«АЙЫЛ БАНК» AБ24 МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИН КОЛДОНУУНУ СУНУШТАЙТ

Банк өз кардарлары үчүн AБ24 мобилдик тиркемесин колдонууну сунуштайт, бул ыңгайлуулук, аралыктан туруп банктык тейлөөдөн пайдалануунун ишенимдүү мүмкүнчүлүгү.

AБ24 мобилдик тиркемеси – бул күн ичинде 24 саат, ал эми жума ичинде 7 күн бою мобилдик телефон аркылуу банктык эсептеги акча каражаттарын көз ирмемде, коопсуз жана ыңгайлуу шартта тескөөгө алууга өбөлгө түзгөн аралыктан банктык тейлөө платформасы.

AБ24 аркылуу кардарлар банк кеңселерине келип отурбастан, кайсы убакытта болбосун финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кардарлар үчүн тиркеме аркылуу кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылат, атап айтканда:

1. Бир эле учурда дароо бир нече эсептерге – эсептешүү жана депозиттик эсептерге (ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебин кошо алганда), төлөм карттар, акча каражаттарына көз салып көзөмөлдөө жана эсептердеги калдыктарды текшерүү системасына туташуу;

2. Талап боюнча төлөнүүчү эсептерин, мультивалюталык жана депозиттик эсептерди, кредит алууга билдирмелерди онлайн шартта ачуу жана сунуштоо;

3. Банк кардарлары ортосунда алуучунун эсеп, карт же телефон номерлери боюнча акча которуулар;

4. Кыргыз Республикасынын бардык банкынын Элкарт картына акча которуулар;

5. Эсептер, карттар ортосунда акча которуулар, депозиттик эсепти толуктоо;

6. Эсептен Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банкынын эсебине улуттук валютадагы клиринг жана гросс төлөмдөрдү ишке ашыруу;

7. Юридикалык жактарга которуулар жана SWIFT системасында чет өлкө валютасында банктар аралык которуулар;

8. Кыргызстан жана Өзбекстан жарандары – жеке адамдары үчүн "Береке" системасы аркылуу акча которуулар;

9. Жеке адамдар үчүн Contact, Золотая Корона, Unistream жана башка ушул сыяктуу эл аралык акча которуу системалары аркылуу которуулар;

10. Валюталар жана баалуу металлдар боюнча курстарга тиешелүү маалыматтарды алуу;

11. Салык төлөмдөрү, уюлдук байланыш, коммуналдык төлөмдөр, интернет жана кызмат көрсөтүүнү сунуштоочуларга 800дөн ашуун төлөмдөр;

13. Жакын жайгашкан тейлөө пункттары жана банкоматтардын даректери боюнча маалыматтарды алуу;

14. Төлөөлөрдү тез арада, оңой ишке ашыруу үчүн төлөм үлгүлөрүн (шаблон) түзүү;

15. Биометрикалык маалыматтар (бармак басты, FaceID) боюнча операцияларды тастыктоо;

Мындан тышкары бул тиркеме аркылуу финансылык каражаттар эсебин каттап, алардын чыгымдалышын көзөмөлгө алууга да болот.

Тиркемеге кантип туташууга болот?

– Тиркемени жүктөп алуу аркылуу.

– Логин алуу үчүн паспорт менен банктын сизге жакын бөлүмүнө барып, келишим түзүү талап кылынат.

– Катталгандан кийин уюлдук телефонго SMS аркылуу сыр сөз жөнөтүлөт, ошондон кийин гана тиркемеге кирүүгө болот.

Системада эки факторлуу жана биометрикалык аутентификациялоо шарты, ошондой эле Face ID жана бармак басты, убактылуу коддор (sms, push) аркылуу биометрикалык тастыктоо өзгөчөлүгү камтылган.

Аралыктан туруп банктын тейлөөгө алуу ыңгайлуулугу билдирмелер аркылуу маалымдоого жана банк сыяктуу эле, кардар тарабынан операциялар жана банктык продукттар боюнча лимиттерди аныктоого мүмкүндүк берет.

Банктын негизги милдети – 24/7 аралыгында төлөмдөрдү тез арада ишке ашырып, банк операцияларын жүргүзүү аркылуу Кыргызстандын финансы рыногунда өз ордун бекемдөө.

AБ24 тиркемесин Play Market жана AppStore`дон көчүрүп алуу мүмкүнчүлүгү да жөнгө салынган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 990, 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан