Карап эле көңүлүң ачыла турган актёрубуз бар. Ал – Камчы Сарыбаев. Көптөн бери көпчүлүккө аралашпай калгандай сезилген, көрсө, чын эле экен. Камчы ага депрессияда жүрүптүр, бирок капа болбоңуз, ал сыноодон чыгып келе жаткан кези экен. Каарманымдын дал өзүндөй ачык, шар, тамаша аралашкан маеги назарыңыздарда.
– Саламатсызбы, Камчы байке? Жаңылыктарыңыз менен бөлүшүңүз...
– Кандайсыңар, эми-и, эч кандай жаңылыгым жок болуп жатпайбы.
– Жакында ажо менен чогуу футбол ойнодуңуздар, сезимдер кандай болду?
– Ырчы Урмат Усенов мага телефон чалып, чакырып калды, “40+ деп футболдук курам түзүп жатабыз, ойноп бериңиз” деди. Мен “Дем” театрынын балдары менен футбол көп ойнойм, ошондон байкаган окшойт. Мактагандык эмес, ажобуз футболду жакшы ойнойт экен, мага пас бергени, топту алганы, жеңилдиги жакты. Эми күндө эле президент менен футбол ойноп жатпасаң сүрү болот экен, бирок оюнга берилип кетип унутуп калат экенсиң. Оюн башында өзү “мага жеңилдик кылып, топ берип ыңгайсыз кылбагыла. Ойнойсуңарбы, таза ойнойлу, футболдун эрежеси менен ойнойлу” деп айтты. Өтө жөнөкөй экен, “сүрөткө түшүп алалыбы?” десем, “давай, кел” деп эле сүрөткө түшүп аралашып жүрдү. Биздин курам – “Өнөр” командасы жеңди, кубокту утуп алдык. Байге 1 миллион сом болчу. Бизнесмендер, журналисттер, саясатчылар болуп элдин каймагы чогулуп жатпайбы, анан кантип байгени алып кетип калмак элек? Кеңешип туруп Токмоктогу жетим балдар үйүнө өткөрүп бердик. Кичинекейлердин керек-жарактарына жарасын дедик.
– Сонун иш кылыпсыздар, жеңишиңиздер кут болсун. “Дем” театры тынчып эле калдыңыздар...
– Курамыбыз ошол боюнча, арабыздан Марат Козукеевдин көзү өтүп кетти. “Демдин” балдары эки айда бир кой союп чогулуп турабыз, футбол ойнойбуз. Театрдын оңдоп-түзөө иштери болуп баарыбыз күтүп калдык, жакында биз дагы жакшы концерт тартуулайбыз.
– Аскат Сулайманов, Азиз Мурадиллаев, сиз үчөөңүздөрдү “тригада” дешчү эле. Акыркы убакта эки досуңуз кинолорго көп тартылып жатат, сиз эмнегедир жоксуз?..
– Акыркы убакта элдин арасына көп чыкпай калдым. Апамдын көзү өтүп кеткенден кийин депрессияга түшүп кеттим. Сыртыңдан билгизбей жүрө бересиң, бирок апанын ордун эч ким баспайт экен. Көпчүлүктөн качып, шапар тепкен жерлерден алыстап, киши менен аралашкым келбей жалгыздыкты каалап калдым. Апам менен чогуу көп убактымды өткөрбөй калдымбы деп калдым, тамашалап “апа, "свиданиеге" барып келебиз, жүрүңүз” деп чакырып алып экөөбүз киного барчу элек, сүйлөшүп отурчубуз. Валентина Толкунованын ырларын жакшы көрчү, ошону коюп берчүмүн. Бирок мага ошол убакыт да жетишсиз сезилди. Кээде балдар апаларына “баратпаймынбы, келатпаймынбы, апа, болду да” деп жулкулдап калат го. Андайды уксам же көрсөм аябай жиним келип кетет.
– Сиз апаңызга өтө жакын болсоңуз керек, ээ?
– Үч бир тууган тең апама жакын болчубуз. Иним Каныбек аябай жакын эле. Радиодо иштеп калганда бир роликтин текстин окугам. Таасирленгендиктен, апама аябай жакын боло баштадым. “Апа, мен сизди сүйөм, ээ?” деп көп айтып калдым акыркы убактарда. Эмнегедир апамдын буту үшүп жаткандай болуп байпак сатып бере берчүмүн. Эң биринчи айлык алганда жоолук, анан байпак алып бергем. Апам ошо байпакты катып жүрүптүр, кийин мен үйлөнгөндө келинчегиме кийгизген.
– Депрессиялык абалдан чыктыңызбы?
– Ооба, чыгып келе жатам, театр, жакын досторум, үй-бүлөм жашоонун агымы мени чыгарып кетти.
– Сизди тасмадан күлкүлүү образда көрөбүз, театрда трагедия деле ойноп каласыз, кайсынысы жакын?
– Мага күлкүлүү образ жабышып калды, бирок мен трагедияны да жакшы ойнойм. Кинодо комедияны ушу катырат деп күлкүлүү образ бере беришет. Драмада тарыхый каармандарды Сарытазды, Жаманкараны, Коңтаажыны, дагы далай ролдорду ойнодум. Режиссёрлордун ар биринин өзүнүн стили болот, ошого жуурулушуп алсаң эле болду, калганы оңой кетет.
– Уулуңуз Барсбек сиздин жолуңузду жолдоп жүрдү эле, каалоосу күчпү азыр деле?
– Клиптерге, тасмаларга тартылып жүрөт. Азыр оюн топтой элек, өзү жактырган үч тармак бар. Уулума азыр чек койбойм, өзүнүн жүрөгүнө жаккан нерсени тандаса ошого жараша жардам берем деп ойлоп жүрөм. Анткени атам кесип тандоодо мени кыйнап койгон, аны кайталагым келбейт. Кесипти жүрөгү менен тандабаса болбойт. Дипломду алып чаң бастыргандан көрө өзү ырахат алган кесипти тандаганы жакшы. Мен өзүм жүрөгүм каалаган кесип менен иштейм, бир ролду таап чыксам кадимкидей тоюп, компоюп, өзүмө ыраазы болуп ичиңде бир сүйүнүч жашап, анан үйүңө кетип каласың. Барсбек менин ролдорумду карап туруп “ата, ушул жерин мындай ойносоң болмок” деп сындайт, “акыл үйрөткөнүн кара” дегеним менен, ичимден ошол ролумду талдап кемчилигимди көрүп “аа, чын эле” деп калам. Сындап коёт ошентип (күлүп). Кичүүлөрүм чыгармачылыкка жакын болбойт го.
– Театрдан башка ырахат алган нерсеңиз эмне?
– Театрдан башкабы (ойлонуп)? Мисалы, машинаны жакшы оңдойм, үйдө узана турган кичине бөлмөм бар, устачылык кылам. Жыгач, мүйүз менен бир нерселерди жасайм, балдарга селкинчек жасап берем. Ырахат алам, алаксыйм, бирок театр менен жашайм.
– Ушуну аткарсам деп кыялданган ролуңуз барбы?
– Король Лирди аткарсам деп кыялданам.
– “Тригада” деп калбадыкпы, Аскат Сулайманов, Азиз Мурадиллаев үчөөңүздөрдү эмне бириктирет?
– Ишенесиңби, эч нерсе бириктирбейт. Болгону бир жылда төрөлгөнбүз, айларыбыз башка. Мен ай боюнча улуусумун, аларды “менин бөбөктөрүм” деп эркелетем. Менден озунуп экөө бата бербейт, ушундай жазылбаган мыйзам бар. “Камчы, сен бата бер, сен ооз тий, анан биз” деп сыйлап турушат. Мүнөзүбүз үч башка, менде бар – Аскатта жок, ал экөөндө бар – менде жок. Үчөөбүздө үч башка мүнөз, үч башка өң, бирок ошол айырмачылык менен бири-бирибизди толуктап турат окшойбуз.
– Сагынышып турасыздарбы?
– Мен көп телефон чалам экөөнө, “эй, эмне кылып жатасың, сагынып кеттим” дейм. Кээде сагынганымды билгизбей “кайдасың?” дей берем.
– Жаңы жылды утурлап калбадыкпы, элге куттуктоо айтып кетсеңиз...
– Жолборс келе жатат, жол бошоткула дебейинби (күлүп). Төрөлгөнүнө деле капа болгондор бар эмеспи. Жашоодо кенедей ак түс көрбөй, баарын карага боёп салышат. Жакшыдан жаман издеп, адамдын жаман эле жагын издеп айта бергендер бар. Жаңы жылда ошондой адамдар пейилин өзгөртүшүн каалайт элем. Элибиз тынч болсун!
Нуржамал Жийдебаева