Бердибек Жамгырчиев, акын: "ЫРЧЫЛАРГА СЫН АЙТСАМ, ФАНАТТАРЫ ТАЛАП КЕТИШТИ"

12-декабрь – Кыргыз адабиятынын күнү болду. Ага карата акын Бердибек Жамгырчиев менен маектештик. Учурда эки бирдей сыйлык алып, кубанычы коюнуна батпай турган кези. Акындын жан дүйнөсү эмне каалайт, эмне самайт, баарын ушул маектен табасыз.

– Салам, Бердибек мырза, сыйлыктарың кут болсун!

– Рахмат, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин алдым. Жашырганда эмне, таланты барына деле, жогуна деле берилип келе жаткан, мага баасын айтып, “ал” деп сунушташкан эле. “Сурап ичкен тамагың суу ичкен менен барабар” дегендей, сураган эмесмин, быйыл алдым. Улай эле Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты болдум. Сыйлык күтүүсүз болду, кубандым. Акындык, кээ бирлер айткандай, “хоббим” эмес, жашоом. Кудай бирин ажо кылат экен, бирин акын кылат экен, ар бирибиз ошол тагылган миссиябызды татыктуу аткарганыбыз туура.

– Өзгөчө кабыл алган сыйлыгың кайсы болду?

– 2015-жылы Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты болгом, ошол сыйлык мен үчүн өзгөчө болгон. Сыйлыктын сыймыгын деле билбей, күпүлдөп ыр жазып жүргөн убак. Акын Бактыгүл Чотурова эжебиз телефон чалып,“сени сыйлыкка көрсөтүп жатабыз, китептериңди алып тез келе кал” деди. Жашмын да, “бошобой жаттым эле, инимден берип жиберсем болобу?” десем, эже “Эл акыны болгондо инилериңден берип жибересиң, азыр өзүң эле келе кал” деди. Жумшак айтты, бирок кебез менен мууздап жаткандай болгон (күлүп). Катуу уялгам.

– “Жерден жарака кетсе акындын жүрөгү аркылуу өтөт” дешет, коом кайда бара жатат, акындын көзү менен карап айтып берчи.

– Баалуулуктун, аруулуктун баары тебеленип, жеңил талкуулар, хайп сөз болгон заман болду. Китеби жок интернет менен тарбияланган кийинки муун эмне болот? Акын-жазуучулар кызматыбызды кылып, элди тереңдикке үндөсөк дейм. Маданият министри Азамат Жаманкуловго жолукканда “курсак тойгонуна кубанып жүрө бербей, элге кызмат кылалы, шарт түзүп бергиле” дедим.

– Сен айткандай коомду “чечин”, “кокуй, чечинбе” деген жеңил талкуулар каптап бара жатат окшойт...

– “Чечин” же “чүмкөн” саясаты эмес, кыргыздын түпкүлүгү бар, ошого кайтышыбыз керек. Салижан Жигитов агабыз айткандай, биз батыштын цивилизациясына туташабыз деп, канализациясына туташып алыптырбыз. Акыр-чикиринин баарын көөдөнүбүзгө куюп жатышат. Ал аз келгенсип диний, саясий фанаттар адамдардын аң-сезимин ээлеп алды. Биз кыргыздын түпкүлүгү менен сакталып калышыбыз керек. Кыргыз кечээ эле пайда болгон калк эмес.

– Акын болобу, төкмө акын болобу, ырчы болобу төбөсү көрүнгөндүн баарынын социалдык тармакта жеке баракчасы бар. Байкашымча, ошол жазган постторундагы жоопкерчиликти коомдун алдында анча сезбегендер бар. Жеке баракчаңа болгон сенин мамилең?

– “Айтпасам дилим күйөт, айтсам тилим күйөт” дегендей, ушул жоопкерчилик тууралуу мен көп пост жазам. Ырчы-чоорчулардын миллиондогон катталуучулары бар, бирок коомго пайда келтире турган бир нерсе жазышпайт. Ичкен-жегенин, кийген кийимин, минген машинесин эле тартып баракчаларына киргизе беришет. Ачуум келгенде катуураак деле жазып жибермейим бар (күлүп). “Эмнеге жумасына бир жолу кыргыз үчүн, жан дүйнө үчүн бир нерсе жазып койбойсуңар?” деп жазсам, алардын фанаттары кайра мени талап кетишти. Аары талагандай эле талашат экен, айланайын (күлүп). Эми өз баракчасын ар ким өзү билет, бирок алар эл адамы болгондуктан коомго керектүү, сабак ала турган нерсени жазышса деп ойлойм. Бир жолу “кечке эле олуттуу боло бербейин” деп тамаша катары пост жазып койдум эле, бир эже “Бердибек, сен дагы жеңил-желпи нерсеге өтүп кеттиңби?” дегендей айтты. Уялып жеке баракчама жети өлчөп, бир кесип, ого бетер жоопкерчиликтүү карап калдым.

– Уйкашпаган ыр саптарын көргөндөгү сенин реакцияң?

– Эринбей барып таштандыга ыргыткың келген ыр саптары болот. Акын деле акча табышы керек да, обонго ыр жазып берген убагым болду. Бирок обонду угуп ырды эптештире албайсың. Обонду батыштан бир кайрык, орустан бир кайрык, кыргыздан бир кайрык кылып чыгарып коюшкан да, кандай ойду батырып, кантип ыр саптарын курап жазып беришти билбейсиң. Кийин обондуу ырларга ыр жазбай калдым. Кайрылгандар көп, азыр баары эле ырчы же депутат болом деп калышпадыбы. Баары эле “чоң” болгусу келет, адам болоюн дегени аз. Акын болоюн дегени такыр эле жок.

– Сен кантип акын болуп калдың?

– Жок жерден жомок жаралбайт эмеспи. Кудайдан берилген “бүдүрүм” бар болсо керек, ага эмгекти кошуп отуруп акын болдум. Кичине кезден эле ыр жазчумун, бирок уялчу элем. Жогорку окуу жайга келген кезде Садык Шер-Нияз түптөгөн “Калемгер” адабий клубу бар эле, ал жакка барып жүрүп ырдын дарыясына кирип кеттим. Ал жылдары силердин гезитиңерге чыгыш оңой эмес эле, ырларым жарыяланганда ого бетер шыктанып кеткем. Бала кезде “учкуч болом” дечүмүн, учкуч боло албадым, бирок ырларым менен учуп жүрөм (күлүп).

– Акын жактырган акын ким?

– Өзүм көрбөсөм да, жүрөгүм менен көргөн акын Алыкул Осмонов. Ысык-Көлдү Алыкул Осмоновдой казып жазган акын боло элек. Менин айылым Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан. Уктап жатсаң көлдүн шарпылдап добуш салып турганы угулуп турчу. Ошол Алыкул агамдан көп таасирлендим. Кийин Элмирбек Иманалиев, Мирлан Самыйкожо, Алтынбек Исмаилов агайлар менен жолугуп, жакын болуп жүрдүм. Ар бири устатым. Зайырбек Ажыматовдун “Мен кыргызмын” деген ырынан катуу таасир алсам керек, менин да “Кыргыз” деген ырым бар. Ачык эле Зайырбек аганын ырынан таасирленип жазылган деп айтып жүрөм.

– Акындын жүрөгүндө сүйүү болбосо ыр жазбайт дешет, жүрөгүңдүн ээси тууралуу айтып берсең.

– Акындарды ойноок деген кеп туура эмес (күлүп). Акын мекенин сүйсө да, аялды сүйсө да, элин сүйсө да өзгөчө сүйөт. Жасалма эмес, чын жүрөктөн сүйөт. Алоолонуп сүйөт. Жубайым менен бир кечеде таанышып калгам. Мен комуз менен ырдайм, ал дагы жакшы ырдайт экен, Раймалы менен Бегимай дешип экөөбүздү 2-3 саат тынбай ырдатышкан. Мамилебиз уланып, бир жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Жубайым Кенже Кубатованын шакирти, аты да Кенже Абдыкеримова. Чыгармачылыгына бут тоспойм, кээ бир эркектер кызганып отуруп өзүн да, өнөрүн да талкалап салышат. Чала-була талант болсо көңүл бурбайт элем, жакшы үнү бар. Кантип катып коём? Мен эмес, Кудай берген таланты деп колдоп-коштоп келе жатам.

– Кызыңдын атын Элмирбек Иманалиевдин ырына таасирленип койгон экенсиң...

– Уулум 5 жашта, кызым 3 жашта. Уулумдун атын Элмирбек деп коёюн дегем. Кыргызда тун уулдун атын ата-эне коёт эмеспи, алар Алинур деген ысым ыйгарышкан. Кызымдын атын Аруузат деп өзүм койдум. Төрөлгөндө Элмирбек агага телефон чалып “сиздин каарманыңыздын атын койгону жатам” десем сүйүнүп, жакшы батасын берген. Элмирбек агайым менен жакшы мамиледе элем. Ал киши таң атпай баталарын жазып жиберчү, ошол аркылуу ким канчада турат, билип алчу экен (күлүп). Бир жолу “эрте туруп жүр. Күн чыкканча уктап күндөн улук болуп кетиптирбизби” дегени бар. Кыргыздын маңдайына бир жаралган адам эле...

– Рахмат маегиңе, жан дүйнөнүн азыгы болуп аман жүр.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
gukush_92
2021-12-20 16:42:31
Мыктысыз! Ырларыңыз укмуш! Сөз жок!
+1
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан