Турусбек Жумалиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: "МЕНИН СҮЙҮҮМ АЖАЛГА ГАНА ЖЕҢИЛДИ”

Сүйүү – өзгөчө сезим. Бул жолу Турусбек ага жубайы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Зоя Токторбаевага болгон махабатын, ооруга да баш ийбеген сезимдерин баяндап берди. Өзгөчө махабат баяны сиз үчүн болсун, окурман.

“СҮЙҮП КАЛЫП, ЖАШЫН СУРАГАНДЫ УНУТУПМУН”

– Мен 19 жашта, жубайым Зоя 24 жашта үйлөндүк. Бир көрүп сүйүп калып, жашын сурабаптырмын, менден улуу экенин кийин билдим. Экөөбүз Москвадагы Луначарский атындагы театралдык окуу жайда чогуу окудук. Окууга тапшырып жатканда Зояны көргөм, ал мени да эстеп калыптыр. Айылдык баламын да, күндүн ысыгында калпак кийип, калың күрмө кийип, муунта галстук тагынып келген экем, Зоя кийин айтып күлүп жүрдү. 1-курста москвалык режиссёр агай “Турусбек, сен спорт менен машыгып көрчү, денеңди көрктүү кылсаң мен сага Шекспирдин Ромеосунун ролун аткартам” деди. Таң атпай жатакананы айланып чуркап жүрсөм алдымдан Зоя кетип бараткан экен. “Кайда баратасың?” десем, “операция болгону” деди. Көрсө, бөйрөгүндө таш бар экен, эч кимге айтпай кетип бара жатыптыр. Москвада жакындары деле жок, кимге айтмак эле. Боорум ооруп кетти, “сени менен барам” деп ой-боюна койбой ээрчип алдым. Операция ийгиликтүү болду, 2-3 күндөн кийин курсташтар менен чогуу барып көрүп келдим. Жүрөгүм ылдыйлап калды. Башка кыздар менен тамашалаша берчүмүн, бирок Зояга такыр сүйлөй алчу эмесмин. Ал жалжактап сүйлөй бербеген, бир мүнөз, сүрү бар, күчтүү кыз болчу. Анан аябай сулуу эле...

“ЭС АЛЧЫ ДЕП БАСЫП КЕТТИ”

– Зояны аяп жардам берип, оор көтөртпөй жүрдүм, экөөбүз жакын болуп кеттик. Ошол убакта атам каза болуп калды. Айылга барып келдим, жүрөктө санаа бар да, “атам каза болуп калды, апам 36 жашта, менден башка 7 бала бар, мен окуумду уланта беремби? Же таштап үйгө барышым керекпи?” деген ойлорго чөмүлүп, жатакананын терезесин тиктеп тургам. Зоя жаныма келип калды. “Турусбек, менин атам да каза болуп калды жакында, ичимден күйүп жүрөм. Сен Москвадан окуп бүт, талантың бар, колуңдан келет. Жакшы окуп тырыш, башкасы ордуна келет” деди. Сөздөрү мага аябай дем-күч берди. Орустун атактуу актёру Дмитрий Певцов жакын досум да, анын ата-энеси мени жакшы көрүшчү, алар жардам берип, айтор, окуумду улантып калдым.

Мен башка кыз менен сүйлөшүп жүрсөм да оюм Зояда. Жардам берем, ооруп калбаса экен деп күйпөлөктөйм. Сүйлөшкөн кызым менен университетте чогуу жүрөм, көзүм Зояда. Бир күнү чыдабай кетип “Зоя, экөөбүз үйлөнүп албайлыбы?” дедим. “Эс алчы” деп басып кетти. Мен “эмнеге турмушка чыкпайсың мага?” десем, “көптүн бири болуп кала берчүлөрдөн эмесмин” деди. “Ёлки-палки, бул кыз жаман акылдуу” дедим. Ого бетер кызыгам, түрдүү шылтоолорду айтып эптеп эле жанында жүргүм келип калды. Жайында экөөбүз каникулга чогуу келдик, кайра чогуу Москвага кеттик. 3-курс болдук, баягы убада кылган режиссёр мага Ромеону, Зояга Жульеттанын ролун берип салса болобу? Сахнада экөө сүйүшөт да, кечке эле “сен мени сүйөсүңбү?”, “ооба, мен сени сүйөм” деген сөздөрдү айта берет эмеспи. Репетицияда кечке ошол сөздөрдү айтабыз, кээде мен какап-чакап кетем, Зоя “халтура кылбай жакшы ойно” деп урушат. Наталья Александровна деген мугалимибиз бар эле, бир күнү Зоя экөөбүз кирип келсек “какая красивая пара” деп калды. Чын эле экөөбүз аябай жарашат окшойбуз деп күчөп алдым. Бир күнү белсенип сүйүүмдү олуттуу билдирдим, унчукпай укту. Өбөйүн десем “кечке эле жалмаңдай бересиңби?” деп кагып салды. Орус мектепти бүткөн, бетке чабар мүнөзү бар эле. Бир аз көңүлү бар экенин билип паспортун алып алдым да, никеге туруу кезегине жазылып койдум. Паспортун берип “үйлөнөбүз, кезекке туруп келдим” десем ишенбейт. Күткөн күн келди, Зоянын көйнөгү да даяр эмес. Досторубуз айтса араң ишенип, мени урушуп жүрөт, “эмнеге ушундай нерсени күлүп айтасың?” дейт. Үйлөнүп жатсам анан томсоруп айтмак белем (күлүп)? Үйлөнүп, чакан кече кылдык. Кечинде бир араб келиптир, ыйлап алган, көрсө, Зояны сүйүп айта албай жүргөн экен. Белеги бар экен, карасак 16 метрдей жалтырак кездеме (күлүп). Экөөбүз кечке күлгөнбүз.

“БАЛАЛУУ БОЛБОЙСУҢАР ДЕШТИ”

– Институтту бүтүп Кыргызстанга келип иштеп калдык. Жубайымдын бөйрөк оорусу күчөп кетти. “Төрөгөнгө болбойт” дешти. Ушу жерден Дмитрий Певцовдун апасы чоң роль ойноду. “Зоя, биринчи бөйрөктү айыктыралы, анан көрөлү, силер балалуу болосуңар” деди. Москвага барып доктурларга көрүнүп жүрдүк. “Боюнда болот, бирок балалуу болууну бир жылдан кийин пландагыла” дешти. Айткандай эле кош бойлуу болду, курсактагы балага 6 ай болгондо Дмитрийдин апасы Зояны Москвага чакыртып алды. Аман-эсен төрөп, Зояны Дмитрийдин ата-энесиникине чыгарып алдык. “Атын ким коёлу?” дешти эле, ойлонбой туруп “Дмитрий коём” дедим.

Бирок алышкан оору жанын койгон жок. Бара-бара Зоянын эки бөйрөгү тең жарабай калды. “Өтө семириши керек, бөйрөккө май топтолсо оорубай калат” дешти. Өзүм тамак жасап берип жүрүп семирттим. Көрсө, бир орган иштебесе башка органдар керектен чыга берет экен. Богок оорусу, кант диабети пайда болду. Оорунун айынан майыптыкка чыгып, театрда ойной албай калды. Буга чейин театрда өтө чоң, легендарлуу ролдорду ойноп келген ал катуу стресс болду. Мага “Турусбек, сен дагы балалуу болушуң керек, жашсың, башка аял ал” деп боору ачыгандар болду. Мен “башыбыздан Ромео менен Жульеттаныкындай сүйүү өттү. Мен ооруп калсам Зоя мени таштабайт болчу, мен да таштабайм” дедим.

“МАГА ЫРААЗЫ БОЛУП КӨЗ ЖУМДУ”

– Катуу ооруганда титиреп калчу, ваннага салып жуунтсам тарап кетчү. Колун көтөрүп, чачын тарай албай калды. Тырмактарын алып, чачын жууп, тыпыйтып өрүп берсем ыраазы болуп калар эле. Тамак жасайм, кир жууйм, уулумду карайм, акча табыш керек, аялдын да, эркектин да ролун аткарууга туура келип калды. Жарым өмүрүм ошентип өттү, бирок мен эч кейиген жокмун. Оорулуу баккан кыйын, моралдык жактан оор болгон убак болду. “Зоянын көңүлү көтөрүлүп калсын” деп эле аракет кыла берип күндөр кантип өткөнүн билбей калыптырмын. “Мени таштап кетпейсиңби?” десе, мен “сени таштап кайда барам, сенсиз дем ала албайм” десем сүйүнүп калчу. Жашоодо өйдө-төмөн болду, кээде адам чыдагыс күндөр өттү. Бирок сүйүүбүз ажалга гана жеңилди! “60 жашка чыгып өлсөм арманым жок” дей берчү, айткандай 60 жашка туш келген туулган күнүндө кыркын бердик. Каза болордо “өмүрүң узун болсун, Турусбек, мен сага аябай ыраазымын” деди. Мүнөзү башкача болчу, жан дүйнөсү, дили таза, өмүрү бирөөнү ушактабаган, интригадан алыс жан эле. Ромео, Жульеттаны театрда ойногонубуз биздин тагдырыбыз болду, биз дал ошондой түбөлүктүү сүйүштүк. Мен мындай сүйүүнү башымдан өткөргөн үчүн бактылуумун!

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
aliya-leyla
2021-12-27 11:42:07
Кандай гана мыкты эркек, ооруган аялдарды эркектер багышпайт да негизи
+4
al79mi
2021-12-27 14:48:35
Ушул айткандарыныздын 50% эле чын болгон учурда дагы Турусбек байке Аллахыбыз жана Зоя эженин арбагы ыраазы болсун сизден. Сизди экрандан коруп эле торт тарабы тугол инсан го деп ойлочумун.Омурунуздун жарымынан кобу туйшук менен отуптур. Тубу туз болсун. Уулунуздун сый урматын корунуз.
+5
Jaka1978
2021-12-27 18:42:56
Эң сонун маек куруп берипсиз, сизге Аллахым өзү ыраазы болсун
+3
Jaka1978
2021-12-27 18:44:05
Эн сонун маек болуптур
+2
mmdina2013
2021-12-28 03:36:34
Супер инфо, Зоя Токторбаеванын силерге берген маеги бар болчу. Архивден таппай жатам. Мумкун болсо шилтеме жиберип коесуздарбы? Алдын ала рахмат!
+4
№ 994, 24-30 декабрь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан