ТАРЫХЫЙ МУРАСКА БАЙ ШАНЛЫУРФА

Иш сапар менен Түркиянын Шанлыурфа деген шаарына барарым мага күтүүсүз болду. Бишкектен сапар алган бизди Шанлыурфа шаары жылуу тосуп алды. Барган адамды кайдыгер калтырбай турган коюну кенен жер экен. Андагы ар бир күнүбүз кызыктуу өттү. Сапарыбыздын алкагында Газиантеп шаарында да болдук. Саякатыбыздагы көз ирмемдер менен бөлүшөбүз.

Шанлыурфага болгон сапарыбызда адегенде эле тейлөө кызматындагылардын саламдашып, сылык-сыпайы сүйлөп көңүлдү жайга салганы жакты. Жазуу булактарындагы маалыматка караганда, Сирия менен чектеш жаткан бул шаар биздин заманга чейинки 303-жылы негизделген. Эски аталышы Эдесса болгон. Бул атты македониялыктар басып алганда ыйгарган. Кылымдар бою римдиктердин, монголдордун карамагында болуп келген шаар 1637-жылы Осмон империясынын колуна өтүп, Урфа деген ат берилген. Ал эми Шанлы (бизче – даңктуу) сөзү 1983-жылы кошулган. Бул жерди араб, күрт, түрктөр жердешет. Көчөлөрүн аралап басканда жылмая караган шаардын элинен жайбаракаттык байкалып жатты. Анан дагы шаарда кечкисин кыймыл эрте токтойт экен. Бул шаардын эли эрте уктап, эрте турушарын айтышты. Эл динди бекем тутунгандыктан алкоголдук ичимдиктерди туш келген жерден табуу мүмкүн эмес. Ибрагим пайгамбар төрөлгөн жер деп зыярат кылууга келгендер көп экен.

Аянты
– 3668,76 чарчы чакырым

Калкынын саны – 2 миллиондон ашык

Климаты – нымдуу жана жылуу

БАЛЫКЛЫ ГӨЛ

Жергиликтүү калк, туристтер көп жүргөн бул шаардын дагы бир көркөм жери Балыклы гөл (Балыктуу көл). Бул жердин балыктарына калк өзгөчө сый-урмат менен мамиле жасашат. Күн сайын келип жем беришет жана бул жердин балыгын кармашпайт, жешпейт.

ХАРРАН ЖЕ КЕРБЕН ҮЙЛӨРҮ

Харран үйлөрү тарыхый жайы шаардан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан. “300 жылдык тарыхы бар бул үйлөр ата-бабаларымдан калган, бул жакта коңшу болуп туугандар жашашкан мындай үйлөр Сирияда, Италияда да бар” деп билдирди Харран үйлөрүнүн ээси. Бул үй 18 бөлмөдөн турат, бөлмөлөр бири-бирине лабиринт түрүндө туташтырылган. 1979-жылы өзгөчө корголууга тийиш тарыхый жай деп жарыяланган.

ШАНЛЫУРФА МУЗЕЙИ

Артефакттардын көптүгү боюнча Түркиядагы эң чоң археологиялык музей. Аянты 34 миң чарчы метрди түзгөн бул музейде неолит доорунан Осмон дооруна чейинки маданий мурастар кеңири чагылдырылган. 14 негизги көргөзмө залы бар. Музейди көргөнү келген туристтер көп экенине күбө болдук.

ТАРЫХТЫН КӨЗҮ БОЛГОН ГӨБЕКЛИТЕПЕ

Неолит доорунан калган 11 миң 500 жылдык тарыхы бар Гөбеклитепедеги Т түрүндөгү обелисктер адам жасаган монументалдык архитектуранын алгачкы үлгүлөрүнүн бири. Айланта орнотулган 12 обелисктин ортосунда баарынан бийик эки обелиск бар. Кээ бирлеринин бетине жаныбарлар, ар кандай геометриялык фигуралар жана адамдардын сүрөттөрү тартылган. Гөбеклитепе 2018-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

СУУ АСТЫНДА КАЛГАН ХАЛФЕТИ

Газиантеп шаарына сапар алган жолубузда Евфрат дарыясынын жээгинде жайгашкан Халфети калаасына туш болдук. Бул чакан аймактын көпчүлүк бөлүгү 1990-жылдары суу астында калган. Суу астынан чыгып турган мечиттин мунарасы көңүлүмдү бурду.

МОЗАИКАНЫН МЕКЕНИ ГАЗИАНТЕП ШААРЫ

Байыркы Газиантеп шаарынын аянты 6819 чарчы чакырымды түзөт, 2 миллиондон ашык калкы бар. Шаарда антика доорундагы ар кандай мифологиялык образдарды чагылдырган дүйнөдөгү эң чоң Зеугма мозаикалык музейи жайгашкан. Түстүү майда таштар ширетилген мозаикалардын көрүнүшүнө таңданып бүтө алган жокмун. АКШдан алынып келинген «Цыган кызы» эң белгилүү көргөзмө болуп саналат.

ГАЗИАНТЕП ЧЕБИ

Биздин замандын 2-3-кылымдарында алгач Хетт империясы тарабынан байкоо пункту катары курулган. Рим империясынын тушунда Газиантептеги негизги чеп болгон. Айланасы 1200 метрди түзөт, 12 мунарадан турат.

Сонун саякат уюштуруп берген Түркиянын Туризм жана маданият министрлигине, Түркия туризм таанытуу жана өнүктүрүү агенттигине терең ыраазычылык билдиребиз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
milan5
2021-12-14 10:47:33
Uwintip sayakatka da chygyp tursynarby jakwy jer eken. uwundai Turkiyanyn shaary bar ekenin jany bildim
0
Ulanwo
2021-12-14 15:16:49
Жакшы жер экен. Эрте уктагандары жакшы экен
0
№ 992, 10-16-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан