ОМИКРОН – КОРОНАВИРУСТУН ЖАҢЫ ШТАММЫ КООПТУУБУ?

АФРИКАДАН ТАРКАДЫ

Окумуштуулар үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын аягында Түштүк Африка Республикасында жана Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун жаңы штаммы пайда болгонун жарыялашты. Бул – омикрон штаммы. Окумуштуулар бул штамм алгач иммунитети алсыз, мүмкүн ВИЧ, СПИД менен ооруган адамдын организминде өсүп-өнүгүп, анан башкаларга жайылган болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Жаңы штамм коронавирустун буга чейинки акыркы тараган дельта штаммына караганда 2 эсе бат тарап, бат жугары айтылууда. Жаңы штамм антителаларга жана учурдагы вакциналарга туруктуу болушу ыктымал экендиги да болжолдонууда.

Учурда жаңы вирусту изилдөө бир топ өлкөлөрдө жүрүп жатат. Омикрондо 50дөй мутация табылган, анын 30дайы тикенек сымал белоктой. Мындай белоктору көп вирус адам организмине бат кирип кете алат.

Түштүк Африка Республикасында жана Ботсванада эл өтө тыгыз жайгашкан жана коронавируска каршы эмдөө абдан төмөнкү деңгээлде. Башкача айтканда, элинин 25 пайыздайы гана эмделген. Жарандары эмдөөдөн аз өткөн өлкөлөр вирус үчүн “тамактануучу жайдай” болуп эсептелет. Кайсы жерден тамактанууга, көбөйүүгө мүмкүн болсо вирус ошол жерден мутацияланат. Жарандары эмдөөдөн аз өткөн өлкөлөр ошентип дүйнөгө вирустун жаңы штаммдарын таратуучу болуп берет.

Окумуштуулар жаңы штамм менен буга чейин коронавируска кабылып ооругандар да, эмделгендер да ооруп калышы мүмкүн дешүүүдө. Евросоюз жана башка бир топ өлкөлөр, анын ичинде Орусия Африканын бир катар өлкөлөрүнө кирип-чыгууга тыюу салышты.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2021-жылдын 9-декабрдагы маалыматы боюнча, Омикрон 62 өлкөдө катталды.

АКШнын оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө уюму коронавируска каршы эмдөөдөн толук өткөндөр да бул вирусту жуктуруп, ооруп жатышканын айтып чыкты. Алгач катталган 43 адамдын 34ү эмдөөдөн өткөн болуп чыккан. Бирок аталган уюм ооругандардын жарымында оору дельта штаммы менен ооругандарга караганда жеңилирээк өткөнүн белгиледи.

ОМИКРОНДУН БЕЛГИЛЕРИ

Оору белгилери сасык тумоонукуна окшош:

• Кескин алсыроо, баш көтөрүүгө жарабай калуу

• Дененин жанчылгандай оорушу

• Дене табынын жогорулашы

• Кургак жөтөл, мурун бүтүү

• Жүрөктүн бат-баттан кагышы

• Тамактын кычыштырып, ачыштыруусу

• Пневмония. Вирус өпкөгө 3-4 күндө эле өтүп кетет. Коронавирустун альфа жана бетта штаммдарында вирус өпкөгө 8-11 күндө жетчү.

• Көңүл айлануу, кусуу, демигүү, ич өтүү

• Жыт жана даам билүүнүн жоголушу.

“БИЗГЕ КААЛАСАК ДА, КААЛАБАСАК ДА КЕЛЕТ”

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги “омикрон бизге кааласак да, каалабасак да келет. Бирок келсе да биз көп жоготууларга учурабастан чыгып кетебиз. Коронавируска каршы вакцина бизде 2023-жылга чейин жетет” деп маалымдады. Кыргызстанда азырынча омикрон бир да жаранда каттала элек.

Эскерте кетсек, коронавирустун буга чейин альфа, бета, гамма, дельта аттуу штаммдары болгон.

2021-жылдын 13-декабрына карата дүйнөдө коронавирус менен 270 миллион 430 миң 922 адам ооруп, 5 миллион 322 миң 88 адам каза тапты.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 993, 17-23-декабрь, 2021-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан