(Башы өткөн санда)
– Ошондо?
– Сөздүн төркүнүн түшүндүң да, ээ?
– Байке... Анда мени ушул жерден эле өлтүрүп салыңыз. Аялымды сизге уттуруп жиберип, кантип жашайм бул дүйнөдө?
– Хмм... Мен сени ушул сунушка макул болот го деп ойлопмун.
– Жок.
– Азаматсың! Жасаган күнөөсүн моюнуна алып, сыноону татыктуу көтөрө алган адамдарды сыйлайм. Мен сени сынап көрдүм. Сыноодон татыктуу өттүң. Куттуктайм. Бирок косягыңды жабышыңкерек...
– Аялыма тийбейсизби?
– Жок. Мен андай эмесмин... Анын үстүнө мен үй-бүлөлүү адаммын. Жубайымдын көзүнө чөп салуу оюма да келбейт. Сен канча уттурдуң мага?
– Азыр үйдөн алып келгеним 400 миң сомдой болчу...
– Таак... Үстүнө дагы 400 миң кошосуң. Бул балдардын акысына 100 миң. Жалпы ошону менен 900 миң сом. Бир жума берем. Бир жумада бере албасаң проценти өсө баштайт.
– Жарайт...
– Жигиттер, Каныбекти үйүнө жеткирип койгула.
ххх
Үн-сөзсүз эле унаага салып, андан дарегин да сурабастан алып келип коюшту. Демек, булар даректи билишет. Жөн кишилер эмес тура. Акчаны батыраак таап берип салбаса болчудай эмес. Ойго баткан калыбында лифтке түштү да, өз кабатына чыгаруучу баскычты баскандын ордуна токмок жеген күчүк кебетеленип ошол жерге эле отура кетти. Бир чекитти кадала тиктеп тура берди.
Тээ бир топто гана лифтке ит жетелеген орус аял түшкөндө эсине келди.
– Сизге каякка?
– 8-кабат,- деди кайдыгер гана.
ххх
Үйгө кирсе Нурия уйкусунан ойгоно элек экен. Аста басып кирип, ашканадагы диванга кулады да, ошону менен дээрлик 12 сааттай ойгонбой уктады. Катуу чарчаган экен.
Бул арада Нурия жумушуна барып, андан соң соода үйлөрүн аралап шопинг жасап келгенге жетишти.
– Каныбек... Турсаң, ойгонсоң... Карачы? Жарашат бекен?
Көзүн ушалай тура калган Каныбек маңдайында татынакай кыска көйнөк кийген жубайын көрдү.
– Бүгүн эле сатып алдым... Сонун бекен?
– Албетте... Сага кандай кийим болбосун сонун жарашат.
– Рахма-ат. Сага жакса керек деп ойлоп жаткам. Баса, сага бир чет элдик номурдан кимдир бирөө кайра-кайра чалып жатат.
– Чет элдик номур?
– Ии...
Шапа-шуп стол үстүндө турган телефонун ала калды. Жүрөгү бир ирет “лак” эте уруп алды. Бул күн эртели-кеч келмек. Ал Америкага Лас-Вегаска кетип калган жок го. Кыргызстанга эле келбедиби! Дария аны эртели-кеч тапмак. Номурун жазбай тааныды...
– Бул ким болуп кетти экен?- деди анткорлоно. Дал ошол телефонун кармап ойго батымыш этип турганда кайрадан чалуу келди.
– Алло?- Нурияны шектентпеш үчүн телефонду дароо алды.
– Аллонун балакетин ал! Кантип ушуга колуң барды?- Дария анын үнүн угары менен ыйлап жиберген.
– Ким бул?
– Каныбек... Эмне сенин үнүңдү тааныбай калат деп жатасыңбы?! Өз балдарыңдын ырыскысын кантип уурдадың? Балдарыбызга үй ала турган акча эмес беле!
– Сиз адашып калдыңыз!- телефонун коюп салды.
– Ким экен?- арыда жаңы алган кыска көйнөгүн алмаштырбастан эле тамак даярдап баштаган Нурия сурады.
– Бир аял. Адашып калыптыр...
– Аа... Сен эч кайда кетпейсиңби?
– Жок. Үйдө болом,- керилип-чоюлуп алды өзүнчө. Анан терезеге коюп койгон тамекинин кутусунан бир даана чылым алды да, балконго жөнөдү.
Жаңы эле күйгүзүп, түтүндү асманга үйлөөр замат аны кимдир бирөөлөр карап турганын сезди. Ылдый карады да, кечээги эңгезердей 3 жигит так ал жашаган үйдүн алдында өздөрүнчө күрү-гүү болуп бир нерсени берилип сүйлөшүп жатканын көрдү. Бир сыйра Каныбекке карап баш ийкеп коюшту да, сүйлөшүп жаткан нерсени улап кетишти.
Тамекинин түтүнү кекиртегинен өтпөй бууп салгандай болду. Балкондун алдында тургандары, алардын карызды эртелет деген ишараты экенин Каныбек жазбай түшүндү. Эми кайдан табат? Кыргызстанда ага мынча акчаны бере салчу бир да адам жок. Бир гана жол турат. Кайра ойношу керек... Балким, бул жолкусунда фортуна ага жылмаяттыр.
Башына дароо келе калган ушул ой аны шыктантып жибергендей болгон. Бирок аныгында аны дагы да болсо кумар азгырып жаткан болчу. Ваннага кирип шаша-буша бети-колун жууй салды да, күрмөсүн кийип үйдөн чыгып кетти. Өзүнчө берилип ырдап, көтөрүңкү маанайда тамак жасап жаткан Нурия анын зуу койгонун байкабай деле калды.
ххх
– Кандайсыңар, жигиттер?- эски тааныштарын көргөндөй кубануу менен учурашты.
– Жакшы...
– Шеф кайда?
– Эмне кыласың?
– Менде ага сунуш бар.
– Эмне сунуш?
– Ал баш тарта албай тургандай сунуш.
Тиги үчөө Каныбектин ишенимдүү сүйлөп жатканына ынаныштыбы, айтор, бири-бирин карап алышты да, аны унаага салып түз эле Маракенттин үйүн көздөй жөнөштү.
ххх
– Карызды жаба албайм. Акчам жок. Бирок үйүмдү конго коюп ойнойм,- аны суроолуу тиктеген Маракентке ушинткен болчу. Аны жүлжүйө тиктеген Маракент өзүнчө баш чайкап жылмайып алып, үйүнө чакырып чай берген соң көп эзилип сүйлөшпөй эле карта таратууга өткөн.
Кыязы, биротоло Каныбектин көңүлүн калтырайын десе керек. Ага бир да жолу реалдуу мүмкүнчүлүк бербей, заматта эле баасы ошол жерде бычылган үйдү утуп алган болчу.
– Эртең үйдү бошотуп кой! – Маракент эч бир ашыкча сөз сүйлөбөй ордунан туруп кетти.
Колундагы 3 картасын делдейе карап бир топко чейин отура берди Каныбек.
– Эй, үйүңө жеткирип коёлубу?- деди бир убакта Белек дегени аны шылдыңдай карап.
– Жок... Өзүм кетем...
Чыкты да, биринчи таксиге отуруп Көлдү көздөй жөнөп кетти.
ххх
Кайра эле жашоосунун бырын-чырыны чыгып калды. Шарпылдап өз добушун салып жаткан көлдү пирстен кайдыгер карап турду.
Кайра эле баягы айлампа. Ушундан канча жолу чыгууга аракет кылды. Бирок кайра эле баары кайталанат. Качып деле көрдү. Башкалардан качкан... Дариядан да качкан, балдарынан да качкан. Жаңы жашоо баштайм деп өзүн эптеп ишендирген. Жок, ишендирбептир. Алдаган экен өзүн. Болбосо Дариядан качканы чын болсо, алыстарга кетмек. А бул Кыргызстанга кетип калган. Кыңыр иштери кырк жылда билинерин туюп туруп үйлөнгөн... Тереңделе ойлонгон эмес. Эми кара, кайра баягы жомок башынан башталган турат. Кыязы, ал эч убакта өзүнөн-өзү качып кутула албайт окшойт. Анын болгон жаратылышы ушул тура. Бир гана жол бар. Өлүп калуу керек... Өзүнчө мылжыйып жылмайып алды да. Кийимдерин чечип баштады. Сүзө алчу эмес. Чөгүп кетүүгө мүмкүнчүлүк кол алдында турган...
(Уландысы кийинки санда)