ЭЛЕКТРОМОБИЛЬ – УЧУР ТАЛАП КЫЛГАН ҮНӨМДҮҮ УНАА

Аба булганып, дүйнө экологиялык катастрофага кептелгенден тарта андан чыгуунун түрдүү жолдору сунушталып келет. Унаалардагы күйүүчү майдан чыккан зыяндуу заттардан кутулуу үчүн элди экологияга зыян келтирбеген унаа менен жүрүүгө үндөш керек дешет окумуштуулар. Бүгүн биз электр энергиясы менен жүргөн унаалар тууралуу кеп кылабыз.

ДҮЙНӨ ЭЛЕКТРОМОБИЛДИ ТАНДООДО

Учурда дүйнө боюнча электромобилдерге болгон суроо-талап өсүүдө. Мисалы, Кытайда 2019-жылы 628 миң, АКШда 149 миң, Германияда 48 миң, Норвегияда 44 миң электромобиль сатылган. Ал эми Орусияда 2019-жылдын январь айына чейин 3600 электр унаасы катталган. Кытай өлкөсү 2022-жылга чейин толук кандуу электромобиль унааларына өтүүнү пландап жатышат. Жарандардын күйүүчү май менен жүргөн эски унааларын жаңы электромобилдерге алмаштырып беришет. 2022-жылдын аягына чейин “Tesla” компаниясы менен 780 миллион электромобиль унаасын сатып алуу келишимин түзүштү.

“100 ЧАКЫРЫМГА 40 СОМ КОРОТОСУЗ”

Кыргызстанда электромобилдерди саткан компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Дастан Чаргынов аталган унаанын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

– Электромобилдердин өзгөчөлүгү эмнеде жана эл эмне үчүн бул унааны тандашы керек?

– Электромобилдерди экологиялык жактан таза, үнөмдүү болгону үчүн тандаса болот. Кыргызстанда учурда күйүүчү майдын баасы асман чапчып турат. 100 чакырым жерге орто эсеп менен 12 литр күйүүчү май куйса 600 сомдун тегерегинде каражат коротот. Ушул эле аралыкты электромобиль менен басып өтсө 15 эсе аз чыгым тартат. Болжол менен 100 чакырым жерге машинаны заряддого 40 сомдук электр энергиясы коройт. Биз ушул жылдын февраль айынан бери Кыргызстанда электромобилдерди сатып иштейбиз. Ушул аралыкта 70тей электромобиль саттык. Элдин бул унаага болгон кызыгуусу күчөп, тазалыгын жана үнөмдүүлүгүн жактырышууда.

– Электромобилдер зарядсыз канчалык алыс жүрө алат?

– Алыска жүрүүсү батареясынын сыйымдуулугунан көз каранды. Канчалык кубаттуу болсо, ошончолук алыска жүрө алат. Бирок көпчүлүк өндүрүшчүлөр унаалардын алыска жүрүүсүн “NEDC” системи менен ченешет. Мисалы, Honda X-NV үлгүсүндөгү электромобиль 480 чакырым алыска жүрө алат деп көрсөтүлсө, реалдуу түрдө андан 40-60 чакырым аз жүрөт.

– Көпчүлүк электромобилди кубаттоого 8-9 саат кетет дешет, канчалык бат кубаттоого болот?

– Эгер кадимки 220 ваттык розетка менен кубаттасаңыз, 100 пайыз кубат алгыча 8-10 саат кетет. Кубаттануу убактысы батареянын сыйымдуулугунан да көз каранды, ал канчалык аз болсо, ошончолук бат кубат алат. Мисалы, кубаттуулугу 22 киловаттык унааны толук заряддоо үчүн 1,5-3 саат эле кетет.

– Бишкек шаарынан электромобилдерди кубаттоочу жай табуу кыйын дешет?

– Бишкекте кубаттоочу бир нече жай бар. Бирок биз өзүбүздүн кеңсебиздин жанына бат кубаттоочу станция ачканбыз. Келип электромобилдериңизди бекер кубаттап кетсеңиздер болот. Дареги: Исхак Раззаков көчөсү, 2.

– Унааны бир жолу кубаттап Бишкектен Ошко жетүү мүмкүнбү?

– Бишкек менен Оштун аралыгы 750 чакырым. Унаанын алыска жүрүүсү 250-300 чакырым болгондо да Төө-Ашууга чыгып-түшүүдө электр кубаты тез коройт. Эгер жолдон 1-2 жолу токтоп кубаттап алса жетүү мүмкүн. Бирок бизде аймактарда электромобилди кубаттоочу станциялар дээрлик жокко эсе. Андыктан бул маселеде кыйынчылык жаралат.

– Кыргызстандын рыногуна сатууга качан чыккан?

– Дүйнөдө бир топ өнүккөн өлкөлөр унааларды сырттан алып кирүү боюнча мыйзамдарды кабыл алып, чектөөлөрдү киргизишти. Электромобилдер 2030-жылга чейин дүйнөдө кеңири тарайт. Ал эми Кыргызстанда аларды алып келүү 2019-жылы башталып, жарандарга сатуу тенденциясы 2021-жылы башталды.

– Кыргызстанда электромобилдерди тейлөө станциялары менен камсыз кылуу реалдуубу?

– Учурда бул көйгөйлөрдү чечүү маселеси ишке ашып жаткан чагы. Учурда электромобиль айдагандар гибрид унааларын тейлеген борборлорго кайрылса болот. Ал жакта бул унаанын батареясынын түзүлүшүн жакшы билген адистер бар. Биздин компания жеке электромобилдерди тейлөө борборун ачканы турат. Мындан сырткары кубаттоочу станциялардын санын көбөйткөнү жатабыз.

– Эмнеге баасы кымбат?

– Анткени орнотмо жабдыктары кымбат. Батареясы кадимки кыймылдаткычтан кымбат турат, бирок механикалык кыймыл аз болгондуктан оңою менен эскирбейт. Электромобиль сиздин убактыңызды жана ресурсуңузду үнөмдөйт. Зыяндуу заттарды чыгарып экологияны булгабайт. Бышык да болот, көп бузулбайт. Баасы кымбат болгону менен, бир нече жылда өзүн актайт. Электромобилдердин Кыргызстандагы баасы 10 500 доллардан жогору, көбүнчө бизде Honda, BYD, Changan, Chery, Nissan үлгүсүндөгү электромобилдер сатылат. Кардар унааны айылда айдайбы, шаарда айдайбы, айырмасы жок, кээ бир электромобилдердин жүрүүчү бөлүгүндөгү тетиктерине күйүүчү май менен жүргөн унаалардын тетиктери туура келе берет. Ал эми калган тетиктерин Кыргызстанда жок болсо чет өлкөдөн буюртма берип алдыртат. Буюртма менен алдыртуу иши азыр биздин компания аркылуу оңой жана бат жүрүп калган.

Электромобилдер тууралуу кызыктар:

• Кыймылдаткычынын үнү акырын чыгат;

• Кемчилиги катары кымбаттыгын белгилесе болот. Жөнөкөй үлгүдөгү электромобилдер 25-30 миң евро, “Tesla” компаниясынын унааларынын эң кымбаты 80-90 миң евро турат. Аккумуляторунун кызмат кылуу мөөнөтү кыска – 7 жыл;

• Электромобилдер бир жолу кубаттоо менен 150-250 чакырымга чейин жүрө алат. Бирок жакында эле “Tesla” компаниясы бир жолу кубаттоо менен 550-600 чакырым жүрө ала турган жаңы электромобиль чыгарды;

• Алыскы жолго чыкканда кубаты түгөнүп калса запастагы даяр кубаттоочу батарея менен алмаштырып алса болот.

Ушул тапта ар бир унаа чыгарган завод электромобиль чыгарат. Мындай тенденцияны экономисттер элдин таза унааларга болгон суроо-талабынын көптүгү менен түшүндүрүшөт.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kari
2021-12-07 13:51:08
Уйдон эле зарядтаса боло турган болсо жакшы эле да,Лейлектен же тоолуу райондордон шаарга келип зарядтап кеткиче тугонот та.Экологияга таасири тийбегени жакшы экен.Эми комур жаккан печкаларга да чыпка же фильтр ойлоп чыгуу керек.Комурдун газы да аябай жаман
0
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан