МЫРЗАЛАР КАНДАЙ АЙЫМДАРДЫ БААЛАШАТ?

Кандай аялды идеалдуу десе болот? Эркектер аялдардан эмнени издешет? Аялды эркектер табитине карап тандашат. Психологдордун айтымында, көбү өзүндө төмөнкүдөй сапат, мүнөздөрдү алып жүргөн аялдарды баалайт.

ӨЗҮНӨ КАМ КӨРГӨНДӨР

“Сырткы келбет маанилүү эмес” деп канчалык көп айтышса да, табият идеалдуу келбет тартуулабаса да, айымдар жакшынакай, стилдүү жана жагымдуу көрүнүшү керек. Эркектер “аял өзүнө кам көрсө, үй-бүлөгө да жакшы кам көрөт” деп ойлошот. Негизи өзүнө кам көргөн аял башкаларга кызыктуу көрүнөт.

ПОЗИТИВДҮҮЛӨР

Шайыр жана позитивдүү маанайда жүргөн аялдар эркектерди магниттей тартат. Өзүнөн, жашоосунан ырахат алганды билген айымдар мырзаларды суктандырат. Мындай аял менен бардык нерседе оңой: сүйлөшүүдө, бизнесте, күнүмдүк жашоодо. Эркектер аялдын жан дүйнөсүнүн абалын оңой эле окуй алышат. Эгер аялга бир нерсе жакпай жатса, мырзалар “маселе менде турбайбы” деп ойлошот.

МЫРЗАСЫН БААТЫР СЕЗДИРГЕНДЕР

Эркектин анын пикири аял үчүн баалуу жана олуттуу экенин билип туруусу өтө маанилүү. Сүйүктүүсүнүн жанында абройлуу жана күчтүү эркек экенин сезип турушу керек. Эгерде аял мырзасына өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берсе, мисалы, жардам сураса, кеңешсе, андай айым жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлейт.

КЕЧИРЕ БИЛГЕНДЕР

Эркектер үчүн каталарын моюнга алуу өтө кыйын. Алар аялынын жанында дайыма жеңүүчү болгусу келишет. Ошондуктан катасын айтпай эле койбостон, байкабай калгандай түр көрсөткөн аялга абдан ыраазы болушат.

ИШЕНИМДҮҮЛӨР

Өзүнө ишенген айымдар эркектерди өзүнө тартат. Анткени өзүн бардык кемчиликтери менен кабыл алган аялдар мырзаларды да кандай болсо ошондой кабыл алып, өзгөртүүнү каалашпайт. Андай айымдар жашоодон, мамиледен жана эркектерден эмне каалап жатканын так билишет.

АЯЛДЫК ЭНЕРГИЯСЫ АШЫП-ТАШКАНДАР

Аял эркекти ички абалы менен да өзүнө тартат. Анткени мырзалар жашоосунан ырахат алганды билген аялдарга тартылышат. Ошондуктан айымдар сүйүүгө оронуп, назик болуп турушу керек. Анткени эркектер аялдын энергиясы менен азыктанышат. Аялдын энергиясы эркекти эрдикке шыктандырып, күчтүү жактарын ачып, ийгиликке жетүүгө жардам берген күч.

КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫ БАР АЯЛДАР

Өзүнүн кызыкчылыктары бар аял жашоосун маңызга толтуруу үчүн эркектин пайда болушун күтүп отурбайт. Анткени мындай аялдын мырзасы жок деле өзүнүн жашоосу жана графиги бар. Мындай аялдар күнү-түнү көңүл бурууну талап кылбайт. Бул эркектер үчүн чоң бонус. Анткени мырзалар да достору менен баарлашууну, футбол ойногонду каалашат.

ТАМАШАКӨЙЛӨР

Эркектерди өзгөчө тамашакөй айымдар кызыктырат. Бул мырзалар баалаган өзгөчөлүктөрдүн бири. Анткени юмор мамиледе пайда болгон чыңалуудан оңой арылтат. Баарлашуу процессинде "өздүк" тамашалар мамилени бекемдейт.

ДЕМИЛГЕНИ КОЛГО АЛГАНДАР

Эркектер демилгени колго алуудан коркпогон аялдарды жактырышат. Албетте, менменсинген, сунуштардан баш тарта берген адамды эч ким жактырбайт. Бул жакта кеп жоопкерчиликти өзүнө ала билген жана кызыгуусун жумшак мүнөзү менен билдире алган кыздар жөнүндө болуп жатат. Бул үчүн жылмаюу, жардам сурап кайрылуу же өз убагында айтылган комплимент жетиштүү.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
BISHKEK-312
2021-12-14 18:21:14
Мага бирөөсү да макул келбеди. Психологтор деле урдура беришет негизи!!!
+1
№ 992, 10-16-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан