КИЙИНҮҮ ДА ЧОҢ ИСКУССТВО

Мода дүйнөсүндө

“Кийим толтура, бирок киейин десең эч нерсе жок”. Мындай фразаны көп колдонсоңуз, демек, сизге сөзсүз төмөндөгү кеңеш керек. Мода дүйнөсүндө саякат куруп жүргөнүнө көп убакыт болгон белгилүү дизайнер Жанара айым жакында “Мода жумалыгы” сынагында биринчиликти утуп, мода мекени болгон Парижге жолдомо алды. Эмесе, Жанара айымдын кеңештеринен.

ТҮСТӨР, ТҮСТӨР...
– Биздин эл жана грузиндер кара түскө көп басым жасашат. Психология жактан алып карасак, энергиялуу адамдарга кара түс жагат экен. Эми ал башка маселе. Мен жаштарга ачык түстөргө басым жасоого кеңеш берет элем. Анткени кара түс токтоо, анан кары көрсөтүп коёт. Негизи, бир адамдын кийиминде үч түстөн ашык болбошу талапка ылайык. Кийимдеги түстөр бири-бирине жакын болгону жакшы.
Мисалы, күрөң пальтого андан ачыгыраак күрөң түстөгү шарф же сумка жарашат. Эсиңиздерде болсун, муздак түстөр менен жылуу түстөр таптакыр айкалышпайт.

БУТ КИЙИМ
Аялзаты бийик такага басым жасаганы оң. Анткени бийик така боюңду түз алып жүрүүгө, сымбаттуу көрүнүүгө жардам берет. Бийик така менен бардык нерсени айкалыштырса болот. Мисалы, чолок шымдар менен бийик такалуу өтүк сонун жарашат.
Албетте, жапыз такалуу бут кийим көп баскан адамдарга ыңгайлуу. Жапыз така менен көбүнчө узун көйнөктөрдү айкалыштырса болот. Этеги жайык, тизеден ылдый көйнөктөр да жапыз така менен жакшы жарашып, кыялкеч адамдын образын түзөт. Жапыз така менен спорттук курткалар, кышкысын кончуна жынсы киргизилип коюлган бут кийимдер жакшы жарашат.

КЕЛБЕТКЕ КАРАП...
– Кийим тандоодо көбүнчө толук адамдар кыйналышат. Бирок айрымдар денесинин кемчилигин жашырам деп оркойтуп көрсөтүп алышат. Мисалы, толуктугун жашыруу үчүн кенен көйнөктөрдү кийишет. Бул денени ого бетер чоң көрсөтөт.
Ошондой эле толук айымдар кыска жемперлерден, костюмдардан качканы оң. Анткени кыска кийим аларды ого бетер тоголок көрсөтөт. Сызыкчалары туурасынан кеткен, чоң-чоң сүрөттөрү бар кийимдер денени толук көрсөтөт. Толук айымдар классикага көбүрөөк басым жасашы керек. Узун, тикесинен кеткен сызыктары бар көйнөктөр денени сымбаттуу көрсөтөт. Биздин тилде “отвлекающий манёвр” деп коёбуз. Мисалы, чоң чөнтөктөр менен өзгөчө түс же бир асем буюм кишинин көңүлүн буруп, басым анын толуктугуна жасалбайт.

АРЫКТАР КАНТИП КИЙИНИШИ КЕРЕК?
Адатта арыктарга баары жарашат деп коёбуз. Бирок ашыкча арыктыкты да жашырууга туура келет. Мисалы, жамбашы жалпак деп коёлу. Мындай айымдар денесинин бул мүчүлүшүн жашыруу үчүн көпчүлүк учурда белден ылдыйкы бөлүгү жайык көйнөктөрдү, юбкаларды кийгени оң.
Чапташкан жынсы шымдар жамбаштын жалпак экенин билгизип, көзгө жаман көрсөтөт. Ал эми төшү жалпактар көкүрөгү бир аз ачыгыраак футболкаларды же көкүрөк тушунда бүйүрмөлөрү бар көйнөктөр менен бул кемчиликти жашыра алышат.

АКСЕССУАРЛАР
– Азыр асем буюмдардын түрү көп. Моюнга асем буюм же шарф жарашышы моюндун узундугунан же кыскалыгынан көз каранды. Мою­ну кыскалар V түрүндөгү жакаларды тандагыны оң. Шарф же жоолук моюндун кыскалыгын ого бетер жагымсыз көрсөтүп коёт. Кыска моюндууларга оролуп турган асем буюмдар жарашпайт. Алар узун чынжырча тагынганы оң. Ал эми моюну узундарга бардыгы жараша берет. Тегерек беттүүлөр сүйрү же узун сөйкө тагынганы оң.

КЫСКАЧА
Жалпысынан кийинүүнүн стили беш түргө бөлүнөт:

  1. Гламур бул – классикалык стиль. Кечелерге, салтанаттарга кийинүү.
  2. Рок – кара түстөргө басым жасала турган жаштардын кийими. Өзгөчөлүгү, ар кандай кайыш, металлдар менен кооздолот.
  3. Дзен – чыгыш стилиндеги кийимдер.
  4. Спорт – түшүндүрүүнүн кажети жок.
  5. Поп – бардык стилди аралаштырып кийинүү.


Дизайнерден кеңеш

Биз Жанарага бир нече студент кыздын сүрөтүн тартып көрсөттүк. Ал өз тажрыйбасына таянып, төмөндөгүдөй комментарий бере алды.

– Бул кыз түстөрдү жакшы тандаган. Байкасаңыз, бут кийиминин түсү ачык күрөң, сумкасыныкы кочкул күрөң. Жогоруда айтып кеткендей, үндөш түстөрдү тандаган. Болгону, бут кийиминин кончу узунураак болсо болмок. Сумкасынын түзүлүшү анчалык жага бербеди. Анткени ковбойлук стилдеги сумка назик кыздын образы менен айкалышпай калган. Анын үстүнө сумканын чачыктары бул кийимге коошпой турат.

– Бул кыз дагы кийимдердин түсүн жакшы айкалыштырган. Кара куртка менен боз жемпери жакшы жарашат. Мен бул кыздын бут кийимин өзгөртмөкмүн. Анткени үстү ачык бут кийим менен күзгү куртка анчалык жарашпай калган. Ошондой эле чачын бийик кылып байлап, колуна чоң сумка карматып коймокмун.

– Сыртынан караганда баары ордунда. Бирок кыздын толук дене түзүлүшүнө карап, башкача кийим сунуш кылар элем. Жогоруда айтып кеткендей, толук денеге кыска кийим жарашпайт. Бул кыз бир аз узун плащ кийсе болмок. Мага чачынын жасалгасы жакты. Чачы түз, узунураак болгондуктан, визуалдуу түрдө узун көрүнүп жатканын байкадыңызбы? Көз айнеги да өзүнө жакшы жарашат.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
GIGI
2010-11-27 03:28:17
Ракмат ишинизге ийгилик!
0
Nurjanka
2010-11-29 15:48:51
Рахмат ар дайым жакшы кенештерди кутобуз
0
Jazgulya
2010-12-01 06:04:13
rahmat, ar daiym iygilik kowtosun.
0
legita
2011-05-23 15:56:37
молодец так держать
0
almagul_aravan
2013-07-16 17:52:47
кийим тандоодо кыйын бирок! кенештер учун рахмат!
0
№ 421, 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан