ЭХ, СҮЙҮҮ, СҮЙҮҮ...

Биздин жашообуздагы эң кызыктуу жана көп тобокелдикке түрткөн сезим – бул сүйүү. Муну танууга болбойт. Дээрлик көпчүлүгүбүз сүйгүбүз, сүйүлгүбүз келет, жашоодо сүйүү издейбиз. Ошол сезим келген учурда адамдын абалы кандай болуп өзгөрөрү тууралуу баш катырып көрдүңүз беле? Окумуштуулар сүйүүнүн адамдын физиологиялык, социалдык, психикалык абалына тийгизген таасирин изилдеп көрүшкөн. Төмөндө алар келтирген жыйынтыктар.

• Бири-бирин сүйгөн адамдар үч мүнөттөн ашык тиктешишсе алардын жүрөгү окшош сого баштайт. Бул сезимдердин чын экенинен кабар берет.

• Сүйүктүү адамыңдын кучактоосу организмде ооруну басаңдатуучу дарыдай эле реакцияны пайда кылат. Чыныгы сезимдер ооруну да айыктыра алат.

• Сүйүү адамды иштен алаксытып, иштин жемиштүүлүгүн азайытышы ыктымал. Ошол эле учурда, тескерисинче, адамдын бир ишке көңүл коюусун арттырышы да мүмкүн.

• Сүйгөн адамдын канынын жана лимфасынын биохимиялык анализинин жыйынтыгы психикалык жактан оорусу бар адамдын анализинин натыйжаларына окшош болуп чыккан.

• Сүйүп калуунун алгачкы күндөрү адамдын организминде дофаминдин, адреналиндин жана норадреналиндин эбегейсиз дозалары иштелип чыгат. Дофаминдин таасиринен биз эйфорияны сезебиз, ал эми калган экөө жүрөктүн кагышын тездетүүгө жана тынчсызданууга алып келет.

• Сүйүү денеде паникалык атакага мүнөздүү болгон сезимдерди пайда кылышы мүмкүн: баш менен колдордон буттарга кандын жүгүрүшү, булчуңдардын катышы, калтырап-титирөө. Каректин чоңоюусун жана алакандын тердегенин байкоого болот.

• Физикалык жакындык жана үзгүлтүксүз баарлашуу көбүнчө (85 пайыз) сүйүүгө алып келет. Кызматтык сүйүүлөрдүн башкы себеби ушул болушу мүмкүн.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 992, 10-16-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан