ЖАҢЫ ЖЫЛГА БЕЛЕКТЕР ТОПТОМУ

Белекти баары эле жактырат, ал өзгөчө болсо андан да жагымдуу. Жаңы жылда бирөөгө белек берүүнү ойлонуп жатсаңыз, белектердин топтомун даярдап алыңыз. Мындай белектер баналдуу торт же шампанга караганда абдан жагымдуу болоруна ишене бериңиз. Ошентсе да топтомго баарын сала берүүнүн кереги жок, дыкаттык менен тандап алыңыз.

Белек камдоодо берчү адамыңыз эмнеге кызыгып, эмнени жакшы көрөрүн бир ойлонуп көрүңүз. Эгер аны билсеңиз ошого карап негизги белекти алыңыз. Эгер билбей жатсаңыз төмөнкү сунуштар жардамга келсин.

Белек камдоо үчүн: чоңураак коробка, пергамент кагазы, лента же шпагат жип, жаңы жылдык атрибуттар, мандариндер керек. Пергамент кагазын ичке узун кылып кесип, бир аз бырыштырып коробкага салып коюңуз.

Ата-эне, туугандар үчүн. Негизги белекке ден соолукту чыңдоочу жайларга сертификат, иммунитетти көтөрүүчү витаминдер, жылуу шарф, жоолук, кичирээк бөлмө гүлү сымал керектүү нерселердин бирин тандап, ага чай же кофе, мээлей кошуп, жаңгактын түрүнөн, мандарин, апельсин салып коюңуз. Даяр коробкага салып, шпагат жип же лента менен байлап коюңуз.

Дос-курбу, кесиптештер үчүн. Негизги белекке китеп, термокружка, бети-колго кам көрүүчү, машыгууга керектүү каражаттардын бирин тандап, ага жылуу мээлей же шарф кошуп+шоколад, макарун сымал таттуулар менен толуктап, жаңы жылдык атрибуттардан кошуп даярдаңыз.

Түгөйүңүз үчүн. Айымдар үчүн жаштыкты сактоочу витаминдер, коллаген, териге кам көрүүчү каражаттар, атыр, СПА-салонго же массажга сертификаттарды негизги белек кылып, жанына сөзсүз түрдө өзү жактырган шоколад, таттуулардан, мандарин кошуп, анан жаңы жылдык маанай үчүн балаты оюнчуктарын салып коюңуз.

Ал эми эркектер үчүн мончого керектүү каражаттарды, мончого, массажга сертификат, атырды негизги белек кылып, жанына кружка, блокнот, топу, шарфтын бирин тандап, жаңгак, кургатылган жемиштерден салып, жаңы жылдык оюнчуктардан кошуп койсоңуз болот.

Белекти мүмкүнчүлүгүңүзгө, фантазияңызга жараша өзгөртүп алсаңыз болот. Кимге кандай белек берүүнү азыртан ойлонуп, камдана бериңиз. Ошол убакта даяр сатылуучу белектер топтому кымбаттап кетерин унутпаңыз.


Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан