(Башы өткөн санда)
xxx
Пирстин кырына келди да, мелмилдеп турган көлдү саамга карап турду. “Хмм...” Башына баягы толтура жинди ойлорунун бири келди.
– Акыркы жолу өзүңө бир мүмкүнчүлүк бергин! Ушунусунда баары башкача болот,- деди өзүнө-өзү. Анан чечкиндүүлүк менен күрмөсүнүн сыдырмасы бар чөнтөгүнө паспортун салды да, ыргытып жиберди.
xxx
“Бүгүнтөн тарта мен Каныбек эмесмин. Каныбек өлдү. Эми мен башка адаммын”. Өзүнө-өзү ушуну кайталай берди. Кайталаган сайын көкүрөгүн өйүп жаткан бардык кыжалатчылыктар акырындап жоголуп бараткандай сезилди.
Жээктен келип, эс алуу үйүнүн холлундагы диванга отура кетти. Эмне издеп келгени деле түшүнүксүз. Ресепшнде турган кыз аны суроолуу тиктеди: “Мен бул жакка досторум менен келгем. 249-номердемин...” деди ал кыздын суроосун күтпөй.
– Ушул жерге отура турайынчы... Досторум бир аз кызып калышты.
– Мейли...
– Сиздин атыңыз ким?
– Саадат.
– Аа жакшы...- кыз тарапты кайдыгер гана карап, жөн гана суроо салып койгондой көрүндү. Аныгында кийим илгичте сеңселип турган аялдардын сумкасынан көзү өтүп жаткан.
– Мен сизден кофе сурасам болобу? Акчасын деле берет элем. Номерге баргым келбей жатат, бирок кофе ичким келип турат.
Кыз эки анжы боло түштү. Кызматтык этикет үчүн гана баш ийкеди. Ар бир кардарга жакшы мамиле кылыш керек. Бул ой анын мээсине сиңип калган. Андыктан турду да, аркасында турган кичине бөлмөгө кирип кетти. Ушул жакта персоналдын өзүнүн кичинекей ашканасы боло турган. Кыз заматта эле кофени даяр кылып чыга калгандай болду. Бирок холлдо жанагы киши жок.
– Даана го... Кетип калганы эмнеси?!- кыз ачуулана түштү да, анан “өзүңдөн калсын” дегенсип ийинин куушуруп, кофеден ууртап ордуна отура кетти.
Бул убакта Каныбек керилген карагайлардын биринин түбүнө баягы кыздын артында кийим илгичте илинип турган сумканы ыргытып жиберип, ичиндеги бардык акчаны шаша-буша чөнтөгүнө салып, конок үйдүн аймагынан зуу коюп бараткан эле.
xxx
Ошону менен ал түндөп Бишкекке келди да, Асанбайдан бир кичинекей бөлмө алып, ошол жакта ың-жыңсыз жата берди. Аны дайынсыз жоголду деп Нурия жана анын туугандары түп көтөрүлө издеп жатышканын жазбай түшүндү. Катуу тереңдеп кеткенче ишенчээк бирөөнү таап, ойлорун ишке ашыруусу керек.
Айша... Оюна дароо кайненеси келди. Бул аял жашоодон кандайдыр бир сюрприз күтүп жүргөн адамдай болчу. Балким, ал жашоосунда укмуштуудай чукул бурулуштарды башынан кечирбегени үчүн ошондой болуп калгандыр... Же, балким, жашы ортолоп калганда өмүр ага ак-кара түстөгү, кишини тажатып жиберген кинолентадай сезилип калгандыр. Айтор, ал дайым укмуштуудай окуяларды укса көздөрү жайнай түшүп, ошол окуянын каарманы өзү болбой калганына өкүнүп кеткендей сезиле берчү Каныбекке. Туура баамдаптыр...
xxx
Кеч кирип бараткан убакта ал кайненесин алар жашаган үйдүн подъездинен күтүп алды.
– Апа...- кылчактабай басып бараткан Айшага кайрылды. Ал аны уга турган эмес, шуулдап эле баратат.
– Апа дейм...
– Ыя? Кимсиң?- медициналык маска тагынып, кепкасын көзүнө түшүргөн жигитти тааныбай туруп калды.
– Мен Каныбек...
– Иий... Ыя, кокуй!
– Кыйкырбаңыз! Кыйкырбаңыз...
– Ботом, баарыбыз издеп жүрбөйбүзбү?!
– Кыйкырбаңыз дейм!
– Алдыңа кетейин, тирүү тура... Тирүү тура. Мен Нурияга чалайын? Коё тур!
– Айша эже! Акырыныңызчы! Минтип кыйкыра берсеңиз мени өлтүрүп кетиши мүмкүн. Нурияны дагы...
Ушул сөздөн кийин Айша каккан казыктай токтоду.
– Эмнеге?
Ушул эле суроо керек болчу Каныбекке. Ал тездик менен кайненесине алдын ала токулган жомогун айтып жиберди да, алекки заматта Айшага жоопкерчиликтүү тапшырма берип, анын башын айлантып салды.
ФСБ, Маракент аттуу бандит тууралуу боевик кинонун сценарийине окшошуп кеткен Каныбектин оюнан токуп койгон сөздөрүнө Айша ишенди да, калды. Ал кандай болбосун Каныбекке көп акча таап берип, Нурия экөөнү өлкөдөн качырып жиберүүгө бел байлады. Дайынсыз кеткен күйөө баласы эсен-соо экенин эч кимге айтпоого ант берди.
xxx
Күрөң булгаары капталган эски эшикти жүрөгү дүкүлдөгөн бойдон карап отурган Каныбек өткөн окуялардын баарын бир сыйра эстеп чыкты. Ойлоп мерчемдегени оңунан чыкпай калды. Ал өлбөй эле тирүү жүргөнүн баары билишти. Эми аны же тиги Маракенттин балдары табат, же Дария деген аялы казанга салып кууруп жейт. Башка жол жок. Азыр ага өзү отурган кичинекей бөлмө түрмөдөй сезилип, кадимкидей алсызданып кетти.
xxx
А бул учурда баягы батирде Тургун, Айша жана алардын кызы Нурия менен кайдан-жайдан бул батир меники деп пайда болгон Дария милицияга чалуу керекпи-керек эмеспи деп баш катырып отурушкан.
– Милицияга чалганда эмне дейбиз?- Айша чыйпылыктап жиберди.
– Бандит кармадык дейбиз,- Тургун корстон боло жооп берди.
– Жок-жок... Милицияга чалууга болбойт! Баары ойрон болот. Азыр бул жигитти коё берели,- Дария сөзгө аралашты.
– Апей, эмнеге коё беребиз?
– Милицияга чалсак ызы-чуу көбөйөт. Алар ай-буй болгончо Каныбек таптаза жоголуп кетет. А бул жигиттердин Каныбекти табууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Булар мурда эле “Каныбек тирүү болушу мүмкүн, көргөндөр бар экен” деп айтып жүрүшкөн...
– Мхм...- оозу скотчтолуп отурган Белек “туура айтып жатат” дегенсип жанданып кетти.
– Каныбек табылса үй меники экени далилденет.
– О кокуй оой! Бул өзүн ойлоп жүргөн тура...- Айша Дарияны жаман көрүп кагып койду.
– Азыр милицияга кайрылганда эрбең-сербең этип ошол жакта бир жума убактыбыз кетет. Каныбек таптырбай кетет. Ал таптырбай кетсе, мына бул бандит сөрөйлөр бизге эмнеге келгенин, эмне деп айтышканын, биз буларды эмнеге кармап алганыбызды түшүндүрө албай шайыбыз оойт.
Ошон үчүн азыр булар менен чогуу иштешели. Каныбекти табалы... Анан баары жайына келет. Ал өзүнүн косяктары үчүн буларга жооп берет.
– Апей, буларың мени деле косякка илип жатышпайбы?! 2 миллион карыз моюнума илип коюшкан...- Айша жинденгенинен үнү чыйылдап кетти.
– Илишпейт! Илбейсиңби, Белек? Мунун баары Каныбектин айынан болуп жатпайбы. Силер ошондон спрос кылгыла, карыган кемпирге асылбай...
Белек башын ийкегилеп жиберди.
(Уландысы кийинки санда)