ЭКО СТИЛДЕГИ ЖАСАЛГА

Жыл тогошуу мезгили жакындап келе жатат. Ага улай Жаңы жылды тосуп алууга камданып баштайбыз. Кантип үйдү жылдагыдан өзгөчө кооздосок, кандай тамактарды жасасак, кандай кийим кийсек деп тынчсызданган жылуу сезимдер сизде да ойгонсо керек. Үйдү кооздоодо эко стилди тандасаңыз болот.

Келе жаткан жыл ээси жолборс табигый нерселерди жактырат. Ошондуктан жаңы жыл майрамына карата кооздоп, жасалгалоо иштеринде эко стилди тандасаңыз жаңылышпайсыз. Мында эң башкысы табигый нерселерге, жөнөкөйлүккө, түстөрдүн түрдүүлүгүнө басым жасалат. Алсак, сырттан куураган бутактардан балаты жасап, же боёп алып, ага өз колуңуз менен тигилген, түйүлгөн, пахтадан, жиптен, жыгачтан жасалган түрдүү оюнчуктарды илсеңиз болот. Фантазияңызга жараша жөнөкөй нерседен өзгөчө жасалга даярдасаңыз болот. Колдо бар нерселер болгондуктан каражат жумшоонун деле зарылчылыгы болбойт.

Мисалы: Пахта, жибек кездеме тандап алыңыз да, андан каттап тегерек, жүрөкчө, жылдызчаларды кесип алыңыз. Четинен пахта салуу үчүн орун калтырып коюп, айланта тигип чыгуу керек. Ичине пахтадан толтуруп, чекесин бекитебиз. Илгич үчүн шпагат жиптен бирдей кесип алып, бекитип чыгабыз. Сыртына лента, топчу кадап коёбуз.

Бохо стилиндеги дагы бир жасалганы кичине банкалардан жасап алыңыз. Ал үчүн шпагат жипти термоклей менен банканын оозуна бекитип, айлантып тыгыз ороп чыгабыз. Араларына термоклейден куюп туруңуз. Аягын да клей менен бекитип алуу керек. Сыртын каалаган лента, топчу, шурулар менен кооздоп, ичине таттууларды толтуруп балатынын алдына коюп коюңуз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 992, 10-16-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан