Нурбек Юлдашев, актёр: “КЕЛИНЧЕГИМ МЕНЕН ЖАРАШАМ ДЕГЕН ОЮМ БАР”

Нурбек Юлдашев дегенде “Министрдин кызынын махабаты” тасмасындагы Мадинага ашык болуп жүргөн студент жигит көз алдыбызга тартылат. Актёр, "Кыска тамашалары" менен элге күлкү тартуулаган мырза биздин маек төрүбүздө болду.

– Саламатсызбы, Нурбек мырза? Учурда эмне менен алек болуп жатасыз? Балдак менен келдиңиз, арыктаптырсыз, ден соолугуңуз жакшыбы?

– Саламатчылык. Азырынча ден соолугумду калыпка келтирүү менен алекмин, үйдөмүн. Ооруган адам гана ден соолуктун кадырын билет дешет, мен да кадырын билдим. Бутумду сындырып алганыма төрт ай болду, сөөк териден сыртка чыгып кеткенде кеч калыптанат экен. Сыртына коюлган темир менен 2-3 ай жүрүп, аны алдыргыча убакыт создугуп кетти. Ооруп жатканда табитиң да мурдагыдай болбой калат экен. Ар нерсени ойлоносуң дегендей, ошого арыктадым окшойт. Негизинен жакшы элемин, бирок балдак жок басканда бутка күч келип жатат. Буюрса, жакында таштайбыз. Дарыгерлер “убакыт келди, аракет кылып балдаксыз баса бер” деп жатышат.

– Скетч тамашаларды тартчу элеңиз, бул тармак эмне болду?

– Ортодо бир аз тыныгуу болду. Айгеримди (ред.: актриса Саматова) уядан учурдук, өз алдынча иштеп кетти. Буюрса, жаңы команда менен иш баштайбыз. Чыгармачыл адам үйдө жата берсе буулугуп кетет экен.

– Сценарийлерди да даярдап жатсаңыз керек?

– Негизи даяр болгончо айтпай эле турайын дедим эле. Учурда бир кинонун сценарийин жазып жатам. Аракет кылып жатабыз, балким, ишке ашып кетер. Адам өзүнүн колунан келген ишти кылышы керек. Менин колумдан келе турганы чыгармачылык экен. Сценарийлерди даярдап койдук, жакында тартабыз. Мотор өзү чолок болуп жатпайбы, сакайып кетсек эле бардык иш башталат (күлүп).

– Тамашаларга идеялар эмнеден улам жаралат?

– Тамашаларга идеяларды колдон келишинче элдин арасынан алганга аракет кылабыз. Элде айтылып жүргөн же болгон окуялардан, айтор, чындыкка жакын окуялардан алып жазабыз. Идея көбүнчө эл арасында жүргөндө келет. Эл арасынан алынган нерсе элге бат сиңет.

– Ооруп жаткан учурда эмнени байкадыңыз?

– Негизи Кудай ар бир адамга сыноо бергенде “айланаңдагы адамдарды билип, электен өткөрүп ал” деп берет экен да. Ким кандай экени, жаныңда кимдер калды, кимдер жок, бүт иргелип сыноодон өтүп калды. Мурдатан бери жанымда жүргөн саналуу эле адамдар калды. Албетте, ата-энең, жакындарың дайыма жаныңда дечи. Кээ бир адамдар алыстай түштү.


– 6 айдан бери тыныгуу деп калдыңыз, каржы жааты кантип жатат?

– Шүгүр, азыр ата-энемдин жанындамын. Алар каржылык жаатта ойлонуп, кыжалат болууга жеткирген жок. Электен өтүп жанымда калган адамдар колдоо көрсөтүп жатышат.

– Үй-бүлөлүк маселелер боюнча ачык айтып маек берипсиз, буга эмне түрткү болду?

– Жаштык кылдык дейин десем, жаштыгыбыз деле калган жок. Кызуу кандуулукка алдырдык, ошонун айынан ушундай нерселер болуп кетти. Ушундан улам бардык жоопкерчилик эркек кишинин моюнунда экенин түшүндүм. Өзүң кылган нерсени өз колуң менен оңдогонго аракет кылыш керек. Үй-бүлөм жөнүндө көп деле айта берчү эмесмин. Таарынышып жүргөнүбүзгө көп эле болуп калган. Бир журналист келинчегим менен маекке чакырып калды. Ооруп жатканымды, таарынышып жүргөнүмдү түшүндүрүп айттым. Көп өтпөй “кызыңыз менен келбейсизби” деп кайра телефон чалды. Кызымды алып барсам, кызым сүйлөбөй койду. Өзүм менен эле сүйлөшүүгө туура келди, сөздөн сөз чыгып отуруп “айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле” болду.

– Келинчегиңиз менен жарашуу тууралуу ойлор барбы?

– Албетте, ойлондук. Чечүүчү сүйлөшүүлөр калды. Алдын ала эч нерсе айтпай, жакшы ниет кылып турайын. Кудайдын буюрганындай болот. Ажырашууну ажырашкан гана адам түшүнөт. Ортобузда болуп жаткан нерселер мага деле, ага деле билинбеши мүмкүн, бирок балдарыбызга көбүрөөк билинди. Чогуу болгон баары бир башка нерсе экенин түшүндүм. Эң биринчи өзүмдү тааныдым, “мен киммин, эмнеге мындай болуп жатат?” деп жашоомду анализдеп көрдүм. Кимдин кадыры кандай, келинчегимдин, балдарымдын, ата-энемдин орду кандай экени ушул күндөрү билинди. Балдарым азыр келинчегимде. Дем алыш күндөрү мага келип турушат же мен аларга барып турам. Бир жумада сагынышып калабыз. Улуу балам 3-класста окуйт, кызым бала бакчага барат.

– Чыгармачыл адамга башка жумуштарда иштеп кетүү оор болсо керек, ээ?

– Мен жумуштан качпайм. Такси айдап же курулушта иштегенден да намыстанбайм. Негизгиси уурулук кылбасаң болду. Бирок эл деген эл экен, алар суроо бергенде өзүңдү башкача сезип кетесиң. Москвага багытымды, жашаган жерди алмаштырып көрөйүнчү деп баргам. Ал жакта такси айдадым. “Орустар түшөт, сен Нурбек Юлдашевсиңби деп сурашпайт” деп ойлогом, бирок ал жакта кыргыздар көп экен. Бишкекке караганда ал жактан мага “сага бул жакта эмне бар, эмне кылып жүрөсүң?” деген суроолор көп берилди. Бир айдан ашык такси айдадым, анан минтип чуркап баратып эле бутумду кокустатып алдым. Москвадан операция жасатып, анан Кыргызстанга келе бердим. Анан менин ордум чыгармачылыкта экенин түшүндүм.


– Мигранттын жашоосун көрүптүрсүз, эмнени байкап, кандай тыянак чыгардыңыз?

– Ал жакта иштегендердин тапкан акчасы көп, кой деген кожо жок, каалаганын кылат. Кандай адам болсо өзүн ошол деңгээлде сактап жүрүш өтө кыйын экен. Бул менин жеке оюм. Болбосо ал жакта жашоо жеңил, батир, жумуш, акча баары табылат экен. Анан мекенге, ата-эне, бала-бакырасына болгон сагыныч. Баарынын эле көзүнөн сагынычтын муңу байкалат. Кыргызстандан келген адамды Кыргызстан жылып келип калгандай кабыл алгандар бар экен. Мигранттарыбыз өтө көбөйүп кетиптир, көчөдө кыргызча эле сүйлөшүп жүрүшөт, кыргыздар ачкан чайканалар көп, кыргызча аталыш менен кинотеатр да ачып коюшуптур. Ал жагы сүйүнттү.

– Батыраак сакайып, чыгармачылыкка кайтышыңызга тилектешпиз.


Динара Акимова

 Кыстарылган видео 
“Көрсө, жоопкерчилик эркектин моюнунда экен” дейт Нурбек Юлдашев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Gulina00
2021-12-20 10:40:44
Жакшы болуп кет,аялын мн жараш балдарынды оксутпой.
+6
Datka7777
2021-12-20 11:48:16
Кино театр Киргизия кыргыздардыкы эмес Нурбек
-3
Astra12
2021-12-20 15:50:33
Datka7777, Манас кинотеатры бар го
+2
Mister-XXX
2021-12-21 15:34:15
Datka7777,Кыргыздардын кинотеатры бар,"Киргизия" кинотеатрынан башка.
0
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан