Равшан Жээнбеков, ЖКнын депутаты, «ата мекенчи»: «АТА МЕКЕНДЕЙ» ОППОЗИЦИЯНЫ ЭЧ БИР БИЙЛИККЕ КААЛАБАЙМ»

Бейне

Грузиндердин атактуу президенти Саакашвили 33 жашында Адилет министри болсо, биздин каарман 29 жашында Мамлекеттик мүлк жана инвестиция министрлигин жетектеген. Жаш экенине карабастан, бийликтин да, куугунтуктун да даамын жакшы эле татты. Кыскасын айтканда, бизде конокто – ЖКнын “Ата Мекен” фракциясындагы депутаты Равшан Жээнбеков.

ЖЭЭНБЕКОВ РАВШАН БАБЫРБЕКОВИЧ

  • 1970-жылы 19-сентябрда Манас районунда төрөлгөн.
  • 3 кесипке ээ. Алгач юрист, андан соң Москвада Дипломатиялык академиядан билим алган. Кийин АКШдагы Массачусетс Технологиялык институтунун Слоун башкаруу мектебин бүтүргөн.
  • Кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.
  • КРнын Президентинин жардамчысы, КРнын Президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары, Мамлекеттик мүлк жана инвестиция министри, Кыргызстандын Малайзиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси кызматтарын аркалаган.
  • 4 баласы бар. Келинчеги Салкын экөө айылдаш. 21 жылдан бери чогуу жашап келе жатышат.
    Улуу кызы Айсулуу 21 жашта. АКШда Сиракуз университетинде эл аралык мамилелер факультетинде окуйт.
    Уулу Азат 20 жашта. АКШнын Сиракуз
    университетинде каржы тармагы боюнча билим алууда.
    Үчүнчү кызы Каныкей 2-класста.
    Кичүү кызы Айжан 8 айлык.

– Равшан мырза, Кыргызстан “күтүү режиминде” жашап жатат. Качан ушундай абалдан чыгабыз? Качан коалицияга биригип, өкмөт курап, иш баштайсыздар?
– Биз азыр саясатчылардын ортосундагы кыйынчылыкка, саясий топтордун көз карашындагы айырмачылыктарга карабастан, коалициялык өкмөт курап, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн иштей башташыбыз керек. Эгер жеке амбицияларды четке жылдырып, бир пикирге келе албасак, анда учурдагы парламент таратылып, кайрадан шайлоо жарыяланат да, Кыргызстанды кайрадан “күтүү режиминде” калтырабыз.
Бирок өлкөбүздүн бүгүнкү абалы кечиктирбей иш баштоону талап кылып турат. Эл эле эмес, саясатчылар деле чарчашты. Андыктан коалиция түзүлөт. Негизги маселе коалиция түзүү эмес, ошол коалиция кандай өкмөттү алып келеринде. Эгер мурдагыдай эле партиялык жана жеке кызыкчылыктардын чегинен чыгалбай, өзүбүз каалаган адамдарды алып келсек, анда баягы таз кейпибизди киебиз. Эгер жаңы, билимдүү, профессионалдарды алып келе алсак, сөзсүз мамлекетте өнүгүү болот.
– КСДП менен тил табыштык дедиңер эле. Бирок Атамбаев Куловго биригүү боюнча сунуш айтты. Эми “Ата Мекен” коалицияга кирбей калабы?
– Оппозиция катарында “Ата Мекен” абдан күчтүү. Коалицияга кирбей калсак, ал биз үчүн трагедия деле болбойт. Буга чейин эле фракцияда бул нерсе боюнча сөз болгон. Эгерде биздин оюбуздагыдай реформаны жүргүзүүдө, кайсы бир саясий процесстерди чечүүдө маанилүү орундарга барбай турган болсок, анда биз оппозицияга кетүүгө даярбыз. Оппозицияда калганыбызга кейибейбиз дагы. “Ата Мекендей” оппозицияны эч бир бийликке каалабас элем.
– Сиз өзүңүздү депутат катары көрүп жатасызбы же өкмөттүк кызматтарга кетейин деген оюңуз барбы?
– 15 жылга жакын мамлекеттик кызматта иштедим. Бирок бир күн да депутат катары иштебеген элем. Буга чейин да депутаттыкка ат салышып көргөм. Экөөндө тең өткөрбөй коюшкан. Үчүнчү аракетимде гана депутаттык төш белги тагындым. Мамлекеттик кызматкерге караганда депутат катары мамлекетке көбүрөөк пайдам тиет деген ойдомун. Азыр жакынкы үч-төрт жыл аралыгында эч кандай кызматка барбайм деп турам.
– Учурда апрель окуялары боюнча элдик сот жүрүп жатат. Сот адилет өкүм чыгарат деп ишенесизби?
– Бул соттун аягына чыгышы, адилет өкүм чыгарышы Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Мамлекет айыпталуучулар же жабырлануучулар деп бөлбөстөн, баарынын коопсуздугун камсыз кылып бериши керек. Маанилүү деп жатканымдын себеби болсо, мамлекеттик кызматкерлерге, эртеби-кечпи кылмыш кыла турган адамдарга ушул сот сабак болушу керек. Аткаминерлер эртең темир тор артында калышы мүмкүн экендигин биле жүрүшкөнү оң.
– Канча жаштасыз?
Кырктамын.
– Ушунча жылдык өмүрүңүздө эң кооптуу учур качан болгон?
– Башымдан эки ирет кыйын күндөр өттү. Биринчиси – 2004-жылы министрлик кызматтан баш тартып, депутаттыкка талапкерлигимди койгон кезим. Бийлик мага каршы иштеп, өткөрбөй койду. Ошол убакта бир топ кыйынчылыктарга туш болдум.
Экинчи кооптуу учур 2007-жылы Бакиевдердин саясий системасына каршы чыкканымда болду. Ата-энемдин, үй-бүлөмдүн, өзүмдүн өмүрүмө коркунуч туулуп, мекенге келбей турууга аргасыз болдум. Бирок эки учурда тең өз позициямдан баш тартпадым.
– Равшан Жээнбеков жана спорт. Экөөнүн ортосунда байланыш барбы?
– Мектепте футбол, волейбол, күрөш менен күн өткөрчүмүн. Акыркы күндөрү чуркоо менен футбол ойноого гана убакыт бөлүп жүрөм. Жаш өткөн сайын чуркаганга кыйын боло берет экен, ошондуктан азыр минифутбол деп коёт эмеспи, ошол түрүн ойноп жүрөбүз.
– Үйлөнүптүрсүз, балалуу болуптурсуз, качан бак тигесиз?
– Өзүңдүн үйүңдүн багы болот, мамлекеттин багы болот. Короо-жайыңа бак тигүү оңой эле нерсе. Менимче, негизгиси, мамлекеттик бакты отургузуу. Биз үч баалуулукту жолго коюшубуз керек. Сөз эркиндиги, ММКлардын эркиндиги, ошондой эле экономика жана саясатта туруктуу атаандаштыкты түзүү. Ушул үч процессти туура жолго коё берсек, мамлекеттин багын бекем отургузган болобуз деп эсептейм.
– Азыр жашообузду уюлдук телефонсуз, машинасыз элестете албайбыз. Сиз кайсы үлгүлөрдү жактырасыз?
– Азыр “Apple” фирмасынын Iphone үлгүсүндөгү телефонун колдонуп жүрөм. Аны тандаганымдын себеби, функциялары жөнөкөй жана программалары көп. Кыргызстанда байланыштан тышкары функцияларынан интернет эле кеңири колдонулат да. Ал эми АКШда ал аялыңдан, балаңдан да жакын кеңешчиң болуп калат. Өзгөчө навигатору пайдалуу. Ал эми машиналардан кайсы бир үлгүнүн күйөрманы деле эмесмин. Акыркы күндөрү Япониянын Тойота, Лексустарын жактырып жүрөм.
– Канча жылдан бери рулдасыз?
– 16 жашымдан бери. Студент кезимде чет өлкөлөрдөн машиналарды алып келип сатып иштечүмүн. 1995-жылы Италиянын авторыногун Кыргызстан үчүн биринчи болуп мен ачкам десем жаңылбайм. Үй-жай, машина деген алгачкы мүлктөрдү да ушул иштен түшкөн акчага алганмын.
– Интернеттеги социалдык тармактардын кайсы биринин келечеги кең деп ойлойсуз?
– Фейсбук менен Твиттердин келечеги кең. Фейсбукту 2004-жылы Гарварддын 20 жаштагы студенти түзгөн кезде анын 100 колдонуучусу болсо, учурда 500 миллиондон ашуун колдонуучусу бар. Азыр Фейсбуктун баасы 24 миллиард доллар, ал эми тармактын 27 жаштагы түзүүчүсүнүн байлыгы 6 миллиард долларга жетти. Мынчалык ийгилик каяктан? Анткени бул жаңы технология, интернет, компьютер. Мына, билимдин, акылдын күчү каякта!
– Фейсбукта бир кыз менен сүйлөшүү-лөрүңүз гезиттерге, интернетке жарыяланып кетти эле. Жеңебиз андай иштерди түшүнүү менен кабыл ала алдыбы же...
– Аял дүйнөнү үй-бүлө аркылуу кабыл алат. Ошондуктан үй-бүлөнүн репутациясына каршы келген нерсенин баары, калп болобу же чынбы, аябагандай терс кабыл алынат. Менин жубайым дагы бул сезимдерден сыртта калган эмес.
– Кандай аял сиз үчүн сулуу? Кара көз, кой көз, арык, толук?..
– Ар бир эле эркектин аң-сезиминде анын энеси аялзатындагы сулуулуктун символу болуп калат. Мага деле кара көздүү, узун кара чачтуу, ак жуумал кыздар сулуу көрүнүшөт. Анткени апам жаш кезинде ушундай болчу. Келинчегим да ушул типте. Кызыгы, кызымдан да ушул нерсени талап кылып, чачын кестирчү эмесмин. Тизесине жеткен жакшынакай чачы бар эле, АКШда жүрүп, ал жактын көз карашы, жаштары таасир берди окшойт, мага чалып “чачымды кестире берейинчи” деп суранып калыптыр. Анан уруксат бергем.
– Үйдөгү таарынычтар көбүнчөсү кимдин айынан келип чыгат?
– Күнөө көп учурда эки тараптан тең кетет. Башкаларчылап “биз такыр урушпайбыз” деп айтпайм. Менин үйүмдө деле жаңжал, өтө күчтүү чырлар болот. Негизгиси, жаңжалдын аягы жакшылык менен бүтсө болду. Аял-эркектин ортосунда бири-бирин кечирүү, колдоо сезими күчтүү болгону маанилүү. Турмушта кечирилбеген нерсе болбойт. Менин атам менен апам биз жаш кезибизде ажырашып кетишкен. Экөөнүн тең өзүнчө үй-бүлөсү бар. Азыр жолугуп, сүйлөшүп калгандарынан улам байкайм, жаш кезде бир топ ката кетиришкенин сезишет. Эгер азыркыдай сапаттар, акыл ошол кезде атам менен апамда болсо, ажырашпай, бүлөсүн сактап калышмак деп ойлойм. Негизи, кечиримдүүлүк – абдан жакшы, баалуу сапат.
– Сизде ошондой сапат барбы?
– Бар. Андай сапат болбосо, мен да буга чейин экинчи же үчүнчү аял алып алмак болушум керек. Тамаша!
– Өмүрүңүздөгү эң чоң утуш деп эмнени эсептейсиз?
– Дайыма билим алууга болгон умтулуум – менин утушум. Сиз сурап жатпайсызбы, “29 жашыңызда министр болушуңузга Майрам Акаеванын таасири тийгенби?” деп. Чынында, Майрам Акаеванын эмес, андан 5 жыл мурда көшөрүп отуруп Москвадагы Дипломатиялык академиядан билим алганымдын жыйынтыгы болду. Тууган-уругумдун каршы болгонуна, Тышкы иштер министрлигинен бут тоскондорго карабай дипломатиялык билим алып, 1996-жылы дипломго ээ болдум. Ошол билимим 2000-жылы мени министрлик кызматка алып келди. 29 жашымда министр, кийин элчи болуп дайындалышыма ошол билимдин пайдасы тийди. Дагы кошумча билим керегин сезип, алдыма “дүйнөдөгү эң алдыңкы окуу жайынан билим алышым керек” деген максат койдум. Ошол үчүн 30 жаштан өткөндө англис тилин үйрөнүп, элчиликтен баш тартып, АКШга окууга кеттим.
– Окуу үчүн гана элчиликтен баш тарттыңызбы?
– Негизи, билим алууну мурун эле максат кылып, даярданып жүргөм. Элчилик кызматтан Бакиевдердин жүргүзгөн саясатына каршылыгымды билдирүү иретинде да, билим алуу үчүн да кеттим.
– Кызыктуу маегиңизге рахмат. Сиз өңдүү билимге умтулган адамдар кыргызда көбөйө беришсин.

Шаиста Шатманова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Arimaz
2010-12-01 02:30:52
R. Jeenbekovdun interviewsun kizigip okudum, meni bul kishi abdan kiziktirat. Antkeni bizdin rayondon. Birok "Ар бир эле эркектин аң-сезиминде анын энеси аялзатындагы сулуулуктун символу болуп калат" degenine tushungon jokmun. Antkeni men Amerikalik bir dosuma " Your girlfrind looks like your mother" dep aitkanda, al ayabai kapa bolgon ele. Anan maga "Never say that" dep surangan ele. Antkeni al ozunun suiloshkon kizin enesine okshoshturgusu kelgen emes ele.
0
Arimaz
2010-12-01 02:32:55
Dagi kenenireek jazain dep, uyaldim. Balkim tushunuktuu ele boldu bolush kerek. Ene menen ozunordun jubainardi okshoshturbagilachi, suranam!
0
Aisulujan
2010-12-01 04:48:03
yasnooooo vse.!
0
№ 421, 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан