Көп кырдуу талант ОК ТЭК ЁН

Ок Тэк Ён. Бул келишимдүү мырза 2008-жылдан бери таланты менен көпчүлүктү кубантып келет. Аны “Винченцо” же башка сериалга тартылган актёр катары таанышыңыз мүмкүн. Бирок Тэк Ён алгач белгилүү “2PM” тобундагы мыкты рэпер, ырчы катары таанылган. Гезитибиздин K-pop рубрикасынын кезектеги коногу дал ушул айдол-актёр Ок Тэк Ён.

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул шаары

Туулган жылы: 1988-жыл, 27-декабрь

Жылдыз белгиси: текечер

Бою: 185 сантиметр

Кесиби: рэпер, ырчы, актёр, модель

Билген тилдери: англис, япон, испан, кытай

Тартылган белгилүү сериалдары: “Бийик кыялдан”, “Кел кармашабыз, арбак”, “Сен кимсиң?”, “Куткар мени”, “Оюн”, “Винченцо” жана башка

КОРЕЯДАН АКШга...

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында чыккан “Винченцо” дорамасы жыл жыйынтыгы менен бир нече сыйлыкка татыды. Тасмада башында жумушка жаңы келген, жөнөкөй адвокат Чан Жун У чынында мыкаачы, бандит экени билинет. Эки жүздүү каармандын образын жараткан Ок Тэк Ён сериалда англисче эркин, таза сүйлөйт эмеспи. Бул бекеринен эмес. Тэк Ён 10 жашка чыкканда үй-бүлөсү менен АКШнын Массачусетс штатына көчүп кетишкен. Чет жерде жүргөн 7 жыл аралыгында ал англис тили эле эмес, испан, япон, кытай тилдерин да өздөштүрдү. Мектептен сырткары футбол ойноду, шахмат ийримине барды, джаз-клубда ырдады, айтор, көңүлү каалаган нерсесин жасады. Бир күнү эжеси JYP Entertainment агенттиги Нью-Йорк шаарында кастинг өткөрүп жатканын, ага барып көрүүсүн сунуштап калды. 17 жаштагы жүрөгү от жигит токтолбостон Нью-Йоркко сапар алды...

АКШдан КОРЕЯГА...

Ал кастингге барганда “модель болгум келет” деди, бирок агенттиктин өкүлдөрү аны ырдатып көрүп, “музыкадан өзүңдү сынап көр” дешкен. «Superstar Survival» деп аталган шоудо 10 катышуучунун бирине айланган Тэк Ён жеңилип калган. Бирок өжөрлүгү менен башка сынакка катышып, жаңы түзүлө турган k-pop тобунун курамына кирүү үчүн таймаша турган жаш таланттардын арасына кошулган. Жыйынтыгында ал “2PM” тобунун курамында Түштүк Кореяда 2008-жылы сахнага рэпер катары чыккан. Андан бери көптөгөн ийгиликтерди багындырган топ акыркы 5 жылдан бери тыныгууда. Анткени аскер кызматын өтөө мезгили келип, топтун мүчөлөрүнүн бири кетсе, бири келип толук курам чогула элек. Жеке ырчы катары чыгып баштаган Тэк Ёндун JYP агенттиги менен келишими 2018-жылы аяктаган, бирок ал топтун мүчөсү катары ишмердүүлүгүн улантууга укугу бар. Баса, Тэк Ёндун аскердик кызматка барышы жердештеринин мактоосуна арзыган. Негизи АКШнын жараны катары Кореяда аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү эмес эле. Бирок ал аскерге барам деп атайын жарандыгын алмаштырып, корей атуулуна айланган. Жарандыктан сырткары ден соолукта да маселе жаралган. Кокустуктан колун сындырып алып, жаракат алган жерге бир нече темир тагылган жигит физикалык жактан чоң күч талап кылынган көнүгүүлөрдү жасай алмак эмес. Ошентсе да ал 2017-жылы аскердик антын берип, жеңилдетилген жайда 2019-жылга чейин тиешелүү кызматын өтөп, сержант наамын алып келди.

КИНОДОГУ ИЙГИЛИК

2011-жылы жаңыдан чыгып келе жаткан ырчылар, корей тили менен айтканда, айдолдор топтолгон “Бийик кыялдан” сериалы чыккан. Ал тасмадагы ырчылар Сюзи, АйЮ, ошондой эле актёр Ким Су Хён азыр дүйнөлүк атактуулукту багынткан актёр-актрисага айланышты. Бирок кеп бул адамдар жөнүндө эмес. Сериалда делдең кулагы өзүнө жарашкан биздин каарман да бар. Буга чейин ал “Күлчү кыздын эжеси” сериалында дебют жасаган. Бирок аны актёр катары тааныткан “Бийик кыялдан” дорамасы болду. Жылдызы жанган актёр япондордон чакыруу алып “Жылдыз менен 99 күн” сериалына тартылган. Тэк Ён баш каармандын образын жараткан “Кел кармашабыз, арбак”, “Сен кимсиң?”, “Винченцо” дорамалары да кызыгуу жараткан эмгектер болду. Ырчылыкты да, актёрлукту да бирдей алып бара жаткан каарманыбыз 2020-жылы биринчи жолу тарыхый тасмага тартылууга сунуш алганы белгилүү болгон. “Хансан” аталышындагы толук метраждуу көркөм фильм 2014-жылы чыккан “Мёнрян үчүн беттеш” тасмасынын уландысы. “Мёнрян үчүн беттеш” прокатта 110 миллион доллар таап, буга чейинки корей кинолорунун арасынан рекорд койгон эле. Бул рекордду 2019-жылы “Экстрамалдык жумуш” тасмасы жаңылап, прокатта 120 миллион долларга жетти. “Хансан” тасмасы 1592-жылды сүрөттөйт. Корей генералы Ли Сун Шин япон флотунун басып киргенин угуп, Хансан аралында өтө турган беттешке даярданат... Ок Тэк Ён тасмада корей морягынын ролун аткарат. Качан чыгары тууралуу так маалымат жок тасманы көпчүлүккө кошулуп мен дагы күтүп жатам.

“БАРДЫК КЫЗДАР ЖАГАТ”

Данкук университетинин бизнес башкаруу бөлүмүндө билим алган Тэк Ёндун музыка, кинодон сырткары чакан иши да бар. “Okcat” деп аталып, жашыл мышыктын сүрөтү бар идиш-аяк, канцелярдык товарлар, оюнчуктар, аксессуарларды көрсөңүз, Тэк Ёндуку деп билиңиз. Тамакты тамшанып жегенди да, ошого жараша даамдуу жасаганды да билет. Жакындары анын уйкучу экенин айтышат. “Мурда мындай-тигиндей кыздар жагат дей берчүмүн. Азыр чоңойдум окшойт, адамдарды бөлбөй калдым. Эч кимди идеал тутпайм, мага бардык кыздар жагат” деген Ок Тэк Ён жеке жашоосун ачыкка чыгарбай келет. Анын сүйлөшкөн кызы бар экени, ал чыгармачылыктан алыс адам экени тууралуу маалыматтар бар. Эмнеси болсо да Тэк Ёнго бакыт, чыгармачылык эргүү каалайбыз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 992, 10-16-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан