“ААЛАМ СУЛУУСУ-2021” НААМЫН ИНДИЯЛЫК БИЙКЕЧ ЖЕҢИП АЛДЫ

“Аалам сулуусу-2021” сынагынын жеңүүчүсү индиялык 21 жаштагы Харнааз Сандху болду. Сынактын финалы 12-декабрда Израилдин Эйлат шаарында өттү. 1952-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан сынак быйыл 70-сулуусун тандап, юбилейлик датасын белгиледи. 2020-жылы пандемияга байланыштуу “Аалам сулуусу” сынагы болбой калып, быйыл май айында өткөрүлгөн. Бул жылы да болбой калуу коркунучуна кептелди. Анткени сынактын финалына саналуу апта калганда Израилге келген франциялык сулуудан коронавирус табылып, сынактан четтетилген. Ошондой эле COVID-19дун жаңы Омикрон штаммы жайылып баштагандыгы да маселе жараткан. Бирок алдын алуу эрежелерин сактоо менен сынак болуп өттү. Ал эми аалам сулуусунун таажысы бул жолу 18 карат алтын жана 3 бриллиант таш менен кооздолгон.

79 өлкөнүн сулууларынын арасынан биринчиликти камсыз кылган Харнааз Сандху Индиянын Пенжаб аймагындагы Кохали кыштагында төрөлгөн. 2006-жылы үй-бүлөсү менен Англияга кетип, эки жылдан соң Индиянын Чандигарх шаарына келип жашап калышкан. Сандху ошол эле шаардагы колледжден мамлекеттик башкаруу адистиги боюнча билим алып, магистрант болду. 17 жаштан тартып сулуулар сынагына катышып баштаган ал ушул жылдын сентябрь айында Индияда өткөн “Мисс Дива” сынагын утуп, “Аалам сулуусуна” катышууга мүмкүнчүлүк алган эле.

“Бир күнү бүткүл жашообуз көз алдыбызга тартылат. Биз аны кызыгып көргүдөй жашашыбыз керек” деген асыл ойду карманган Сандху ат мингенди абдан жактырат, мындан сырткары йога, бий, шахмат ойноо менен алектенет. Атасы риэлтор, апасы гинеколог. Ал моделдик менен гана алектенбестен, эки кинодо роль жараткан. Аалам сулуусунун Инстаграмдагы баракчасында буга чейин миллиондон ашыгыраак катталуучу болсо, сынактан кийин эки миллиондон ашты. Харнааз Сандху Индиянын тарыхында “Аалам сулуусу” аталган үчүнчү бийкеч.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан