ТАМШАНТКАН КАМЫР ТАМАКТАР

Кыргыз эли эт, камыр азыктарына басым жасайт эмеспи. Бул сапар ушул азыктардан жасалган белгилүү бир аймакка тиешелүү тамактардын рецепттерин сунуштайбыз.

ЖАТКАН ТӨӨ

Нарын, Ысык-Көл тарапта жасалып жүргөн камыр тамактын бири. Куурулган азыктардын үстүнө бышырылган оромо убакытты аз алат, даамдуу да болот. Ал эми аталышы өркөч сымал жайгашкан камырга карата чыккан деп айтылат.

Керектелүүчү азыктар:

Камыры үчүн:

Ун – 400 грамм

Жумуртка – 1 даана

Туз – 1 чай кашык

Суу – 120 миллилитр

Куурмач үчүн:

Эт – 500 грамм

Пияз – 3 баш

Көк пияз – 1 боо

Сабиз – 2 даана

Болгар калемпири – 2 даана

Картошка – 1 килограмм

Өсүмдүк майы – 100 миллилитр

Туз, мурч, татымалдар – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач эленген унга жумуртканы чегип, туз салынган суудан куюп камыр жууруп 20 мүнөт тыныктырып коюңуз. Бул аралыкта ийлеп туруңуз.

2. Куурулчу азыктарды жууп-тазалап, чоң-чоң бөлүктөргө бөлүп алабыз. Бир баш пияз менен көк пиязды майда туурап, туз, мурч, калемпир кошуп аралаштырып коюңуз. Бул камырдын бетине себелөө үчүн керек.

3. Жуурулган камырды жука жайып коё туруңуз.

4. Этти да орточо бөлүктөргө бөлүп, казанга өсүмдүк майынын үчтөн бир бөлүгүн куюп, ысыган соң этти салып 5 мүнөт кууруп, капкагын жаап ширеси сорулганча дагы кууруйбуз. Үстүнө пияз кошуп соолуганча кууруп, артынан сабизди, туз, мурч, көңүлгө жаккан татымалдардан салып аралаштырабыз. 5 мүнөттөй капкак жаап демдеңиз. Эми болгар калемпирин, картошканы салып аралаштырып, кайнап жаткан суудан көмбөгүдөй куябыз.

5. Жайылган камырга өсүмдүк майын же сары май, нак каймак, каймак майдан жакшылап сүйкөп, даярдап койгон пиязды себелеп ороңуз. Кааласаңыз ичине эч нерсе себелебей деле бышырсаңыз болот. Кайнап чыккан казанга оромону тегерете салып, капкагын жаап 25-30 мүнөт бышырыңыз. Бышкан соң камырды бөлүктөргө бөлүп куурмач менен аралаштырып алып жесеңиз сонун!

КУРГАК КЕСМЕ

Ысык-Көл жана Нарындын кээ бир аймактарынын жашоочулары үчүн сүйүп жеген тамактардын катарында. Куурмачтын буусуна бышкан камырдын даамы тамшандырбай койбойт.

Керектелүүчү азыктар:

Камыры үчүн:

Ун – 400 грамм

Жумуртка – 1 даана

Туз – 1 чай кашык

Суу – 120 миллилитр

Куурмач үчүн:

Эт – 500 грамм (сөөктүү эт алсаңыз болот)

Куйрук май – 3-4 кесим

Өсүмдүк майы – 80 миллилитр

Пияз – 2 баш

Сарымсак – 3 тишче

Помидор – 1 баш

Сабиз – 2 даана

Картошка – 1 килограмм

Туз, мурч, калемпир – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Камырды өтө жука эмес жайып коёбуз.

2. Пиязды жарым шакекче, помидорду жука, сабизди чоңураак узун-узун, сарымсакты ичке туурап, картошканы чоң-чоң бөлүктөргө бөлөбүз.

3. Этти сөөгүнөн ажыратып чоңураак туурайбыз.

4. Казанга май куюп ысыган кезде куйрук майды, этти сөөктөрү менен салып 15-20 мүнөттөй капкагын жаап коюңуз. Андан соң пияз менен сарымсакты салып аралаштырып кууруйбуз. Эми сабиз менен помидорду салып, туз, татымалдарды себелеп аралаштырып бир аз кууруйбуз да, картошканы салып кайнак сууну жакшы көмгүдөй куюңуз. Капкагын жаап 25 мүнөт кайнатуу керек. Үстүндөгү майын калпып, бир идишке куюп алыңыз.

5. Жайылган камырды колго же кесме кескен машина менен кесип алабыз.

6. Шорпонун үстүнө кесмени салып, калпып алган майды жаба куюп, капкагын жаап күчтүү отто 12-15 мүнөт бышырабыз.

7. Камырды касканга салып, кайнап жаткан куурмачтын (шорпо) үстүнө коюп, капкагын жаап жай отто 20-30 мүнөт демдеп бышырууга да болот. Бышканда тегиз аралаштырып дасторконго коюңуз.

ЧЫМЧЫМА

Бул тамак казак элинде көп жасалгандыктан ага чектеш жайгашкан Таласта, андан тышкары Чүй, Аксыда бышырып жүрүшөт. Чымчымадан тышкары жалкоо манты, жаппасай, индия мантысы деп да аташат.

Керектелүүчү азыктар:

Камыры үчүн:

Ун – 400 грамм

Жумуртка – 1 даана

Туз – 1 чай кашык

Суу – 120 миллилитр

Туурамжы үчүн:

Уй же кой эти – 300 грамм

Пияз, сабиз – 2 даанадан

Картошка – 300 грамм

Болгар калемпири – 2 даана

Сарымсак – 2 тишче

Өсүмдүк майы – 50 миллилитр

Томат пастасы – 1 аш кашык

Суу – 200 миллилитр

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Камырды жука жайып, майдын жарымын бетине сүйкөп, беттеп бүктөйбүз. Анын үстүн да майлап коюңуз. Эми 8х8 сантиметр чарчыларга бөлүп даярдап алыңыз.

2. Куурулчу бардык азыктарды майда төрт чарчы туурайбыз.

3. Казанга калган майды куюп ысып чыкканда эт, пиязды салып бир аз кууруу керек. Үстүнө сабизди салып 5 мүнөт кууруп, анан калган азыктарды, туз, мурч, томат кошуп аралаштырабыз да, көмбөгүдөй кылып кайнак суу куюу керек.

4. Кайнап чыкканда үстүнө камырларды тизип салып, казандын капкагын жаап 12-15 мүнөт бышырабыз. Тамагыбыз даяр! Тарелканын четтерине камырды, ортосуна туурамжыдан салып, камырды бирден алып туурамжыдан чымчып алып жей берсеңиз болот.

Камырды өзүнчө касканга салып бууга бышырып алсаңыз да болот.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Flowhive
2021-12-09 00:19:33
Кургак кесме эмес,камыр палоо деп айтылат
+2
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан