– Рахат, акылыңа кел, ал эжем менен 1 жыл кыз-жигит болуп жүргөн!
– Эмне болуптур? 8 жыл мурун болгон ал мамиле, ал убакта Эмил жаш да болчу...
– Айырмасы эмне, "бир кезде эжем менен жүргөн жигитке турмушка чыкканы жатат" деп апама айтсам эсинен танат... Эч ким билбей эле калсын! Азыртадан токтот ал менен сүйлөшкөнүңдү!- деп ортончу эжем урушуп бөлмөмдөн чыгып кетти.
Эмил менен таанышканыма 3 ай болду. Жашы 32 де, үйлөнгөн эмес. Мүнөзү оор басырыктуу, табышкер, камкор, баары мен кыялдангандай. Турмуштун кызыгын кара, Эмил 24 жашында улуу эжем Назира менен 1 жылдай кыз-жигит болуп жүрүп, эки ача жолго түшүшкөн. Ал кезде мен сүйүү менен иши жок 11 жаштагы секелек кыз элем, азыр 19дамын. Биринчи жолу чыныгы сүйүүгө кезигип, махабатка мас болуп турам. Чынында, Эмилдин эжем менен жүргөнүн башынан эле билчүмүн. Бирок эжем турмушка чыккан, 3 баласы бар, жездеме чейинки эски жигитин эстебесе керек деп ойлойм.
Эмил менен курбумдун туулган күнүндө тааныштым. Кечеде менден көзүн албай, мени тейлеп, тарелкама салаттарды салып берип, чогуу бийлеп, тойдо утуп алган сыйлыгын белек кылып, унаасы менен үйүмө чейин жеткирип... Кыскасы, идеалдуу мырзаны кезиктирдим, келечектеги өмүрлүк жолдошумду таптым деп ойлодум. Таанышкандан бир жумадан кийин кыз-жигит болуу сунушун киргизди. Көп кызык күндөрдү өткөрдүк. Бир жолу кол телефонумдагы сүрөттөрдү карап отуруп эле катып калды.
– Эмил, эмне болду? Эжем сулуу бекен, ээ?..
– Мм-м, ооба... Сага такыр окшобойт экен. Азыр каякта?
– Турмушка чыккан, балдары бар.
– Мм... Рахат, эжең мени тааныйт, сурасаң. Биз бир кезде жакын адамдардан болчубуз?
– Кандайча жакын, экөөбүздөйбү?
– Ооба.
Эмилдин эжемдин жигити болгонун эки айдан кийин билдим. Бул убакта ага көнүп, аны менен келечегимди элестетип, кандай үлпөт көйнөгүн киеримден бери пландап койгон элем. Оюмдагы кыялдарым жерге талп этип түшкөндөй болду. Бир жумадай чалбай жүрдүм... Бирок кыйналып кеттим. Өзүм чалдым, жолугушууну сурандым. Ал ушуну менен бүттү деп ойлогон экен. Мен бүтүргүм келген жок! Мамилебизди улантууну чечтик, кандай жыйынтык болору мени кызыктырбайт эле, бир күн болсо да сүйүктүүм менен өткөрүү мен үчүн маанилүү болчу. Эмил менен WhatsApp`тан жазышып отурсам ортончу эжем келип дагы кармап алды.
– Эй, сен шүмшүк кыз болдуң го! Жогот дебедимби! Апам, эжем укса териңди тескери сыйрышат!
– Мен Эмилди сүйөм...
– Сен азыр сүйүү эмне экенин билбейсиң, эжем анын айынан кандай азап тартканын билесиңби? Сүйөм-күйөм, сага үйлөнөм деп жүрүп, чогуу жашап, боюнда болуп калганда таштап кеткен. Эжем болбой анын ата-энесинин үйүнө барып алганда энеси үйүнөн кууп чыккан, “көчөдөн боюна бүткөн кызды киргизбейм” деп. Сен да эжеңдин жолун улайын деп жатасыңбы?
Уккан кулагыма ишенген жокмун, мындай ачуу сөздөрдү укканга даяр эмес элем. Эшикти тарс жаптым да, жаздыкты кучактап буркурап ыйладым. Жүрөгүм тилинип, “коё бербе, мен кантем?” деп жатты. Бирок аны укпашым керек болду. Эмилге акыркы катымды жаздым, “Бүттү. Кеттим. Бактылуу бол!” дедим. Билбейм, бул чечимди эмоция менен чыгардымбы, бирок сүйлөшпөгөнүбүзгө 3 жума болду...
Рахат