СТИВЕН КИНГ, НЕЙМАРДЫ БАГЫНТКАН «КАГАЗ ҮЙ» СЕРИАЛЫ

Дүйнө элинин көңүлүн бурган тасмалардын таржымалы менен тааныштырууну улантабыз. Корейлердин “Кальмар оюну” сериалы 100гө жакын мамлекеттин тандоосу менен Netflix платформасында 1-орунга чыкканы тууралуу жазганбыз. Мындай көрсөткүчтү испандардын “Кагаз үй” сериалы 2018-жылы эле багынтып, №1 болгон эле. Быйыл аталган сериалдын 5-сезонунун акыркы серияларын көрөрман чыдамсыздык менен күтүп жаткан. Ал күн да келди, 3-декабрда “Кагаз үйдүн” акыркы сериялары чыгат.

Тарткан өлкө: Испания.
Чыккан жылы: 2017-2021

Жанр: боевик, детектив, триллер

Режиссёрлору: Хесус Кольменар, Алекс Родриго жана башка

Башкы ролдордо: Альваро Морте (Профессор), Урсула Корберо (Токио), Педро Алонсо (Берлин), Альба Флорес (Найроби), Мигель Эрран (Рио), Хайме Лорэнте (Денвер), Эстер Асебо (Стокгольм),
Ициар Итуньо (Лиссабон) жана башкалар

МАЗМУНУ

Испаниянын акча чыгарган Падышалык тыйын сарайына 8 адамдан турган уурулардын тобу кирип, бир нече адамды барымтага алат. Алардын максаты – көп суммадагы акча басып чыгарып, аны сарайдан алып чыгып кетүү. Бирок полиция курчаган жайдан кантип чыгышат? Бул суроонун жообун бир гана Профессор каймана аттуу адам билет. Билмексен болуп сыртта жүргөн Профессор полициянын ар бир кадамына көз салып, ошого жараша ууруларга тапшырма берип турат. Мына-мына кылтакка илинерде ал ууруларды сарайдан алып чыгып кетет...

Дүйнөнүн ар кайсы бурчуна чачыраган уурулардын бири колго түшүп, аны куткаруу үчүн Профессор командасын кайра чогултат да, Испаниянын башкы банкын колго алат. Уурулардын тобу менен мамлекеттин бардык күч түзүмдөрү каршы келген кармашта жеңиш ким тарапта болот?

Кызыктуу учурларга бай сериалдын мазмунун кагаз бетине жазып бүтө албастырбыз. Андыктан, бош болгонуңузда көрүп коюңуз.

NETFLIX САКТАП КАЛГАН

“Кагаз үй” сериалынын 1-сериясы Испаниянын Antena 3 телеканалына чыкканда эле 4,5 миллион көрүүчү топтогон. Кино сынчылардан да жакшы пикирлерди уккан тартуучу топтун кубанычында чек жок эле. Бирок кийинки сериялардын чыгышы менен тасманын рейтинги түшүп отурган. Ошол учурда Netflix пайда болду. Ал телеканалдан эл аралык укукту сатып алып, “Кагаз үй” аталышын “Банкты тоноо” деп өзгөртүп, 2-сезондун чыгары тууралуу жарыялаган.

“Кагаз үй” Netflix’ке көп киреше алып келген долбоор болду. Компанияга карата “акча табыш үчүн эле сериалдын кызыгын кетирип 5 сезонго узартып салышты” деген сындар арбын. Бирок тасманын күйөрмандары ар бир серияны чыдамсыздык менен күтүп көргөнү көргөн.

Сериал 2018-жылы “Эң мыкты драмалык сериал” номинациясында “Эмми” сыйлыгына ээ болгон. Сериалда Профессор, Токио, Денвердин образын жараткан 3 актёр социалдык тармактарда жүргүзүлгөн сурамжылоо боюнча дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу адамдардын катарына кошулган.

ЭКРАН СЫРТЫНДА

Өзгөчө ысымдар

Сериалда уурулардын ар биринин каймана аты бар, болгондо да шаарлардын аталышы. Алгач команданы чогултканда Профессор “өзүңөр тууралуу маалыматты эч ким билбеши керек. Акчаны бөлүшкөндөн кийин кайрадан бири-бирибизди тааныбаган адамга айланабыз” деген. Ошентип биз Токио, Москва, Берлин, Денвер жана башка шаарлар, тагыраагы, каармандар менен тааныштык. Режиссёр Хесус Кольменар “бир жолу кесиптешибиз жумушка боорунда “Токио” деген жазуусу бар рубашка кийип келиптир. Аны карап туруп каармандарга шаарлардын аталышын берели деген ой келди” дейт. Азыр сериалдагы актёр-актрисалардын чыныгы атын көпчүлүк билбесе керек, бирок “Кагаз үйдөгү” Токио же Берлин десеңиз, тааныгандар четинен чыгат.

Тартылган жерлер
1-сезондо ар кайсы шаарлар көрсөтүлгөнү менен, каражаттын жетишсиздигинен тартуу иштеринин баары Мадридде өткөн. Калган шаарлар компьютердик графиканын жардамы менен ишке ашкан. Netflix’тин кошулушу менен гана тартуу аймагы кеңейди. Баса, чыныгы Падышалык тыйын сарайын тартууга коопсуздук чараларынан улам тыюу салынган. Андыктан сериал курулушу жагынан тыйын сарайына бир аз окшош Улуттук илим изилдөө борборунда тартылган.

Форма
Сериалдагы дагы бир эсте кала турган учур бул – уурулардын формасы. Кыпкызыл комбинезон, Сальвадор Далинин жүзүн чагылдырган маскалар. “Дали” фонду атактуунун жүзүн мындай мыйзам бузуучу иш-аракеттерге колдонууга уруксат бербегенин айтышкан. Тартуучу топ болсо "уруксат суроого кажет жок, бул жөн гана мурут тартылган маска" деп тим болушкан.

Атактуу күйөрмандар
Сериалды күтүп көргөн күйөрмандардын арасында атактуулар да бар. “Ужас падышасы” атка конгон америкалык жазуучу, анын китептеринин негизинде көптөгөн Голливуд тасмалары тартылган Стивен Кинг сериалдагы уурулардын бири болсо Бостон деген ысымды тандамак экенин айтат. Бразилиялык футболчу Неймар да кызыл комбинезон кийгендердин катарына кошулгусу келген. Бул максатын ишке ашырган футболчуну 3-сезондо эпизоддук ролдон көрө аласыз.

«Bella ciao»
Сериалдын популярдуулугу артканы чет элдиктер эле эмес, кыргыз күйөрмандар да «Bella ciao» ырын угуп, Инстаграм, ТикТокто видео тартып калышты. Бул ыр сериалга чейин эле, тагыраагы, экинчи дүйнөлүк согуш учурунда антифашисттик кыймылдын гимни катары Италияда ырдалып, ошону менен дүйнө жүзүнө тараган. “Кагаз үй” сериалында ыр жеңиштин гимни катары колдонулат.

Кыйынчылыктар
Мадриддин негизги аянтында дирижаблда асмандан евро чачкан кадр 100дөн ашуун дубль менен тартылган. Чачылган акча режиссёрлор каалагандай кыймылда учпай операторлорду кыйнаган.

Суунун астындагы акча сактоочу жайды тартууда Улуу Британияда жайгашкан атайын резервуар колдонулган. Суунун астында сакталган алтын куймалар атайын катырылган көбүктөн жасалган эле. Тартуу учурунда алар улам суунун үстүнө калкып, бир аздан кийин формасын жоготуп жарабай кала берген.

ЖЫЙЫНТЫГЫНДА...

Тасма канчалык кызыктуу болбосун, андан эмне сабак алса болот деген жагдайды да унутпаш керек. “Кагаз үй” сериалында кызыктуу, динамикалуу сюжетти кууп, кайсы маалда Профессордун командасына кошулганыңды билбей каласың. Бирок канчалык кызыкпа, каармандарга бооруңду оорутпа, алар – кылмышкер. Уурулук, адам өлүмүнө жеткирген иш-аракеттерди жасаган каармандардан үлгү алып, кумир тутуунун кереги жок.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nurgazy80
2021-12-07 09:08:40
Комментарий жок го,эч ким көрбөйбү не?
0
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан