АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн санда)

Аскар үйүнө баргысы келген жок. Эмнегедир үйүндө ыңгайсыз сездирген бир нерсе бар эле. Эмне экенин өзү деле билчү эмес. Мындай караганда баары жайында, жубайы көзүнүн кареги менен тең айланып, байпагынан бери үтүктөп турат, балдары тарбиялуу, ушуга чейин эч бир терс иштерин көргөн жок. Бирок улуусу Эркиндин мүнөзү жөнөкөй эмес экенин билет. Чарт-чурт деп аягына чейин ойлонбой кадам жасаганын, акылына ээ бербей кеткен эмоциясын байкачу. Бирок “өзүм бул кезде кандай элем, токтолот, алдын-артын карап иш кылган убагы келет” деп койчу. Саясий оюндарды, карьерасын майда-чүйдөсүнө чейин ойлонгон жаны үй-бүлөсүнө келгенде үңүлүп карачу эмес. Оюнда Аскар Жусупов болгону үчүн эле үй-бүлө мүчөлөрү эч кандай маселе чыгарбай жашашы керек деп эсептечү. Бийликтин кызыгы, кийин байлыктын кызыгы болуп жүрүп балдары кантип чоңойгонун билбей калды. Альфияга телефон чалгысы келди, кайра оюнан баш тартты. Анын чытылган кабагын көргүсү келбеди. Дайыма бактылуу, өзүнө ашык болгон көз караш менен караган, өзүн бийик көргөн шайыр аялдарга тартылчу. Аңгыча болбой досу Алмаз телефон чалып калды.

– Кандайсың, дос?

– Ой, бул жолу телефонду алдың, ээ?- деген досу чын дилинен ыраазы болуп кетти.

– Депутат досум, дегеле телефон албайсың. Нарындан жаш малдын эти келди. Аяшың эт салып койду, сени бир чакырып мурункудай бажылдашып отурсак деп чалып жаткам.

– Эмне, бүгүнбү?- деди Аскар эринип араң сүйлөп.

– Бүгүн болбогондо качан анан? Эртең деп жүрүп элүүгө чыктың, эргулум. Аяшымды ала кел, баса...

– Жок, ал бир аз ооруксунуп турат, бара албайт го.

Аскар калп айтты. Кээде эле аялын жакын туугандарыныкына алып барганы болбосо, дээрлик ээрчитчү эмес.

– Анда өзүң кел.

– Болуптур, барып калам.

Аскар Алмаздыкына баргысы келди. Гүл саткан дүкөнгө түшүп бажырайган розалардын кымбатын алды. Кудуңдап кубанып турганын өзү да сезбеди. Жаңы конуштардын бириндеги эки кабат особняк үйдүн алдына келди. Бойлуу, келишимдүү досу Алмаз чыга калып жылуу тосуп алды.

– Эргул десе, келдиңби, дагы шылтоо айтып кутулуп кетеби дедим эле...- кубаттуу колдору менен досун бекем кучактап койду. Оңтойсуз боло түштү Аскар. Ачык мүнөз, дили таза, карапайым ушул досунун жанында дайыма өзүн ыңгайсыз сезет.

– Келдим, келдим.

– Келиңиз, аяш ата...

Атасындай бойлуу, келишимдүү эки уланды көрдү.

– Ой, баатырлар, силер атаңардан да узун болупсуңар го. Убакыттын өткөнүн карачы, ээ?- деди таң кала.

Кол алыша жылуу учурашып үйгө киришти. Тыптыкан, жылуу, жайлуу уядай бир үй. Өзү колунан көөрү төгүлгөн жыгач уста. Шаарда бир нече эмерек салону бар. Бирок үйдү үй кылган кожойке эмеспи. Жоолугун аркасына салынган нур жүздүү, апакай, толмочураак аял киргенде Аскар серпиле түштү. Колундагы гүлүн аяшына берип жүзүнөн өптү. Таң калычтуу, тээ бала кезден мурдуна тааныш гүлбурак жыт мурдуна уруп өттү.

– Кандайсың, эмне аяшыбызды ала келбедиң?- деди аял.

– Бир аз сыркоолоп турат, ден соолук жакшы болбой улам эле сасык тумоо жабышып...

– Айыгып кетсин...

Балдары бактылуу, ата-энеси бактылуу, жылуулук чачкан бир үй-бүлө. Аны сезген сайын Аскар ит оорусу кармап кетти. “Эмнеге мен эмес, эмнеге бул куркуйган колунан балкасы түшпөгөн кургур? Ушул ысык үй, дасторкон, ыйманы ысык эки жигит, бир кыз меники болмок. Эмнеге мен эмес, бул? Эмнеге, ия?” Деле өмүрү суралып бүтпөгөн, аягы жок “эмнеге?” деген суроо эле бул. Ичи тардыгы күчөп бара жатты. Ички уйгу-туйгусун акылы басып бажылдап күлүп, жаркылдап баарлашып отурду.

– Гүлүм, сен аяшыңа да эттен салып бер. Бизден салам айтып ала барсын.

– Ооба, даярдап койдум.

Бири-бирин ачык жүз менен карап, биринин сөзүн бири сүрөп тамашалашып отурган экөөнө ого бетер ичи тарыды Аскардын. Суктанды. “Гүлүмдүн жанында бардык эркек өзүн бактылуу сезмек” деди ичинен сызып. Биринен сала бири өзүнүн коллекциясындагы аялдарды көз алдынан өткөрдү. Акылдуусу, амалдуусу, кылыктуусу, сулуусу, деги койчу, кимдер гана болгон жок?.. Бирөө да каршысында отурган аялдай жылуулук бере алышпады. Ачык мүнөз классташы Гүлүмдөй боло албады.

– Гүлүм, сен ырдап жүрөсүңбү азыр деле?- деди ал.

– Кээде эле жакшылыкта ырдап койбосом...

– Хм, сенин үнүң менен барбы, кыргыздын номур бир ырчысы болмоксуң. Чоң жылдыз болмоксуң. Эстрадасы түгүл, операсын кошо омуруп түшмөксүң.

– Алмаздын жылдызы болгонума эле шүгүр кылам, Аскар, мага башка эмне керек?

Аял тике айтты. Куду андагы ич тардыкты сезип тургандай айтты. Ооруп турган жерин көрүп тургандай айтты. Ого бетер чукулап жаралап айтты.

– Ээ? Мейли, жакшы анда.

– Кааласаң, мен ырдап берейин, эргулум, менин үнүмдү деле сагынгандырсың...- деп калды Алмаз. Уулдарынын бири жүгүрүп барып комузду алып келе койду. Алмаздын да үнү жакшы болчу. Сыбызгыган укмуштуудай керемет үн менен Гүлүм аны коштоду. Бөлмөгө Раймалы менен Бегимайдын дастаны жаңыра берди. Моюндаша ырдаган экөөнү көрүп ого бетер түтөдү. “Менде шүгүр, баары бар азыр, бирок ушу экөөнүкүндөй бакыт жок. Эмнеге, ия?” деди ичинен таң кала. Дал ушул Алмазга эрегишип бутуна турду, так ушул Гүлүмгө өчөшүп азыр Кыргызстандагы эки адамдын бири болду. А буларың дүйнө капар моюндаша ырдашып отурганын кара... Эх, тагдыр дечи.

Алардын үйүнөн чыгып, шаар ичинде куюндатып машинесин айдап бара жатты. Ичиндеги түшүнүксүз ич күптүнү кимге айтарын билбей буулугат. Үйүнө баргысы келбеди. Оюна Альфия келди. Супсулуу аялдын жанында болуп, анын көзүндөгү өзүнө болгон сагынычты көрсө ичиндеги көрө албастык суучудай сезилди. Балалыктан бери жүрөгүнүн жарасы болуп келе жаткан Гүлүм менен Алмазды көз алдына келтирип алды. “Аялдар менин алдымда үй-бүлөсүн да садага чаба алышат” деген эрдемсиген ой келди. Өзүнө далилдегиси келди. Альфияга телефон чалды эле, алган жок. Саатты караса бир болуптур. СМС жазса да жооп болбоду. Үйүнүн дарегин билчү, ичиндеги кызымталдыктын күүсү мененби, кызганычтын күүсү мененби, түз эле үйүнө барып алды. Коңгуроону басып-басып алды. Дагы жооп жок. Өчөшкөндөй кечке басты. Бир маалда эшик ачыла берди. Өзүн суроолуу карап турган мөлтүрөгөн көздөрдү көрдү. Мээси чакчайып ачыла түштү. Мастыгы тарай берди.

– Сизге ким керек?- деди Айсулуу.

– Мен...

– Атам ооруканада,- деди кызы. Атасына келди деп ойлоду. Анткени кээ бир адамдар ооруганда Анварды үйүнө чейин издеп келчү эле. Ушул учурда халатын кийген Альфия уйкулуу өз бөлмөсүнөн чыга калды. Аскарды көрүп чакчая түштү.

– Апа, атама келген окшойт.

– Ооба, атаңа. Үшүбөй кир, мен өзүм сүйлөшөм.

Аскар дендароо тура берди. Альфиянын коркунучтан чакчайган көздөрүн көргөндө гана эсине келип, алдыңкы кабатка шашылыш кадам таштады. Айсулуу өз бөлмөсүнө кирип кетти. Альфия сыртка жөнөдү. Аскар машинесинде отуруптур.

– Эмне болуп кетти?- деди Альфия.

– Эч нерсе...

– Эмнеге үйгө келдиң? Анвар үйдө болсо эмне болмок?

– Булактай таза... Булактай шыңгыр үндүү... Кандай эле ушул ыр?

– Уф, сен массыңбы?

Аскар соолугуп калган, бирок Альфиянын сөзүнөн кийин дароо мастын образына кирип кетти.

– Ооба, масмын! Болгондо да кандай мас... “Служебный роман”, ой, жок... “Ирония судьбы” деген кинодо бар го... Лукашин адашып кетип башка самолётко түшүп алат. Мен дагы адашып өз үйүмө эмес, сенин үйүңө келип калдым.

– Сен мынча ичпейт элең го... Эмне болуп кетти?

– Ичтим, эмне кылайын ичпегенде?

– Макул, туруп тур, мен кийинип чыгайын. Рулга мен отурам. Бирок бир аз күт. Айсулуу уктап кеткенден кийин чыгам. Макулбу?

– Макул. Альфия?

– Ии?

– Лукашин эмнеге дарегинен адашып кеткен билесиңби?

– Жок.

– Тагдыры чакырган аны.

– Массың, Аскар, азыр эмне деп жатканыңды билбейсиң.

– Ооба, мен масмын.

Альфия үйүнө кирип кетти. Аскар дароо түзөлө берди. Көз алдында так эле Гүлүм жаш кезиндегидей туптунук караган Айсулуунун каректери... “Таптымбы?” деди ичинен. “Акмактанба” деди уятынын үнү. “Балким, ушудур. Жоготуп алган, таба албай жүргөн... Ушудур?” Ушул учурда жүздөгөн аялдар менен мамиле курганында бир гана аялды издегенин түшүндү. Жан талашып, жаны кашайып, тагдырына өчөшүп ар бир аялдан издеген нерсе эмне экенин түшүндү. Таба албай калган, таптырбай кеткен классташы Гүлүмдүн 16 жаштагы бажырайган туптунук каректери эле. Жаш баладай рулга өбөктөй калып ыйлап жиберди. Альфия келгенде ал дагы деле ыйлап жаткан.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 992, 10-16-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан