АТАМБАЙДЫН УУЛУ БАЙ, БАБАНОВДУН БАНКЫ БАР

Депутаттар парады

Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары төш белгисин алып, ант берип эле кайра убактылуу эс алууга кетишкендей. Алар эс алуудан келгиче биз парламенттин курамына көз салып, кайсы депутат эмнеси менен өзгөчөлөнүп турарын байкаштырдык.

ЭҢ БАЙЛАР
Жыл сайын байлардын акчасын санап турган “Форбс” сыяктуу таанымал журналыбыз жок болсо да, көрүп-угуп калганыбызга таянып, депутаттардын капчыктууларын аныктамак болдук. Капчыктуулардын сап башына КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев, “Республиканын” “атасы” Өмүрбек Бабанов менен Бишкекке кайра кайтып келген “ата журтчу” Нариман Түлеев чыкчудай.
Алмазбек мырза советтик бийлик кулагандан кийин ишкердик менен алектенип жүрүп, “Кыргызавтомашты” сатып алып бутуна турганын билебиз.
Ал эми Бабанов капиталды бензин сатуу менен чогултуп, эми банк бизнесинин кыныгын тапты.
Нариман мырзанын болсо Кытайга темир ташып отуруп ити чөп жегенин угуп келебиз. Бишкектин экс-шаар башчысынын канча акчасы, канча үйү жана канча жан сакчысы бар экенин ким билсин, бирок аны катарынан 4 Жип коштоп жүрөрүнөн кабарыбыз бар.

ЭҢ КҮЧТҮҮЛӨР
Бул командага күч структураларында иштеген, эл арасында кадыр-баркы барларлы киргиздик.
7-апрель окуясынын каарманы, “ата мекенчи” Болот Шер оор мезгилде өлкөнүн ички тартибин жөнгө салганына баарыбыз эле күбө болдук. Ошол эмгектери эске алынып, Роза Отунбаеванын колунан “милициянын генерал-лейтенанты” деген наам алды.
“Ар-намыстын” башчысы Феликс Кулов милициянын генерал-лейтенанты. 2001-жылы темир торго камалып, наамынан да ажыраган. Бирок 2005-жылы Жогорку сот коюлган айыптарды жокко чыгарган.
Ал эми КСДПнын 2-адамы Исмаил Исаков быйылкы жылдын башында эле генерал-лейтенант наамын тарттырып, 8 жылга кесилген. Бийлик алмашкан соң анын да чини калыбына келтирилди.

ЭҢ УЛУУСУ ЖАНА ЭҢ КИЧҮҮСҮ
Жогорку Кеңештин эң аксакал депутаты – “ата мекенчи” Ташболот Балтабаев. Ал 65 жашта. Учурда спикерлик милдетти убактылуу аткарууда.
Ал эми эң жаш депутат – “ата журтчу” Нурзат Осмонова. Бул кызыбыз, болгону, 24 жашта. Айтмакчы, ушул эле партияда анын атасы Курманбек Осмонов дагы бар.

ЭҢ СУЛУУ АЙЫМ ЖАНА ЭҢ СЫМБАТТУУ МЫРЗА
Эгерде Жогорку Кеңештин жаңы депутаттарынын арасында “Сулуу айым жана мырза” сынагы өткөрүлсө, анда “ата мекенчи” Жоомарт Сапарбаев менен “республикачы” Чолпон Султанбекова эң көп упайга ээ болмок. Чолпон айым маркум Баяман Эркинбаевдин жубайы жана 3 баланын энеси. Ал эми 26 жаштагы Жоомарт Сапарбаев депутат болгонго чейин активдүү митингчи болуп келген.

ЭҢ ПРИНЦИПИАЛДУУЛАР
“Беттегенин бербеген, карманган жолунан кайтпаган, өжөрдүгү менен өзгөчөлөнгөн депутат ким?” десе эле “ата мекенчи” Өмүрбек Текебаев эске түшөт. Ушул эле топко “ата журтчу” Камчыбек Ташиевди кошсо болчудай. Текебаев мырза 19 жылдан бери бийлик менен күрөшүүдөн тажабаса, Камчыке экс-премьер-министр Данияр Үсөнов менен айтыша кетип, министрлик кызматын кылчайбай таштап кеткен.

ЭҢ АТАКТУУНУН КЫЗЫ
Аталган наам боюнча “ата мекенчи” Ширин Айтматова башкаларга чылбырды карматпасы анык. Ширин айым залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жалгыз кызы жана Кира-Керемет деген ширин кыздын энеси. Бул кызыбыздын дагы бир өзгөчөлүгү – англисче ойлонуп, кыргызча сүйлөгөнүндө.

ЭҢ ЭР ЖҮРӨКТӨР
“Эл өкүлдөрүнүн эр жүрөктөрү ким?” деп карап көрүп, талапкерлерди КСДПдан таптык. Алар – Курсан Асанов менен ушул эле партиянын депутаты Данияр Тербишалиев. Бир канча жылдан бери милицияда иштеп келе жаткан Курсан Асанов Оштогу июнь окуясынан кийин белгилүү адамга айланды. Ок учкан Ош шаарын тайманбай бронежилетсиз аралап, тартип орноткон Курсан мырза элдин “эр жүрөк жигит” деген алкышына татыды.
7-апрелге чейин жыты билинбеген Данияр кезектеги бийлик төңкөрүшүндө талоончулардын душманы, ишкерлердин коргоочусу болуп калды. Тербишалиев мырзаны бишкектиктер “Патриот” деген кыймылдын арты менен таанышат.

Эльвира Караева, Рахат Токсобаев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
kyrs
2010-11-28 00:53:05
Курсан Асанов чыныгы ЭР ЖУРОК.
0
antislav
2010-11-28 08:10:46
Адашпасам журналдын аты "Форбес" эмес беле
0
antislav
2010-11-28 08:13:00
Текебаевди коп эле мактап коюп атасынар.Анан мактаган кыз тойдо дегендей болуп калбасын.Карга баласын аппагым дейт экен.
+1
adalsvards
2010-11-28 11:52:19
Журналдын аты жазылышы боюнча "Forbes" деп жазылганы менен баардык орус тилдүү басылмалар "Форбс" деп беришет:
Forbes (Форбс) — американский финансово-экономический журнал; одно из наиболее авторитетных и известных экономических печатных изданий в мире. Основан в 1917 году Берти Чарлзом Форбсом.,-Википедиядан алынды!
0
super
2010-11-28 13:08:41
antislav
"Адашпасам журналдын аты "Форбес" эмес беле"

Англисче тамгалап жазылышы "Форбес", бирок окулушу "Форбс" болуп окулат
0
antislav
2010-11-28 21:42:14
oy rahmaaat,silerge
0
maratbek
2010-11-30 17:23:09
а ушулардын арасында эң кембагалы бар бекен?
0
№ 421, 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан