КАЙГЫНЫ ЧАГЫЛДЫРГАН БЛЮЗ

Музыка дүйнөсүндө

Музыка бул – искусство. Музыка бул – добуштардын тили, музыка бул – адам баласынын акыл-ой байлыгынын бир бөлүгү... Бүгүн биз музыканын бир бөлүгү болгон блюз тууралуу кеп кылабыз.

БЛЮЗ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Блюз – музыкалык жанр экенин баарыбыз билебиз. Ал англис тилинен "blues", "blue devils" сөздөрүнөн которгон­до "ичтеги бук", "капалануу", "асан кайгылык" деген­ди тү­шүн­дү­рөт. Эл арасына XX кылымдын 20-жылдарында кеңири тараган.

КЕЛИП ЧЫГУУ ТАРЫХЫНАН
Афроамерикалыктардын абалы бир канча убакыт өтө оор болгонун тарых тастыктап келет. Көп учурда алар адам катары саналбаган. Башкача айтканда, кул болушкан. Кулчулук жоюлганда деле колонияларда плантация ээлери аларды кулчулуктан бошоткусу келген эмес. Иштетүүгө жер берип, салыгын тапкан пайдасынан ашыкча коюшчу. Айтор, ошол кыйын чакта афроамерикалыктардын жан дүйнөсү бир гана музыка аркылуу чагылдырылган. Алар эс алып отурганда топтоло калып ичиндеги букту, кайгыны сыртка чыгарып ырдашчу. Дал ошол ырды блюз деп аташчу.

"АТАСЫ" КИМ?
Блюз термини 1912-жы­лы блюздук пластинка, башкача айтканда, ырлар жыйнагы жарык көргөндө эл арасына кеңири тарай баштайт. Блюз ырларды көпчүлүккө тараткан адам композитор, кара терилүүлөрдүн фольклорун топтогон Уильям Хенди болгон. Бул инсан тарыхта “блюздун атасы” катары таанылып калды.

ӨНҮГҮҮ ЭТАБЫ
Блюз өнүгүүсү боюнча архаикалык, классикалык, заманбап болуп үч этапка бөлүнөт.
Архаикалык блюздун айылдык деп аталган түрү да бар. Бул АКШнын айыл жергесинде ырдалып келет. Бирок шоу-бизнесте колдонулбайт. Анын өзгөчөлүгү – эч кандай музыкалык аспап менен коштолбойт. Кээ бирөөлөр муну нукура блюз дешет. Ал доордун атактуу аткаруучулары катары Лемон Жефферсон, Хадди Ледбеттер аттуу ырчылар эсептелет.

БЛЮЗ БУМ
XX кылымдын 20-жылдарынан тартып блюз эл арасына кеңири тарап, гүлдөп-өркүндөй баштаган. Бул этапты "классикалык же шаардык блюз" деп аташкан. Мында блюз акырындап шоу-бизнеске өткөн. Классикалык блюзда музыкада колдонулуучу 12 такттын (музыкалык чыгарманын бир бөлүгү, ыргагы) баары колдонулган. Бул доордун атактуу өкүлдөрүнө кара терилүү ырчы Мэми Смит кирет. Мэминин "Crazy Blues" ("Акылдан адаштырган блюз") аттуу пластинкасы чоң коммерциялык ийгиликке жеткен. Блюздук бум ошентип башталган. Себеби ошондон кийин Ма Рэйни, Бэсси Смит, Жо Тёрнер, Жимми Рашинг, Чарли Паттона, Блайнд Лемона Жефферсон, Жон Слипи Истиза, Биг Билл Брунзи сыяктуу атактуу блюз аткаруучулар элге өз чыгармалары менен таанылган.

АКЫРКЫ ЭВОЛЮЦИЯ
Кийинки эволюция "заманбап блюз" деп аталат. Башкача айтканда, "ритм жана блюз". Электрогитара, урма аспаптары, микрофондун жардамы менен ырчынын үнүнүн бийик чыгуусу, жаңы техниканын коштоосунда ырдоо дал ушул доордо башталган. Ошондуктан ритм жана блюз деп аталган. Аткаруучулары деп Чак Берри, Мадди Уотерс, Биби Кинг, Бо Дидли, Майкл Жексон, Тина Тёрнер, Жеймс Браун жана башка атактуулар саналат.
Ал эми 2000-жылдардан бери ритм жана блюздун дагы бир "нео соул" деген жаңы аталышы жаралды. Мында ырчылар блюздун эски доорун сагынгандай. Анткени анда аткаруучулар классикалык доорго баш багып, ал жактан музыкалык үзүм алып ырдашат. Бул Алиша Киз, Ашер, Жастин Тимберлейк, Бейонс сыяктуу популярдуу жылдыздардын чыгармаларында байкалат.

А БИЗДЕЧИ?
Кыргызстанда да бул музыкалык жанр менен таанылган таланттар жок эмес. Мисалы, Бакыт Кыдыкбаев, Нурлан Жунушов. Бир кезде жердешибиз Александр Головин деген мыкты блюз аткаруучу бул жаатта өзүнүн таланты менен таң калтырып келчү. Учурда ал Орусияда эмгектенип келет.

"Грэмми" сыйлыгы жыл сайын "Ритм жана блюз стилиндеги мырзалардын мыкты вокалы", "Ритм жана блюз стилиндеги айымдардын мыкты вокалы", "Ритм жана блюз стилиндеги мыкты дуэт же топ" деген бир нече наам тапшырат.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 421, 26-ноябрь - 2-декабрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан