ВУНДЕРКИНДДЕР

Өзгөчө шыктуу балдар – коомдун чоң байлыгы. Тарыхта аты калган не бир таланттуулар кичинекей кездеринде эле өзгөчөлүгү менен айырмаланышкан. Вундеркинддердин арасынан кийин дүйнөгө белгилүү музыканттар, сүрөтчүлөр, математиктер жана башкалар чыгышкан жана чыгып жатат.

Мурунку доордун вундеркинди

3 жашында концерт берген музыкант
Генийлердин бири – музыканын дөө-шаасы Вольфганг Моцарт. Атасы мыкты музыкант болгондуктан, Вольфганг музыка боюнча алгачкы сабактарды атасынан алган. 3 жашында Зальцбург шаарында өзүнүн алгачкы концертин койгон. 4 жашында концерттерде өзүнө жаккан музыканын ар бир нотасына чейин эсинде сактап кала алчу. 6 жашында пианинодо, скрипкада, органда ойноп, эл көзүнө көрүнүп калган Вольфганг өзүнөн улуу пианист эжеси жана атасы болуп европага гастролго чыккан. Кайда болбосун Вольфгангдын чеберчилиги сенсация жаратып турган. 35 жаштык өмүрүндө көптөгөн ийгиликтерге жетишкен Моцарт дүйнөгө эч көөнөрбөс, теңдешсиз музыкалык чыгармаларды жаратып кеткен.

Учурдагы вундеркинддер

6 жашар ЖОЖдун студенти
Мексиканын борбору Мехикого жакын жайгашкан айылдагы 6 жаштагы Максимилиано Ареллано де ла Ноэ аттуу бала теңтуштарынан өзгөчө шыктуулугу, эс-тутумунун күчтүүлүгү менен айырмаланат. Мисалы, ал кайсы китепти окубасын аны эсинде жатка сактап кала алат. Медицинага кызыгып, алтургай илимий конференцияларды өткөрүүгө жетише баштаган. Ата-энеси баласынын талантын ачуу максатында аны университетке тапшыртышты. Вундеркинд эми 13 жашында ЖОЖду бүтүрүп, дипломдуу врач болуп чыкмакчы. Анын врачтык кесипти аркалоону тандап алганынын себеби, атасы – врач. Ошондуктан, үйүндө турган медициналык көптөгөн китептер Максимилианонун кызыгуусун туудуруп, ал бардыгын окуп чыгып, жаттап калган.
Максимилианонун өзгөчө эс тутумга ээ экендиги 3 жашында билинген. Ата-энеси ага атлас сатып берип койсо, ал атластан дүй­нө жүзүн­дөгү өлкөлөр­дүн борбор шаарларын жаттап, анан аларды үйүн­дөгү­лөр­гө жатка айтып берип ооздорун ачыр­ган.

11 жашында 7 нерсени ойлоп тапкан бала
Алтайлык Эрнесто-Евгений Санчес-Шайда бир жылда 2-3 класстын программасын өздөштүрүп жүрүп отуруп, мектепти эрте аяктаган. Мындай өзгөчө баланы Алтайдын мамлекеттик техникалык университети шефке алып келген. Анткени, ЖОЖ Эрнесто мектепти бүтсө, өзүндө окутуп, иштетип, чет өлкөгө кетирбөөнү көздөгөн эле. Андыктан, анын билиминин өсүшүнө шарт түзүп, ага ЖОЖдун интернетинен бекер пайдаланууга уруксат берген. Алтургай аталган окуу жайдын ректору Эрнестонун тилегин ишке ашырып, компьютер белек кылган. Эрнесто 12 жашка толгонунда 2003-жылы өзүн шефке алып келаткан окуу жайынын студенти болуп кала алды. Окуу жайга ректор экзаменсиз кабыл алган.
Вундеркинддин апасы Татьяна 1981-жылы Одессадан кубалык Эрнесто Энрике Санчес деген адам менен таанышып, баш кошкон. Экөө бир жылдан кийин атасынын атына окшош уулдуу, 4 жылдан кийин кыздуу болушкан.
Эрнестонун шыгы 2 жаш 7 айында окуганды үйрөнүп алганынан билинген. Оор конкурстан жеңип алгандан кийин көзгө урунуп, аты оозго алына баштаган.
Учурда Эрнесто – 7 ойлоп табуунун ээси. Алардын ичинде өзгөчө түзү­лүш­төгү телевизор, компрессорсуз иштеген муздаткыч бар. Эрнесто сүрөт тартуу менен алектенип, ыр, обон жарата билет жана проза менен да шугулданат.

Илимдин эң жаш кандидаттары
Россиялык бир тууган эже-сиңдилер Анжела менен Диана Князевалар мектепти 10 жана 11 жашында аякташкан. 1997-жылы институтка тапшырышып, арадан 3 жыл өткөндөн соң аны аякташкан. Андан кийин экөө бир эле мезгилде аспирантурага жана АКШнын Стэнфорд университетине тапшырышкан. 2002-жылы экөө университеттен магистрлик даражага ээ болуп чыгышкан. Эже-сиңдилер англис, француз, испан, немец, итальян тилдеринде эркин сүйлөшөт. Учурда улуусу 21, кичүүсү 20 жашта. АКШда жашап, АКШдагы Рочестер университетинде “финансынын адъюнкт-профессору” кызматында иштешет жана жакшы иштегендиктери үчүн сыйлыктарга татыктуу болушкан. Экөө Россияга качан кайтып келип иштеше тургандыктары азырынча белгисиз. Бирок, экөөнүн апасы “кыздарым сөзсүз мекенине кайтып келип, кызмат кылышат” деп ишендирет.

Бетти даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 241, 15-21-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан