«ВИЧ: ИЛДЕТТИ ЖЫНЫСТЫК ЖОЛ МЕНЕН ЖУКТУРГАНДАР КӨБӨЙДҮ»

1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата бул маселе боюнча Кыргызстандагы абалга кызыгып көрдүк. Абал жакшы эмес дешти адистер. Аталган илдетти жыныстык жол менен жуктуруп алгандар көбөйүп жатканын айтат Республикалык СПИД борборунун жетекчиси
Үмүт Чокморова.

“ЭМИ ВИЧти ТЕСТ МЕНЕН АНЫКТООГО БОЛОТ”

– СПИДге каршы күрөшүү күнү 33 жылдан бери белгиленип келет. Ооруну алып жүргөндөрдү бат, кыска убакытта аныкташ үчүн көп жаңы ыкмаларды киргиздик. Мисалга алсак, шилекей аркылуу экспресс-тест менен ооруну аныктоо системи. Базарларда, соода түйүндөрүндө ири иш-чаралар уюштурулуп, бир айдын ичинде эле 1800 адамдын шилекейин экспресс-тесттен өткөрдүк. Алардын жетисинен ВИЧ оорусу аныкталды. Экспресс-тест менен ВИЧти алып жүргөн адамды таап, аны дарылап башкаларга жугуздурбоого болот. ВИЧти жуктуруп алгандардын көбү баңгизат колдонгон жарандар болгондуктан атайын “Метадон” программасы менен дарылоо ыкмасын киргизгенбиз. Баңгилер мурун баңгизатты бир ийне менен беш-алтоо сайынып, ооруну жуктуруп алышчу. Азыр күндө эртең менен бир күндүк дозасын наркологиялык борбордон ичип кетишет. Муну менен биз ийне аркылуу ооруну жуктуруп алуу коркунучун азайттык.

Негизи дарттын вирусу организмге киргенде иммунитет жабыркап, адам жеңил ооруларга да туруштук бере албай калат. Эски оорулары козголуп, күчөй баштайт. Дарттын белгилери дене тап узак убакытка көтөрүлөт, тер басат, шалдыроо күтүлөт, булчуңдар, сөөктөр оорутат. СПИДди кадимки өтүшүп кеткен өнөкөт оору катары караш керек, вирус жок болбой организмде жүрө берет.

“КАЙДАН ЖУКТУРГАНЫН БИЛБЕГЕНДЕР КӨП”

– ВИЧ – шприц, жыныстык катнаш, кан аркылуу жугат. Анан кош бойлуу кезинде энеден балага, төрөт учурунда, эмчектин сүтү аркылуу да жугат. 2009-жылы оорунун энеден балага өтүү көрсөткүчү 39 пайыз эле, 2021-жылга бул көрсөткүч 1 пайызга түштү. Анткени азыр кош бойлуу аял медициналык каттоого турганда эки жолу ВИЧке кан тапшырып калган. Муну менен биз баланын ВИЧ менен төрөлүүсүн алдын алып, ВИЧ менен ооруган энени баласын төрөй электе дарылап жатабыз.

Айрым жаштар баш аламан жыныстык катнашка барышат. Коргонуучу каражаттарды колдонушпайт. Баңги, сойку эмес, жөнөкөй жарандардан деле ВИЧ аныкталган учурлар көп. Каяктан жуктурганын билбегендер бар, тиш доктурга бардым эле, маникюр, педикюр жасаттым эле дешет. Статистика боюнча мурун ийне аркылуу жуктургандар көп болсо,азыр жыныстык катнаш аркылуу жуктургандардын саны көбөйдү.

“НООКАТТА ВИЧ ЖУКТУРУП АЛГАН БАЛДАРДЫН АЛДЫ 18 ЖАШКА ЧЫГЫП КАЛДЫ”

– 2007-жылы Ноокат райондук ооруканасында дарыгерлердин шалаакылыгынан улам 391 бала ВИЧ илдетин жуктуруп алган. Алардын алды азыр 17-18ге чыгып калышты. Ата-энелери жыл сайын өкмөттөгүлөргө кайрылып, мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн көмөктү көбөйтүүнү суранып турушат. Бүгүнкү күндө өлкөдө 725 балада ВИЧ илдети бар. ВИЧ илдетине чалдыккан 507 бала 18 жашка чыккыча 4 миң сомдон жөлөк пул алат, учурда аны 10 миң сомго көбөйтүп бергиле деген талаптар болуп жатат. ВИЧ жуктурган балдардын ата-энелери 2019-жылы өкмөткө кайрылышканда алар “балдар 18ге чыкканда өзү жашаган жеринен жер тилкеси берилет, жигиттерге мөөнөтсүз аскердик күбөлүк, жогорку окуу жайдан атайын орундар бөлүнөт” деп чечим чыгарышкан. Ноокаттагы стационарда илдет жуктурган балдар жыл сайын Ысык-Көлгө барып эс алышат, пандемия убагында үйүнөн окусун деп ар бирине планшет беришкен. Ошондой эле 391 балага 2022-жылдын март айынан баштап бир жолу төлөнүүчү 100 миң сомдук жөлөк пул берилип баштайт. Ата-энелер тарабынан ушул бир жолу берилүүчү жөлөк пулду жыл сайын берүү сунушу да айтылууда.

Статистика

1996-жылдан 2021-жылдын сентябрына чейин

1. Чүй облусу – 2943 адам (каза болгону 806)

2. Ош облусу – 1623 (каза болгону 364)

3. Бишкек шаары – 2345 (каза болгону 248)

4. Ош шаары – 1218 (каза болгону 455)

5. Жалал-Абад облусу – 1163 (каза болгону 297)

6. Ысык-Көл облусу – 348 (каза болгону 50)

7. Баткен облусу – 264 (каза болгону 58)

8. Нарын облусу – 203 (каза болгону 42)

9. Талас облусу – 154 (каза болгону 37)

Жалпы – 10 261 адам, мунун ичинде чет өлкөлүктөр 605.

Кыргызстанда ВИЧ, СПИДди алып жүрүүчүлөрдүн 63,2 пайызы эркектер, 36,8 пайызы аялдар.

ВИЧ СТАТУСУН АЧЫКТАГАН БЕЛГИЛҮҮЛӨР

Атактуу “Queen” тобунун ырчысы Фредди Меркьюри СПИД менен ооруйт экен деген кептер 5 жыл бою басылмаларда жазылып, талкуу болуп бүткөн соң 1991-жылы коомчулукка өзүнүн ВИЧ статусун ачыктаган. Анда ал “массалык маалымат каражаттары бул маалыматты таратуу менен эмес, ооруган адамдарга кантип колдоо көрсөтсө болот деген маселеге элдин көңүлүн көбүрөөк буруш керек” деген. Фредди оорусун ачыктаган күндүн эртеси көз жумган. Ошондой эле Улуу Британиянын экс-маданият министри Крис Смит, Голливуд актёру Чарли Шин, америкалык акын жана композитор Жерри Герман, жазуучу Ларри Крамер, баскетболчу Ирвин Жонсон, 4 жолку Олимпиада чемпиону Грег Луганис, орусиялык алпаруучу Павел Лобков, супермодель Жиа Каранжи өзүнүн ВИЧ статусун коомчулукка ачыктаган. “Евровидение-2014” музыкалык сынагынын жеңүүчүсү австриялык ырчы Кончита Вурст да 2018-жылы көп жылдан бери ВИЧ статусун алып жүрөрүн айтып чыккан. Кончита “бул маалыматты жакындарымдын бири элге айтып чыгам деп көптөн бери коркутуп жүргөндүктөн өзүм коомчулукка айтып чыгууну туура көрдүм” деп билдирген.

“АПА, ДАГЫ КАНЧА ЧЫДАШЫМ КЕРЕК, ӨМҮР БОЮ ДАРЫ ИЧЕМБИ?”

Ош облусунун тургуну Ж.К. ВИЧ илдетин жуктуруп алган уулунун тагдыры тууралуу буларды айтып берди:

– Балам Белек 2 жашында кайнак сууга күйүп калып, ооруканага кайрылган элек. Ал жерде 22 күн жаттык. Дарыгерлер күйгөн ткандар тезирээк айыгышы үчүн кан куюу керек экенин айтышып, бул коопсуз экенин түшүндүрүштү. Мен аларга ишенгем, анткени дарыгерлер өз ишин жакшы билишет деп ойлогом. Ошондо кан куйганда балам ВИЧти жуктуруп алды деп ойлойм. Балам кургак учук менен да ооручу. 12ге чыкканда мен үй-бүлөлүк шартка байланыштуу чет өлкөгө иштегени кеткем. Балам катуу ооруп калыптыр. Жаман кабарды угуп учуп келдим. Райондук дарыгерлер так диагнозун коё алышкан жок, иммунитети алсыз дешти. Балабыз бир аз жакшы болуп калганда мен кайра иштегени чет өлкөгө кеттим. Бирок 2 жумадан кийин балам кайра ооруканага жатып калыптыр. Дарыгерлер баламдын ВИЧке чалдыкканын айтышты. Муну укканда дүйнөм астын-үстүн болуп кетти. Депрессияга түштүм. Балам ВИЧке чалдыкканын ал 1-жолу ооруканага түшкөндө эле дарыгерлер билишкен деп ойлойм, бирок мага айтышкан эмес. Уулум эки жыл дарыланды, бул аралыкта көрбөгөн азапты көрдүк. 12 жаштагы бала 16 килограмм салмакта жүрдү, көзү менен сөлөкөтү гана калган эле. Үйүбүздү сатып, акчасын баламды дарылатууга жумшадык. Күн сайын толтура дарыларды иччү, бир жолу санап да көрдүм, 27 даана дары ичти. Балам тажаганда “апа, дагы канча чыдашым керек, өмүр бою дары ичемби?” деп жүрөктү оорутчу. Бирок дарыгерлер чоң колдоо көрсөтүп, балам күн өткөн сайын оңолуп баратты. Айрым ата-энелер баласынын оорулуу экенин 1-2 жылда билсе, биз 10 жылдан кийин билдик.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан