“ИЧПЕЧИ, АПА”

– Бүгүн да апамдын курбулары келишти. Бүгүн да иним экөөбүзгө тынч уйку жок болот турбайбы. Анткени бул эжелер келгенде үйдө дайыма ызы-чуу болот. Көзүмдү жумуп жаттым. Саат түнкү 23:00 болуп калган. Эми алар түнү менен отурушат, ичимдик ичишет да, каткырышат, ырдашат... Кээде урушуп да кетишет. Кээде болсо башка байкелер да келишет...

Апам көп иштейт. Бизди багайын деп 3 жумушта иштейт. Кээде күнү-түнү иштеп, бизге үй тапшырмаларды аткарганга жардам берүүгө алы келбей калат. Бирок минтип эс алганы да көп. Атам экөө мен 7ге чыгып калганда ажырашышкан. Ошондон бери иним экөөбүздү апам жалгыз багып, өз күчү менен үй алып, бизди эч нерседен кем кылган жок. Азыр мен контракт төлөп мыкты делген жеке менчик мектепте окуйм. Мунун баарында атамдын салымы деле жок. Аны мен өзүм деле көрүп жүрөм. Атамдын кээде гана таттууларды көтөрүп келип бизди көрүп кеткени болбосо, биз үчүн акча бергенин, сабагыбыз, кийимибиз үчүн кабатыр болгонун уга элекмин. Кээде экөөнүн ушул тууралуу урушуп калганын да угуп калам. Бул жүктүн баарын жалгыз көтөргөндөн чарчайт окшойт апам байкуш, ушунун баарынан качкысы келгенде ичимдиктен күчүн чыгарат окшобойбу. Бирок мага апамдын бирөөлөрдү чогултуп алып үйдө ичкени жакпайт. Муну көргүм келбейт, кабыл алгым келбейт. Бир ирет суу ичейин деп алар отурган ашканага кирип калсам, апам өзү менен чогуу иштеген байкенин алдында отуруптур. Ал байке апамдын санынан сылап, бетинен өөп жаткан экен. Мен чоңоюп, 14 жашка чыктым. Көп нерсени түшүнүп калдым. Ушундан кийин апамды көргүм келбей, ага таарынып, бирок эч нерсе айта албай көпкө жүргөм. Өзүмчө депрессияга түшүп, классымдагы балдар дагы билип койгондой алардан да уялып жүрдүм.

– Апа, досторуңуз биздин үйдөн эс албай эле коюшсунчу,- дедим бир ирет араң гана үн катып. Бул сөздү айтуу үчүн мен көп убакыт күч топтогон элем.

– Антип айтпа да, балам, алар менин досторум да,- деп койду апам.

Бир чети бул тууралуу апам менен сүйлөшкөндөн уялсам, бир чети корком. Ошентип ушундай күндөр 5 жылдан бери уланып келе жатат. Апам жакшы адам. Мен аны аябай жакшы көрөм. Ал эже, байкелер келбеген күнү биздин үйдө баары сонун. Апам бизге тамак жасап берет, биз каалаган оюндарды ойнойбуз, базарга барып бизге жаккан буюмдарды алабыз... Ошол учурлар мага аябай жагат. Апа, ичимдик ичкен эже, байкелер үйгө келбей эле коюшсунчу.

Акылбек

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 990, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан