Мадонна, Жонни Депптин кыздарынын жүрөгүн багындырган ТИМОТИ ШАЛАМЕ

Тимоти Шаламени “келечектен көптү үмүттөндүргөн актёр” дешет кино сынчылар. Голливуддун дөө-шаа актёр-актрисалары менен биргеликте “Алтын глобус”, “Оскар” сындуу сыйлыктарга ат салышып келе жаткан жигиттин чынында эле багынтчу ийгиликтери аз эместир. Тимоти кесибинде эле эмес, жеке жашоосунда да популярдуу. Бул сөзүбүздү актёрду жандап жүргөн сулуулар тастыктап турат.

Туулган жери:
АКШ, Нью-Йорк

Туулган жылы: 1995-жыл, 27-декабрь

Жылдыз белгиси: текечер

Бою: 182 сантиметр

Кесиби: актёр

Тартылган белгилүү тасмалары: “Мени өз атымдан чакыр”, “Леди Бёрд”, “Интерстеллар”, “Сулуу бала”, “Падыша”, “Кичинекей аялдар”, “Нью-Йорктогу жаандуу күн”, “Дюна” жана башка

ЧЫГАРМАЧЫЛ ҮЙ-БҮЛӨДӨН ЧЫККАН ТАЛАНТ

Нью-Йорк шаарында котормочу болуп иштеген Марк Шаламе Бродвейде бийлеген Николь Флендерди жактырып калат. Жаш үй-бүлө Манхэттендеги “Тозок ашканасы” аталган районго отурукташат. Кылмыштуулук өнүккөндүгү үчүн эң криминалдуу район аталган “Тозок ашканасы” 1800-1980-жылдарга чейин уккан адамдын үрөйүн учурган аймак болгон. Бирок Шаламелердин үй-бүлөсү өнүккөн, кылмыштуулук жоюлуп, байлар жайлаган “Тозок ашканасында” жашашты. Кызы Полин, уулу Тимоти да актёрдук кесипти тандаганына ата-энесинин каршылыгы жок. Полин Парижде жашап, француздардын кино талаасында эмгектенет, андан сырткары балет бийчиси. Үй-бүлө башчысы Марк француз улутунан, ал эми Николь еврей-орустардын канын алып жүргөн Америка жараны. Тимотинин тай тарабынын бардыгы чыгармачылыкта, болгондо да кино тармагында иштеген адамдар. Мындан улам Тимотидей талант кайдан чыккандыгы тууралуу суроо берүүнүн кажети жок.

22 ЖАШЫНДА “ОСКАРГА” ТАЛАПКЕР БОЛГОН

Чыгармачыл туугандарынын аркасы менен жарнамалык роликтерге эрте эле тартылып баштаган. Киного 15-16 жашында аралашты. 2014-жылы фантастикалык жанрдагы “Интерстеллар” тасмасынын чыгышы менен дүйнө аз да болсо Тимоти Шаламенин атын тааныган. Фантастика жанрындагы, башкы каармандын ролун актёр Мэттью Макконахи ойногон бул фильмди көргөнсүзбү, окурман? “Оскар” баштаган абройлуу сыйлыктарды куржунуна салган тасма прокаттан өзүн 7-8 эсе актаган.

Тимотинин карьерасындагы секирик 2017-жылга туш келди. Италиялык кинорежиссёр, продюсер Лука Гуаданьинонун “Мени өз атымдан чакыр” тасмасында Тимоти Элио аттуу өспүрүмдүн ролун ойногон. Атасынын жардамчысы Оливерди жактырып калган өспүрүм тууралуу кино чыгары менен талкууга алынган. “Жылдын тасмасы” катары көптөгөн сынактарда фаворит болгон тасманын башкы каарманы катары Тимоти “Алтын глобус” сыйлыгын алып, “Оскарга” талапкер болгон. “Оскардын” статуэткасын албаганы менен, 22 жашында эле бул абройлуу сыйлыкка талапкер болгон эң жаш актёр катары аты дүңгүрөгөн.

20дан АШЫК ТАСМА, СЫЙЛЫКТАР

Түрдүү образдарды жараткан Шаламе 2019-жылы дагы бир кызыктуу роль менен экранга чыкты. Netflix’ке таандык “Падыша” тарыхый тасмасында ал Генрих V’тин образын жаратты. Ал эми акыркы ролдорунун бири Кыргызстандын кинотеатрларында да көрсөтүлгөн “Дюна” тасмасы. Жейсон Момоа өңдүү актёрлор тартылган фантастикалык тасмада Тимоти баш каарман. Аталган тасманын 2-бөлүгү 2023-жылы чыгары айтылууда.

Жаш актёр карьерасында 20дан ашык тасмага тартылып, ошондой эле сандагы абройлуу кино сыйлыктардын ээси болду. Алдыда Тимотини “Оскар” эле күтүп турат.

КЫЗДАРДЫН ЖҮРӨК ООРУСУ...

Тимотинин чыгармачылыгы менен катар, жеке жашоосу да көпчүлүктүн кызыгуусун арттырып келет, айрыкча кыздардын. GQ, Vogue, Forbes басылмалары биринин артынан экинчиси Тимотини “Мода дүйнөсүндө таасири бар адам”, “30 жашка чейинки көптү үмүттөндүргөн актёр”, “Дүйнөдөгү эң саркеч мырза” өңдүү макалаларынын башкы каарманы кылып келишет. Арыкчырай мырза көпчүлүк учурда стилисттердин жардамынан баш тартып, өз табитине ылайык кийимдерди киет.

Дүйнөлүк атактуулукту багындыра элек кезинде эле кыздардын жүрөк оорусуна айланган жигит 2013-жылы атактуу ырчы Мадоннанын улуу кызы Лурдес Леон менен кыз-жигит экени маалым болгон. Экөөнүн сүйүүсү бир жылга созулуп, кийин достук мамиледе калышкан. 2018-жылы папараццичилер Тимоти менен Лили-Роуз Депп түгөй экенин жазып чыгышкан. Лили-Роуз белгилүү Голливуд актёру Жонни Депптин кызы экенин билсеңиз керек. Бирок бул союз да көпкө узаган жок. Кийинчерээк Тимотини актриса, ырчы Эйса Гонсалес жандап калды. 2-3 айга жетпей бул сүйүүгө да чекит коюлду. Мындан ары канча сулуунун жүрөгүн багындырарын ким билсин, айтор, бизге Тимоти Шаламе актёр катары мыкты образдарды жаратып турса болгону.

ТИМОТИ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА...

  • “Жөргөмүш адам” тасмасынын кастингине катышып, бирок башкы роль Том Холландга тийген.
  • “Мени өз атымдан чакыр” тасмасына тартылуу үчүн гитара, фортепиано черткенди, андан сырткары итальян тилин үйрөнгөн.
  • Кичинесинде туулган күн өткөргөндү жаман көрчү. 27-декабрь Рождество майрамынан 2 күндөн кийин эле болгондуктан, ата-энеси балатынын алдына койгон белекти “туулган күнүңө да бердик” деп эки коёнду бир ок менен атып кутулуп кетишчү.
  • Табиятынан арыкчырай Тимоти “Сулуу бала” тасмасына тартылуу үчүн дагы 8 килограммга арыктаган.
  • Кесиптештеринин арасынан Хоакин Феникстин чыгармачылыгын баалайт.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан