КИЙИМ ЭНЕРГЕТИКАСЫ

Эзотериктердин маалыматы боюнча, кийимдердин өзүнүн энергетикасы болот. Кийим биздин денебизди жаап тургандыктан анын энергетикасы адамдын энергетикасы менен туташып, байланышып, адамдын эмоциясына да таасир этет.

Улуттук кийим

Мындай кийим маданияттын бир бөлүгү. Улуттун жашоо шарты, маданияты, тарыхы, адеби жана башкаларына жараша жаралып, калыптанган кийим. Жөнөкөй жана ыңгайлуу тигилип, улуттук оюм-чийими барлары адамды жаман көздөн, кара күчтөрдөн сактайт. Аны кийген адамга оң энергия чогулат.

Табигый була, жүндөн жасалгандар

Зыгыр, пахта булаларынан жасалган маталар табият, жамгыр, шамал, күн нурларынын таасирин өзүнө сактап калат. Андыктан андай матадан тигилген кийимдер адамдын аурасына оң таасир этип, тынчтандырып, эс алдырат. Жибек – тыт жалбырагын жеп чоңойгон жибек курттарынын иштеп чыгарган продукциясы. Жибек кийим жаман энергиядан адамды коргоп турат.

Малдын жүнү ээсинин энергиясын сактап калат, андыктан адамдын энергиясы менен аракеттенгенде ал адамдын биоталаасын кеңейтип, чечкиндүү, өзүнө ишенимдүү, сергек кылат. Койдун жүнүнөн жасалган пледди жамынганда кандай жылуу жана ыңгайлуу боло түшөрү буга мисал.

Синтетикалык кийимдин табият менен эч байланышы жок. Андыктан муздак жана денеге жуга бербейт. Аурабызды жаман нерселерден сактай албайт.

Айта кетчү нерсе, кийим бычылып, тигилип жатканда аны жасап жаткан адамдардын энергиясынын канча бир бөлүгүн да өзүнө сиңирип алат. Андыктан кийим чыгаруучу ишкана, цехтегилер муну бирөөлөр киет, алардын керегине жарап жатам деп позитивдүү ой менен тигүүлөрү туура.

Жабышкан шым, жабышкан көйнөк ээси үчүн энергетикалык вампирге айланып, энергиясын соруп алат. Адам бат чарчап, шалдырайт. Кененирээк, анан да жабык тигилгени энергияны сактап берет. Ачык-чачык кийимдерден адамдын энергиясы чыгып кетет. Ошол үчүн да ишке орношкону баарлашууга барганда ачык эмес кийинип барсаңыз энергияңыз толук экени билинип, жакшы, иштемчил адам катары таасир калтырасыз.

Кыскасы, колдон келишинче табигый нерселерден тигилген кийимди кийүү керек. Болбоду дегенде ички кийимдердин табигый болушу шарт, ал эми сырткы кийимдин синтетика болушуна уруксат.

Кийимди алмаштырып туруу керек

Эски кийимдерден убагында кутулуп туруу кажет. Анткени анда энергетика түгөнүп жана адамдын энергетикасын да жакшы сактай албай калат. Жаңы кийимдеги жаңы энергетика сизди кубаттуу, позитивдүү кылат.

Бирөөнүн кийимин кийүүгө болобу?

Эгер ал бир тууганыңыздын кийими болсо, эски болбосо жана бир тууганыңыз оорубаса кийсеңиз боло берет. Анткени кийим ээсинин да энергетикасын өзүнө сиңирип алган. Ал эми секонд-хендден аларда ойлонуңуз. Ал кийимдин мурунку ээси оорукчан же мүнөзү жаман же жакшы адам болгонун билбейсиз да. Оорукчан, жаман мүнөздөгү адамдардын кийиминен терс энергетиканы алып, чарчап, жөнү жок кыжалат болуп же жолуңуз болбой терс таасирин тийгизе баштайт.

Сиз кайсы бир учурда бирөө менен катуу уруштуңуз же бир жаман окуяга кабылдыңыз дейли. Ошондо сиз көтөрүп жүргөн сумка, кийип жүргөн кийимдериңиз да терс энергияны соруп алып, өзүндө алып жүргөн болот. Андыктан андай кийимди кийбегениңиз туура.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 991, 3-9-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан