“Уйку гормону азайганда адам үшүкчөөл тартат, эс-тутуму начарлайт" дешет адистер. Гормондор тууралуу кызыктар

Эндокринология – бул ички бездердин түзүлүшү, алар иштеп чыгарган гормондор жана алардын адам организмине тийгизген таасири, ички бездердин иштөөсү бузулганда келип чыга турган оорулар тууралуу илим. Андай ооруларды врач-эндокринологдор дарылашат. Бул ирет ушул жааттагы көйгөйлөр тууралуу врач-эндокринолог Айжан Капар кызы менен маектештик.

– Айрымдар диета кармаса деле арыктай албай кыйналышат. Мындай учурда көптөр “буга гормондор күнөөлүү” дешет. Ушундан улам семирүү менен гормондордун байланышын, арыктоо жолун айтып берсеңиз.

– Семирип кетүүнүн негизги 3 себеби бар: тукум куучулуктан, туура эмес тамактануудан жана организмдеги гормондордун тең салмагынын бузулуусунан. Булардын ичинен гормоналдык бузулуудан жаралган түрү боюнча маалымат берсем, анын бир нече себеби бар. 1-себеби – калкан сымал без ТТГны (тиреотроптук гормону) көп бөлүп чыгарып баштаса акырындап адам семире баштайт. Ал эми ТТГнын көп бөлүнүп чыга башташына организмдеги йоддун жетишсиздиги, калкан сымал бездин аутоиммундук оорулары жеткирет. Семирүүдөн тышкары чач түшөт, тырмактар сына баштайт, тери кургап шуудурайт.

2-себеби – сүт бези иштеп чыгарган пролактин гормонунун деңгээлинин көбөйүп кетиши. Аталган гормон негизинен кош бойлуу кезде, бала эмизгенде бөлүнүп чыгат. Башка учурда стресске бат-бат учураганда, баш мээдеги гипофиз бези чоңоюп кеткенде көбөйөт. Белгиси – эмчектен суюктук бөлүнүп чыгат, этек кир бирде келип, бирде келбей баштайт, башы ооруйт. Айрымдарда акырында тукумсуздук жаралат.

3-себеби – бөйрөк үстүндөгү бездердин иштөөсү бузулганда ал иштеп чыгаруучу кортизол гормону көп бөлүнүп чыга баштап, адам семирет. Аталган гормондун көбөйүшүнүн белгилерине беттин тоголок тартып шишиши, курсактын чоңоюп, тери жарылган сымал кочкул кызыл түстөгү узун тилкелердин пайда болушу кирет.

Жогоруда аталган себептердин кайсынысына тиешелүү белгилер болсо да эндокринологго кайрылып, анализдерди тапшыруу кажет. Врач гормоналдык дарыларды жазып берет. Арыктап калыпка келүүгө чейин 1-6 айга чейин убакыт кетиши ыктымал.

Эскертүү: организмде D3 витамини, гемоглобин аз болгондо да адам семирет. Гемоглобин азайганда организмде аба тартыштыгы (гипоксия) жаралып, адам семирет. D3 витамини болсо майларды эритип турат, ал жетишпей калганда майлар эрибей топтоло баштайт.

– 1 же 2 бала төрөп, анан төрөй албай, жасаган аракети текке кеткендер бар. Буга гормондордун тиешеси кандай?

– Организмде пролактин, ТТГ, ЛГ (лютеиндешкен гормон), ФСГнын деңгээлдери түшүп же көтөрүлүп баштаганда бойго бүтпөйт. Фолликулаларды стимулдаштыруучу гормонду (ФСГ) мээдеги гипофиз бези иштеп чыгарат. Аталган гормон аялдын эн безинен фолликулалардын пайда болуп жана өсүп жетилишине жооп берет. Анын деңгээли максималдуу жетиштүү болгондо бойго бүтүү күтүлөт. Бойго бүтпөй жатканы гормондордон болуп жатса, анда врач гормоналдык дарыларды жазып берет. Дарылануу 1-5 айга созулушу мүмкүн. Гормондордун тең салмагы калыпка келгенде бойго бүтүү күтүлөт. Бирок айрым учурларда бир нече себептерден улам дарылоого карабай калыпка келбеген учурлар да болот.

– Стресске кабылганда, жинденгенде тердей берсе акырындап кант диабетине чалдыгат деген сөздүн канчалык чындыгы бар?

– Стресс болгондо кортизол көп бөлүнүп чыгып, инсулин гормонунун бөлүнүп чыгышын азайтып салат. Организмде инсулин азайганда дароо кант деңгээли көтөрүлөт. Ошондон улам адамдын оозу кургап, тердеп кетет. Мындай адат көндүмгө айланса акырындап кант диабети жаралат. Андыктан стресске чалдыкпоого аракет кылып, чалдыкса андан чыгуу жолдорун билүү кажет. Стресс болгон сайын тердей бергендер эндокринологго кайрылып, канындагы канттын өлчөмүн текшертиши керек. Жогору болсо дарылануу сунушталат.

– Уйку канбай алсырап, иштин жыйынтыгы жакшы болбой калган учурлар болот. Буга уйку режимин сактабоодон тышкары, гормондордун тиешеси болушу мүмкүнбү?

– Мээ тарабынан иштелип чыгуучу мелатонин гормону бар. Ал түнкүсүн бөлүнүп чыкканы үчүн “уйку гормону” деп да аталат. Окумуштуулар ал түнкү саат 9дан эртең мененки 6га чейин бөлүнүп чыгат дешет. Эгер кеч жатып, аз уктоо адатка айланса мелатонин гормонунун жетишсиздиги пайда болуп, адам уйкусурайт, шалдырайт, эс-тутуму, ойлоо жана иштөө жөндөмдүүлүгү начарлайт. Сүйлөгөнү орундуу болбой, бат жини келет. Дене температурасы төмөндөп, үшүкчөөл тартат. Врачтар мындай учурда бир нече күн тынч эс алууну, курамында мелатонин бар уктатуучу дарыларды ичип, калыпка келүүнү сунуштайт. Айлап кеч жатып, аз уктагандарда акырындап психикалык оору жарала башташы мүмкүн.

Гипофиз бези иштеп чыгаруучу соматотропин гормону да бар. Ал балдардын боюнун өсүүсүнө таасир этет, түнкүсүн бала уктап жатканда бөлүнүп чыгат. Баланын уйкусу толук канбай баштаса, аталган гормон аз иштелип чыгат да, боюнун өсүүсү жайлайт. Андыктан жаш балдар 9-10 саттан кем эмес укташы керек.

– Айрымдар бетине, көкүрөгүнө бүдүрлөрдүн чыга беришинен жадашат...

– Кыз же эркек экенине карабай бетине, далысына, көкүрөгүнө бүдүрлөрдүн чыгышына тестостерон гормонунун азайып же көбөйүп кетиши себеп болот. Дерматолог менен эндокринологго кайрылса текшерип, кеңешин берет. Гормоналдык дары жазылып берилет. Айрымдар бүдүрлөрдү кетирем деп дарыканадан эле гормоналдык дарыларды алып ичкен учурлар болот. Өз алдынча дарылануунун айынан тукумсуз болуп калышы мүмкүн.

– Калкан сымал бездеги кистанын жаралышы эмнеден? Ал операция жолу менен алынабы?

– Кистаны ичинде суюктук толгон барсылдак деп түшүнсө болот. Киста организмде йод, селен жетишпегенден, тукум куучулуктан, жыныстык жетилүү, кош бойлуулук жана климакс кезиндеги гормоналдык бузулуудан, тамак-аштагы зыяндуу кошулмалардан, радиациядан пайда болот. Оору белгилерине жүрөктүн бат-баттан согушу, тердөө, тамакта бир нерсе тыгылып туруп калгандагыдай болушу, тамакты жеп-жутуудагы оорутуу, үндүн өзгөрүшү кирет. Киста чоңойгон сайын калкан сымал бездин көлөмү да чоңоёт. Оору өтүшүп кетсе киста ириңдейт. Оору белгилери билингенде же көлөмү кичинекей кезде эле врачка барса гормоналдык дарылар менен кетирүүгө болот. Чоңоюп ириңдеген учурда операция жасалат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан