МАМИЛЕДЕГИ ЗОМБУЛУКТУН АЛГАЧКЫ БЕЛГИЛЕРИ

“Сүйүктүүңүз менен болгон сүйүү мамиледеги алгачкы этапта баары идеалдуудай көрүнүшү мүмкүн. Жигитиңиздин (өнөктөшүңүздүн) сиздин баскан-турганыңызды көзөмөлдөгөнүн “сүйөт, демек, кызганат” деп кабыл албаш керек. Мамиледе ал адаты күндөн-күнгө күчөп отуруп, кантип анын көзөмөлдөөсү буйрукка айланып калганын байкабай каласыз. Негизи мамиледеги зомбулуктун 14 алгачкы белгисин психологдор аныкташып, "кызыл желекче" тизмесин даярдашкан. Эгер алар сүйүктүүңүздө бар экени билинсе, ал адамдан жаа бою качуу керек”,- дейт психолог жана “Сүйүү жана мамилелерге илимий көз караш” университеттик курсунун автору Асел Мырзабекова.

КООПТУУ МАМИЛЕНИН 14 БЕЛГИСИ

Бийкечтер сүйүүгө мас болуп, “күлгүн көз айнек” тагынып турганда сүйүктүүсүнүн кемчиликтери көрүнбөйт, бирок кийин ошол учурду өткөрүп жибергени үчүн өздөрү жабыр тартышат. Бири-бирин таанып-билүүсү, психологиясын изилдөөсү жетишпегендиктен көпчүлүк жуптардын мамилеси урап калат. Биз бүгүн мамиледеги зомбулуктун 14 алгачкы белгисин сунуштайбыз.

№1. КАЛП АЙТУУ ЖАНА ИШЕНИМДИН ЖОГОЛУШУ

Экөөңүздөр канча жолу ынанымдуу сүйлөшкөнүңүздөргө карабастан түгөйүңүзгө ишенбейсиз. Ишенимсиз сүйүү мамилесин куруу мүмкүн эмес, бул нерсени көпчүлүк түгөйлөр өз мисалында тастыкташат. Ишенимсиздик – чыккынчылыктын эң чоң жана негативдүү формаларынын бири. Мисалга онлайн чыккынчылыкты алсак. Сүйүктүүңүздүн виртуалдык дүйнөдө башка бирөө менен таанышып, жазышканын көрүп калдыңыз. Бул көрүнүш сизди эмоционалдык жактан чыңалтат. Түгөйүңүз “ортобузда эч кандай жыныстык байланыш болгон жок, бул жөн гана таанышуу, жазышуу” деп эч нерсе болбогондой түр көрсөтүшү мүмкүн. Бул учурда сезимдериңиз тепселенип, бирөө таштап, четке кагып салгандай сезим пайда болушу мүмкүн. Бул жагдай сизге алдын ала берилчү белги болушу керек. Сүйүктүүңүз чынын айтып жатабы, жокпу? Билүү кыйын. Өзүңүздүн алтынчы туюмуңузга ишенип гана анын чын же калп айтып жатканына баа бересиз.

№2. МАМИЛЕНИН БЫШЫП ЖЕТИЛБЕГЕНДИГИ

Сүйүү мамилесинде жоопкерчиликсиз жана мамиле курууга даяр эмес, сүйлөгөнү, аракети кылганына дал келбейт.

№3. СЫЙЛАБАСТЫК

Ыңгайлуу учурда сизди кемсинтет, басынтат. Сиздин көзүңүзчө чөйрөсүндөгү адамдар менен орой сүйлөшөт. Кийин ал сиз менен ушундай тондо сүйлөшөт деген белги.

№4. ЖҮРҮМ-ТУРУМУ ЫЗЫ-ЧУУГА ЖАКЫН

Дайыма бирөөлөр менен талашып-тартышып эмоциясын жашыра албайт. Сүйүктүүңүздө (өнөктөшүңүздө) мындай сапаттар болсо сиздин жакындарыңыз менен да кийин ушундай мамиледе болот деген белги.

№5. ЖАКЫНДАРДЫН ЭСКЕРТҮҮСҮ

Жакындарыңыз бир нече жолу анын жүрүм-турумунан, кадыр-баркынан шек санаган күмөн ойлорду айтышкан. Бул нерсени эске алууңуз кажет, ал тууралуу ата-энеңиздин, досторуңуздун айтканын тыңдаңыз, анткени алар сиздин көз менен эмес, башка көз менен карашат. Бир эмес, бир нече жакыныңыз ал тууралуу шектүү жагдайларды айтса, демек, чын эле ошондой адам. Аны тааныган адамдар сүйүктүүңүз (өнөктөшүңүз) өзүмчүл десе убакыт өткөн соң чын эле ошондой экенине ынанып калышыңыз мүмкүн.

№6. АР КАНДАЙ ТҮРДӨГҮ КЫЯНАТТЫК. МАЖБУРЛОО. ЗОМБУЛУК

Зомбулуктун бир нече түрлөрү бар. Мисалы, эмоционалдык, оозеки айтышуу, сексуалдык, финансылык каржылоодон ажыратуу, физикалык басым көрсөтүүнүн баары зомбулукка кирет.

Басым кылуу жана чектен чыгуу. Сүйүктүүңүз сиздин муктаждыктарга көңүл бурбай, жаңы этапка өтүүдө сезимдериңиз менен эсептешпесе, сизге басым кылып жатса ойлонуп көрүшүңүз керек. Мисалы, сиздин макулдугуңуз жок эле тез арада чогуу жашоого мажбурлоо, тез арада үйлөнүү сыяктуу чечимдер.

Жыныстык катнашка мажбурлоо. Сиздин каалооңуз менен эсептешпей жыныстык катнашка мажбурлоо. Презерватив колдонбой, бойго бүтүүгө каршы дарыларды ичирбей, сиздин чечимиңиз менен эсептешпей, мажбурлап бойго бүтүрүү зомбулуктун белгилерине кирет. Анын адепсиз жүрүм-туруму күндөн-күнгө күчөшү гана мүмкүн, бирок азайбайт.

Газлайтинг. Сизден өнөктөшүңүз жаман кылыктары үчүн кечирим сурабай “мунун баары сенин башыңда (психикаңда) болуп жатат, чынында, бул нерсе андай деле кооптуу эмес” деп ынандырганга аракет кылат.

Кол көтөрүү жана урушуу:

• Бири-бириңиздерди ачык эле жаман сөздөр менен кемсинтүү башталат.

• Күч колдонот. Уруш учурунда колуңузду коё бербейт, катуу кармаган жериңизди (колуңузду, желкеңизди) оорутат. Сизди түртүп, уруп, муунтат.

• Эмоция менен коштолгон ачуу кыйкырык, талаш-тартыш, бул учурда мушташ болуп кетиши толук ыктымал.

№7. ЗОМБУЛУК МЕНЕН КОРКУТУУ

Сиз бир нерсени жасап же ойдогудай кылбай койсоңуз өзүмдү өлтүрөм деп коркутат. Сиздин ден соолугуңузга залал келтирип же өлтүрүп кетем деп коркутушу мүмкүн.

№8. ЧЫР-ЧАТАКТАРДЫ ЧЕЧЕ АЛБАГАНДЫК

Ортодо пайда болгон маселени, көйгөйдү өз убагында чечүүдөн качат.

№9. КӨЗӨМӨЛДӨӨЧҮ ЖҮРҮМ-ТУРУМ

Мисалы, өнөктөшүңүз сиз учурда ким менен эмне кылып жүргөнүңүздү билгиси келет. Ал сизге карата ишенимдин жана сыйдын жоктугу. Кол телефонуңузду текшерип туугандарыңыз, досторуңуз менен жазышкандарды окуп, алар менен жолукканга тыюу салышы мүмкүн.

№10. ИЗОЛЯЦИЯ

Өнөктөшүңүз убакытты аны менен эмес, досторуңуз менен өткөргөндүгүңүз үчүн да жини келип баштайт. Сизди толугу менен көзөмөлдөп, кайсы жерде ким менен жүргөнүңүздүн эсеп-чотун алат. Анын айынан айрым достордон, окууңуздан, жумушуңуздан баш тарттырат. Сүйүү мамилеси сизге кубанычты тартуулаш керек, чөйрөңүздөн эч ким кемибеш керек. Достор менен болгонуңуз түгөйүңүзгө жакпай, кызганып, капа болсо, бул мамиледеги кооптуу белгиден кабар берет.

№11. СИЗДИ ӨЗГӨРТҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛАТ

Мамиледе сиз көп компромисске барсаңыз, баарына аягында сиз күнөөлүү болуп моюнуңузга алсаңыз, өнөкөт күнөөкөргө айланып каласыз. Аягында өнөктөшүңүздүн муктаждыктарын, каалоосун өзүңүздүкүнөн биринчи орунга коюп жашап калышыңыз ыктымал.

№12. КӨЗ КАРАНДЫЛЫК

Анын таасири күчтүү, анын мамилесинен көз каранды болуп инсандыгыңызды жоготосуз. Бул нерсе өзүңүздү жоготуп коюуга барабар. Өзүңүздүн эмес, анын жашоосу менен жашап каласыз.

№13. ӨЗ АЛДЫНЧА БОЛО АЛАРЫҢЫЗГА КӨЗҮҢҮЗ ЖЕТПЕЙТ

Ал сиздин эмоцияңызды, агрессияңызды жашырууга мажбурлайт. Анын көзүнчө кандай формадагы эмоция болбосун жашырганга аракет кыласыз. Бирок бул жагдай көпкө созулбайт. Аягында анын мамилеси муунтуп, жийиркенип баштайсыз.

14. ДЕН СООЛУГУҢУЗДА КӨЙГӨЙЛӨР ЖАРАЛАТ

Эгер мамиледен психикалык же физикалык терс таасирлерин байкасаңыз, көңүл буруңуз! Анткени акылыңыз, денеңиз, рухуңуз, жан дүйнөңүз бири-бири менен жуурулушкан.

Эгер сиз же жакыныңыз зомбулукка кабылганын байкасаңыз, төмөндөгү номерлерге чалыңыз:

102 – милиция кызматы

112 – өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда жардам суроо кызматы

111 – балдар үчүн ишеним телефону (операторлор балдардын укугун бузуу боюнча чалууларды кабыл алып, күнү-түнү психологиялык жардам көрсөтөт)

 

Бул материал «Гендердик зомбулукка каршы жигердүү иш-аракеттердин 16 күнү» кампаниясынын алкагында USAID'дин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Материалда көрсөтүлгөн ой-пикирлер USAID'дин, АКШнын өкмөтүнүн же FHI 360 уюмунун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Erlan_95
2021-12-14 12:06:09
Наконец то полезное информация. А то дайыма эркекке кантип жагабыз эле го
0
№ 992, 10-16-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан