АССОЛЬ МОЛДОКМАТОВА: «ӨТӨ ЖОГОРКУ САПАТТАГЫ ЧЫГАРМАЛАРДЫ КАБЫЛ АЛАБЫЗ»

– Айтсаңыз, “Бравонун” негизги максаты эмнеде?
– Акыркы кезде биздин өлкөнүн шоу-бизнеси өтө ылдамдык менен өнүгүп баратканы байкалууда. Бул нерсе бизди албетте, сүйүндүрөт. Бирок, ушундан бир нече жыл мурун эле биздин ырчылардын клиптери дээрлик жокко эсе болгон. Кыргызстан боюнча ондой гана клип болгон десем жаңылышпайм. Ошондо ойлонуп, видеоклип тартууга стимул болуучу долбоор ойлоп тапканбыз. Албетте, башында клиптердин жоктугуна байланыштуу бир эле клипти улам-улам кайталоого туура келчү. “Бравонун” эң негизги максаты – кыргыз аткаруучуларын гана жалпыга таанытуу. Эгер эсиңизде болсо, мурун “Клипчарттардан” биздин ырчылардын да, чет мамлекет ырчыларынын да клиптерин көрсөтүшчү. Бүгүнкү күндө биз баарыбыз биригип кыргыз элинин гана музыкасын жана маданиятын жайылтуубуз керек деп ойлойм.
– “Бравого” клиптер кандай талаптар менен тандалып алынат?
– Аткаруучулар бизге өтө жогорку сапаттагы чыгармаларын алып келиши керек. Алгач көптөгөн учурларга көз жумулса, азыр аябай катуу талап менен гана тандап алабыз. Сапатынан сырткары стилин, аткаруучулук жөндөмүн жана клиптин түстүүлүгүн, кооздугун эске алабыз. Эгер клип ушул талаптардын баарына жооп берсе, “Бравого” сөзсүз чыгат.
– Башында берүүнү үч адам алып барса, азыр экөө алып барып калышты, а баштагылардан жалгыз гана Эрмек Нурбаев эле калды. “Браводон” кеткен алпаруучулар азыр кайда?
– Алпаруучулар профессионалдуу өсүшү керек. Эгер кайсыл бир алпаруучунун өз алдынча программа алып бара алаарына көзүм жетсе, жаңы долбоор даярдап, аны жалгыз алып баруусуна бардык шарттарды түзүп берем. Мисалы, Нурзат менен ушундай кылдык, ага “Кош өнөр” деген берүү ойлоп таптым. Азыр Нурзат берүүнү ийгиликтүү алып барып жатат. Ал эми Элнура чет өлкөгө кетүүгө камынып жатканына байланыштуу аны алып баруучулук милдетинен бошотком.
– Динара Ысыкеева “Бравого” кандайча туш болуп калды экен?
– Көптөгөн журналисттер менден сабак алууну эңсешет. Бирок, менин иш графигим өтө татаал болгондуктан, бардыгын ала бербейм. Динара Ысыкеева бир ай бою мага келип, жарым күндөп мени күтүп отура берчү. Аябай өжөрлүгүн көрүп, каалаганын аткара ала тургандыгына көзүм жетип, ага ишендим. Бир нече ай аны эфирге даярдадым. Сүйлөө манерасын, өзүн алып жүрүүсүн жана кантип кийинүүнү үйрөттүм. Алгач эфирге “Салам, Кыргызстан!” программасы менен чыкты. Кийинчерээк анын профессионалдык жактан өскөнүн байкап, “Бравону” алып баруусун сунуштадым.

Маектешкен Мээрим Келгинова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 241, 15-21-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан