Элибизде “заманың бөрү болсо, бөрү бол...” деген кеп бар. Эл замандын, заман элдин пейилине жараша өзгөрүп турары да чындык эмеспи. Төмөндөгү биз сөз кыла турган эргулдар бөрүдөн өтүп шайтан болуп кетишкендей. Анткени алар эл сыйынуучу жайларды тоногондорун моюнга алышууда.
АКЫРЫ КОЛГО ТҮШҮШТҮ
Бишкекте үстүбүздөгү жылдын жай айларынан ушул күнгө чейин 20дан ашуун чиркөө жана сыйынуу жайлары тонолгон. 9-ноябрда ушул кылмыштарга шектүү деген топ тузакка илингени маалым болду. Бул топту кармоо үчүн ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кылдаттык менен ишке киришишкен.
Шектүү топтун мүчөлөрүнүн көптүгүнө байланыштуу аларды топ-тобу менен колго түшүрүшкөн. Кылмыш иликтөө кызматкерлери аларды колго түшүрүү үчүн буктурмада жатып, эки күн уйку жүзүн көрүшкөн эмес.
ТЯНЬ-ШАНДЫН “БҮРКҮТТӨРҮ”
Тергөө учурунда белгилүү болгондой, жоон топтун дээрлик бардык мүчөлөрү Нарын облусунун Нарын районунун 18-25 жаштагы кулундары. Топтун эң улуусу, 28 жаштагы Шайлообек Жаманкулов гана Чүй өрөөнүндө туулган. Булардын бирөөсү да жогорку билимге ээ эмес.
Топтун уюштуруучусу жана башчыларынын бири 19 жаштагы Эрлан Шаменов мурда соттолуп, бирок жаштыгына байланыштуу жеңил жаза өтөө менен кутулган. Кызыгы, анда да чиркөө тоноп кылтакка түшүптүр. Эрлан жазасын өтөп чыккандан кийин Нарындагы орус чиркөөсүнө кароолчу болуп ишке орношкон.
“Үйрөнгөн адат калабы...” дегендей, Эрлан ал жакта жөн жатпастан, Бишкектеги чиркөөлөрдүн жана сыйынуучу үйлөрдүн даректерин акырындык менен чогулта баштайт. Даректерди тактап алган соң туугандарынын, досторунун арасынан өзүнө ишенимдүүлөрүн тандап алат да, планын ишке ашырууну көздөйт. Ошентип, 6 кишиден турган топ Бишкекти көздөй сапар тартат.
ЧИРКӨӨЛӨРГӨ ТҮШКӨН КАРАН ТҮН
Колго түшүп калуудан коркушкан эргулдар алгачкы жортуулдарында тоной турган жайларын жакшылап изилдешет. Баштарына чүмбөт кийип ишке киришишет. Бирок көп өтпөй, билектериндеги күчтөрүнө ишенишкенби, чүмбөтсүз эле чиркөөлөргө сүзүп кирип барууну адатка айлантышат. Алар дайыма бир жол менен гана тоношчу. Айлана түн жамынары менен пландаган чиркөөгө келишет да, электр жарыгын өчүрүп, чиркөө ичине киришет. Кароолчуну сабап, колу-бутун байлаган соң тоноого өтүшөт. Чиркөө сейфин талкалап, акчаны алышкан. Элден чогулган садагалар да алардын чөнтөгүнө түшөт. Сатууга ылайыктуу нерселердин баарын алышып, бир гана баалуу иконаларга тийишкен эмес. Сыягы, алардын чыныгы баасын билишкен эмес го. Же сатып алганга кардар таппайбыз дешкен окшойт.
Башында арматура, жыгач менен куралданышкан эргулдар байышкандан кийин кичине калибрдүү мылтык, Мерседес үлгүсүндөгү унаага ээ болушат. Андан кийин Фольксваген Венто, Хонда жана Мазда үлгүсүндөгү машиналарды сатып алышат. Ошондой эле Бишкектин борбордук бөлүгүнөн, жаңы конуштардан да үйлөрдү ижарага алып, шапар тээп жашай башташат.
Убакыттын өтүшү менен топтун курамы да көбөйөт. 18 жаштагы Тилек Таалайбек уулу топтон бөлүнүп, өзүнүн бандасын түзөт. Ошентип, бөлүнүп отурушуп, жыйынтыгында ар бири 6 кишиден турган 3 топ түзүлөт.
“ӨЗҮМ ЭЛЕ КОЛГО ТҮШҮП БЕРМЕКМИН...”
Кылмышкерлердин акыркы курмандыгы Бишкектеги Ыйык Владимир княздын чиркөөсү болгон. Бул жерден акчадан сырткары күмүш жасалгаларды да ала кетишкен. Тоноочулар андан көп өтпөй колго түшүшкөн. Акыркылардан болуп Эрлан Шаменов кармалган. Милиция кызматкерлерине Эрлан Шаменов: “Эртең өзүм барып колго түшүп берейин деп жаткам”,- дептир.
Учурда 18 эргулдун 16сы камакта. Экөөсү изделүүдө. Кылмышкерлерге тоноочулук боюнча 13 кылмыш ишинен турган күнөө тагылып, тергөө жүрүп жатат. Бирок алардын кылган жоруктары мындан да көп болсо керек деп эсептешет укук коргоо органынын кызматкерлери.
Каруусу күчкө толуп турган жигиттер маңдай тер менен акча табуунун ордуна кылмышка барып отургандары өкүнүчтүү. Болгондо да башка улуттун ыйык деп санап сыйынган чиркөөлөрүн тоноп, элибиздин жүзүн жер каратып отурушканына баш чайкайсың.
Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg