МҮЧҮЛҮШТӨН МҮҢКҮРӨБӨГӨН ТАГДЫРЛАР

Репортаж

“Ый менен кирпик какпай түнөп көрдүм,
Жанымды чоң казатка сүрөп көрдүм.
Туу кылып жарым жанды турмуш менен,
Төшөккө жатып алып күрөшкөмүн...” деген ырды маркум акын Өмүркул Кулумбаев жазган, өзүнүн эрте жашында буту баспай калган тагдырын айтып. Анын сыңарындай, арабызда тубаса же кырсыктап майыпка айланган пенделер бар. Мүчүлүштөн мүңкүрөп калбастан, кайра чыйралган жандарды көрүп, тирүүлүк деген ушул турбайбы дейсиң, аргасыздан.

“АРНАЙМ САГА, АПАКЕ”
3-декабрь – Эл аралык майыптар күнү. Атайын ушул күнгө туштап, өлкөбүздөгү майып балдары бар жалгыз бой энелердин “Эне эмгеги” кайрымдуулук фонду жер-жерлерден мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ыр-бий боюнча сынак жарыялап, таланттуу балдарды тандап алышкан. Ошентип, балдар өз өнөрлөрүн Спорт Ордосунда өтчү “Арнайм сага, апаке” аттуу концертте көрсөтүшмөкчү. Өлкөбүздүн 7 дубанынан келген 25 бала азыр Бишкектин Көк-Жар конушундагы кең пейил адамдар Бактыгүл жана Алымжан Орозбековдордун үйүндө жашап жатышат. Соопчулук издеген боорукер бул үй-бүлө төшөк-жуурканынан бери берип, балдарды жуунтуп, тамак-ашын камдап отурганын көрүп, ааламда айкөл адамдар көп экенине ыраазы болосуң.
Биз атайын барып, балдардын концертке даярдыктарын көрүп, тагдырлары менен таанышып, талантына күбө болдук. “Силер үчүн президенттин аппаратынан, телевидение жана “Супер-Инфодон” келишет” дегенди уккан балдар жаңы көйнөктөрүн кийип, түн бир оокумга чейин даярданганын аталган фонддун жетекчиси Индира айым айтып отурду. Барарыбыз менен балдар чоң залга топтолушуп, бири комуз чертип, экинчиси кыяк тартып, дагы бири ыр окуп эле шаан-шөкөт баштап жиберишти. Өкүнүчтүүсү – балдардын алты саны аман эмес экенинде, айрымдарынын ата-эне мээриминен алыс болгондугунда.

“БИЗ – ЭНЕБИЗ. БИЗ БИЛЕБИЗ, БИЗ СЕЗЕБИЗ...”
Президенттин администрациясынын социалдык-саясат бөлүмүнүн эксперти Анара Султангазиева буларга токтолду:
– 20-ноябрь – Жер жүзүндөгү балдардын күнү болуп эсептелет. БУУнун ассамблеясы 1998-жылы балдардын укугу боюнча Конвенцияны кабыл алган. Аталган Конвенцияга дүйнө жүзүндө 164 өлкө мүчө. Кыргызстан ага 2004-жылы кирген. Биз 50дөн ашык балдар үчүн иш-чараларды иштеп чыкканбыз. Мына ошолордун арасында 3-декабрда өтүүчү мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын гала концерти да киргизилген. Жеке мен эне катары баланын түйшүгүн билем. 14 жаштагы балам дени сак болсо да, бир аз кекечтенип сүйлөйт. Андыктан балдарга бүт өмүрүмдү, күчүмдү, эмгегимди жумшасам дейм. Аталган иш-чарада мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек-бечкек тапшыралы деп жатабыз. Мамлекет, албетте, мындай балдарды көңүлдөн тыш калтырбайт.

“Эне эмгеги” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Индира Сыдыкова:
– Биздин фонд 2008-жылы 15-октябрда негизделген. Бүгүнкү күндө майып балдары бар 98 эне фонддун мүчөсү. Өзүмдүн балам да оорулуу. Баламды айыктыруу үчүн кай жерге гана барбадым. 20 жаштагы майып баласын көтөрүп жүргөн энелерди да көрдүм. Ошондон улам ушул фондду ачууну туура көрдүм. Фонддун алдыга койгон максаты – мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго кошуу, реабилитациялоо. Чет өлкөлүк кайрымдуулук фонддор менен иш жүргүзүп келебиз. Алар биздин фонддогу энелерге ар кандай тренингдерди өткөрүп, материалдык, моралдык жардамдарды көрсөтүшөт. Мамлекет тарабынан бизге Балдарды коргоо департаменти көбүрөөк жардам берет. Жогоруда айтып өткөндөй, ар кандай иш-чараларды өткөрүү менен биз балдарды коомчулукка кошо алабыз.

“МУШТУМДАЙ ЖҮРӨГҮҢӨ УШУНЧА АЗАП-КАЙГЫ,
БИЛБЕЙМИН, КАНТИП БАТТЫ?..”
Балдардын арасында дене-мүчөсүнүн кемтиктигине кайгырып, багып чоңойткон же майыптыгынан таштап кеткен ата-энелерине арналган ырларды, өздөрүнүн ый-муңун, ыр-күлкүсүн калемден чыгарган ыр ышкыбоздору да бар экен. Кыскасы, миң түркүн ый-муң да, татаал тагдырлар да кездешет. Ошол эле убакта таш жарчу таланты да таң калтырат. Эки буту тубаса майып болуп төрөлгөн 19 жаштагы Перизат колундагы эки таягына эмес, жан дүйнөсүндөгү оргуштап чыккан ырларына, поэзиянын улуу күчүнө таянгансыйт. Өзүнүн калеминен тамган ырларын окуп бергенде, баарыбыз жашыдык.

“Бакытыңды таптап салдым, сени жипсиз байладым,
Ак бешикке бөпөлөдүң, ага дагы жатпадым.
Айласыздан уйку көрбөй алдей айтып таптадың,
Буттарыма күч кирсин деп бүт жакка тең алпардың.
“Жаным, кызым” деп сен мени саамайымдан сыладың.
Он тогузга толду жашым, баратамын улгайып,
Майып болуп төрөлгөнүм – менде ушул бир айып...”

Перизаттын апасына арналган ырынан соң “Супер-Инфого” деген ырын окуп берип, келечекте куш калем ээси болууну самаарын айтты. Ал эми тубаса азиз Аскар аттуу ысык-аталык 15 жаштагы бала:

“Кайда болсо жанымдасың канат болуп төтөлөп,
Атакем, ай, алтын казык, ыраазымын өзүңө.
Бир арманым, ак жүзүңдү Алла өзү,
Жардам этип көрсөтчү көзүмө...”-
деген ырын ырдап, ансыз да кайгылуу отурган балдарды ого бетер муңайтты. Азиз 8-класста окуурун жана төрөлгөндөн жарыкчылык деген эмне экенин билбей өскөндүгүн, бардык нерсени колу менен сезип-туярын билдирди. Бирок Жараткандан күндө “көз берчи!” деп сураарын айтат.
Жан дүйнөсүндөгү болгон ыйын ырдан чыгарган улан-кыздарга багыт бергени келген акын Сейит Жээнбаев мындай дейт: “Чынында, он эки мүчөсү соо адам деле мындай ырларды жарата албайт. Балдардын ырларын угуп отуруп талантына таң калдым, тимеле жалындаган учкундар бар экен. Бири кем дүйнө дегениң ушул белем. Табият бул балдардын бир жерин кем кылса да, жан дүйнөсүн, адамдык сапатын бийик кылыптыр. Өзүмчө отуруп оюма “муштумдай жүрөгүңө ушунча азап-кайгы, билбеймин, кантип батты?..” деген саптар келди”.

“ЖЫЛДЫЗДАР МЕНЕН БИРГЕ ЖАНАБЫЗ”
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын арасында Ынак Осмоналиевдин, Мирбек Иманбековдун, Султан Садыралиевдин, Ильяз Абдыразаковдун, Фархат Кеңешбек уулу, Айпери Кубик кызы сыяктуу ырчылардын ырларын өзүндөй ырдаган өнөрлүүлөр бар. Аларды биздин эстраданын ырчылары коштойт. Алсак, Фархат Кеңешбек уулу өзүнүн студиясын көчүрүп келиптир. Ырчылардан Күлүйпа Керимбаева, Советжан Асанкадыров, Сапар Эркебаев, Добр, Ынак Осмоналиев, Назира Токонова, Мээрим Мураталиева биз барган убакта балдар менен аралашып, аларга ыр үйрөтүп отурушуптур. Ырчы эжебиз Күлүйпа Керимбаева аккордеон сатып келиптир жана атайын ушул балдар сахнага кийип чыгыш үчүн кийим алып берерин айтканда балдар мулуңдап сүйүнүп да алышты.
Көрүүсү начар Улан аттуу жигиттин талантына ырчылар да таң калышты. Улан дээрлик бардык аспаптарда ойноп, кайсы ырды сураба, ырдап кете алат экен. Алдыдагы сынакта ырчы Сапар Эркебаев экөө “Атага кат” ырын дуэт ырдашат. Бул тууралуу Сапар: “Мен Артыкты таап алдым деп сүйүнүп жатам. Анткени Улан биздин репертуарыбыздагы бардык ырларды мыкты ырдайт экен”,- дейт сүйүнүп.
Бир көзү таптакыр көрбөгөн, экинчи көзү да начар көргөн, угуусу начар Айганыш “мен орус ырчысы Диана Гурцкаяга окшоп көз айнек тагынып сахнага чыксам...” деп кыялданат.
Кетерибизде бир кыз: “Биз тагдырдын өгөй балдарындайбыз. Канчалык башты бийик көтөрүп жүрөлү десек да, эл башкача көз менен карай бергенсийт. Ошондон кысынабыз. Мен бул жердеги досторумдун арасында өзүмдү кенен-кесири алып жүрөм”,- дейт мукактана.
Андыктан, балдар, силерди эч ким бөлбөйт жана бөлүүгө акысы да жок. Дайыма аман-эсен болуп, эртеңкиден үмүт үзбөгүлө демекчибиз.

Бурул Исмаилова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Tokmok
2010-11-28 15:41:33
Allah jardamchy bolsun!
0
critic
2010-11-29 15:54:05
Мындай иштер көргөзмө үчүн эмес, чын дилден аткарылып улантылса экен!!!..
+1
operaledi
2010-11-29 18:10:29
Колумдан келсе, мен да жардам бермекмин. "балдар, силерди эч ким бөлбөйт жана бөлүүгө акысы да жок". Эч кимдин акысы жок.
0
zana
2010-11-29 21:11:53
ushul baldarga mamleket koburook konul bursa jakshy bolot ele.
0
Dinara Aibek
2012-10-24 03:58:01
Майып торолгон балдарда эмне айып? Келечекте 2 же 3 жетим балдарды багып алсам деген ниетим бар.Эгер кудайым ден соолугумду берип, байып калсам андан да кобуроок балдарды багып алмакмын. 1 жаш 1 айлык кызыбыз бар,Кудайыма мин мертебе шугур, мин мертебе ыраазымын, тилеп тилеп алган кызым. Кудайым ден соолугун берсин, бактысын, омурун берсин!Бирок дагы 3оону торойм деген ниетим бар . Майып балдарды окуп алып журогум аябай эзилип кетти.Аларды да бирден экиден багып алсамбы деп ойлоп кеттим.
0
№ 421, 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан