– Бүгүн да ооруп калдым. Кан басымым көтөрүлүп башымды көтөрө албай калдым эле, аялым дарыгер чакырып, уулум дарыканага чуркап дарыларымды алып келип, кызым суу көтөрүп келип жанымдан чыкпай отурушат. Бул оору мага жармашкандан бери ушул адамдардын чуркаганы чуркаган. Капкарам, аялымды ушинтип атайм, ар кайсы жактан окуп, ар кимден угуп чөп дарыларын да даярдап келет. Кызым улам-улам кан басымымды ченеп, ушул бөлмөдөн алыстабайт. Жанымда отуруп алып телефондон көзүн албаган түр көрсөткөнү менен, оюнун баары менде экенин туюп эле турам, кыймылдасам эле ордунан тура калат, каралдым. Уулум көбүнчө өзүнүн бөлмөсүндө. Бирок анын да санаасы менде болуп жатканын билем. Көрсө, жашоомдо мен үчүн күйгөн, мен үчүн баарына даяр болгон адамдар ушулар экен. Мен муну ооруп калганымда гана, 60 жашымда гана түшүндүм.
Буга чейин бактымды сырттан издедим. Жашоомдон бир топ аялдар да өттү. Капкараны сыздаттым, ыйлаттым, кол көтөрдүм. Бир ирет ичип алып бычак менен коркутканым да бар. Мунун баары аз келгенсип бир күнү башка аялдан да кызым бар экенин билди. Ал кызым 20 жашка чыкканда үйүбүзгө келип, өзү билген окуяны аялымдын, балдарымдын көзүнчө айтып берди. Капкарам 2-3 күн ыйлады да, кайрадан мурдагыдай жашоону улантууга бел байлады. Ал баарына чыдады, 2 бала үчүн мен көрсөткөн кордуктун баарына чыдады, алар атасыз калбасын деди. Мен анын ушул алсыздыгын билчүмүн, баарына чыдаарын билчүмүн.
Бир күнү милицияга түшүп калдым. Жумушта туура эмес документке кол коюп мыйзам бузуптурмун. Жакын туткан кесиптешим мастыгымдан пайдаланып кол койдуруп милицияга салып бериптир. Мени куткарып калуунун жолун издеп дагы да капкарам жүрдү. Мен тутунган бир туугандарым же мени жакшы түшүнөт деген башка аялдар эмес, күндө чогуу жүрүп, кан-жаныбыз бир деген досторум дагы эмес, мен тоготпогон аялым чуркады. Бул иштен эч нерсени түшүнбөсө деле ар эшикти каккылап мени куткарып алуунун айласын издеди. Акырында куткарып калды. Мен убактылуу кармоочу жайдан үйгө чыгарылдым. Ал учурда деле турмуш берген сабакты түшүнбөптүрмүн. Кайра эле мурункудай чар-жайыт жашоомду уланта бердим.
Балдарым да мени жакшы көрүштү. Канчалык жиндилик кылып аларды ыйлатсам да үйгө келгенде аталап алдымдан чуркап чыгып, чайымды берип, тилимди угушту. Бирок мен аларга көңүл бурган жокмун. Көпчүлүк учурда кечинде мас болуп келчүмүн. Балдарыма колум тийген учур да болду. Кудай адамдардын баркын акыры бир жол менен түшүндүрөт экен. Мен бакытым жанымда, ушул үйдө экенин 60 жашка чыкканда, оорунун алдында алсыз болуп калган учурда гана түшүндүм. Эми, балким, кеч. Бирок канча жашоом калса да ушул адамдарга жакшы маанай тартуулоо үчүн жашайм, буга чейин бере албаган жылуулукту калган жашоомдо берип жетишүүгө аракет кылам.
Аман