гранит, базальт, порфрит жана башкаларды колдонууга болот. Таштардын кооздорун тандаса короо көрктүү болорун эске алыңыз.

Габиондор акыркы кездерде ландшафттык дизайнда көп колдонулууда.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 990, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан